Эрлан Шеров баштаган дзюдочулар Франциядагы эл аралык мелдеште күч сынашат

© Photo / International Judo FederationКыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров. Архив
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
Мелдеш 2-4-февраль күндөрү Парижде өтөт.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы эл аралык мелдешке катышуу үчүн Францияга барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Спортчулар 2-4-февраль күндөрү Париж шаарында өтө турган Paris Grand Slam мелдешинде күчүн сынайт.
Команданын курамында төмөнкү спортчулар болмокчу:
Кубанычбек Айбек уулу (66 килограмм);
Чыңгызхан Сагыналиев (73 килограмм);
Асад Масабиров (81 килограмм);
Эрлан Шеров (90 килограмм).
Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Сергей Кладновдун жетекчилиги алдында катышары кошумчаланды.
Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатынан эки медалга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатынан эки медалга ээ болушту. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0