Сүлүктүдө 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эркек кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРСүлүктүдө 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эркек кармалды
Сүлүктүдө 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эркек кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Жазылуу
Окуя 14-январга караган түнү болгон.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Сүлүктү шаарында 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБ билдирди.
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, милицияга жабырлануучунун энеси кайрылып, 14-январга караган түнү кызы зордукталганын билдирген.
"Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча иш козголгон. Шектүү катары 31 жаштагы К.Т. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө", — дешти ОИИБден.
Смартфон кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
Кулак-мурду кесилген Аселге мурунку күйөөсү абактан кат жазган. Териштирүү жүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0