УКМК Райым Матраимовго издөө жарыялады

© Фото / Фонд имени Исмаила МатаримоваМамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, ишкер Раим Матраимов. Архив
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, ишкер Раим Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, ишкер Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганын жеке булактар кабарлады.
Маалыматта ал Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 2 жана 3-пунктулары ("Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө") боюнча айыпталып жатканы айтылган.
Атайын кызмат Матраимов тууралуу кабары барлардан 312 26-62-61, 0550 25-25-89, 0700 35-55-87 номерлери аркылуу байланышууну өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0