Эл эмгектен эскерет... Жумабек Ибраимовдун сүрөттө калган ирмемдери

Жазылуу
Бүгүн — белгилүү мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимовдун туулган күнү. Экс-премьер-министрдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги саясатчынын сүрөттөрүн сунуштайт.
Жумабек Ибраимов 1944-жылы 1-январда Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. Элетте айыл чарба техникаларынын кыймылдаткычтарын оңдогон слесардын жардамчысы болуп иштеп жүрүп, бир кесипке ээси болууну эңсейт. Жаш жигит Фрунзедеги политехникалык институтка тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган соң мугалимдикти аркалаган. Кийин Москвадагы курулуш институтунда тажрыйба топтоп келип, Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунда инженер, Балыкчыдагы ири ишканада инженер, 37 жашында ошол заводдун директору кызматына дайындалат.
1985-жылы Балыкчы шаардык элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, Коммунисттик партиянын ошол калаадагы биринчи катчысы болот. Үч жылдан кийин өлкөнүн компартиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, Чүй облустук компартиянын экинчи катчысы болуп дайындалып бир катар кызматтык тепкичтерди басып өткөн. Эгемендүүлүк жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты болуп шайланат. Иш билги инсан 90-жылдары ошол кездеги президенттин сунушу менен Бишкектин мэри, мамлекеттик катчы, мамлекет башчысынын кеңешчиси болуп жүрүп премьер-министрликке чейин жеткен. Мамлекеттик ишмер 1999-жылы 55 жашында онкологиялык оорудан улам дүйнөдөн кайткан.
© Фото / семейный архив Ибраимовых

Болочоктогу мамлекеттик ишмер Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында төрөлгөн

 Болочоктогу мамлекеттик ишмер Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында төрөлгөн - Sputnik Кыргызстан
1/13

Болочоктогу мамлекеттик ишмер Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында төрөлгөн

© Фото / семейный архив Ибраимовых

Ибраимов жогорку окуу жайды бүтүрүп келген соң бир канча ишканаларда эмгектенген

Ибраимов жогорку окуу жайды бүтүрүп келген соң бир канча ишканаларда эмгектенген - Sputnik Кыргызстан
2/13

Ибраимов жогорку окуу жайды бүтүрүп келген соң бир канча ишканаларда эмгектенген

© Фото / семейный архив Ибраимовых

Ал Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунун инженери, 37 жашында Балыкчыдагы ири ишкананын директору болгон

 Ал Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунун инженери, 37 жашында Балыкчыдагы ири ишкананын директору болгон - Sputnik Кыргызстан
3/13

Ал Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунун инженери, 37 жашында Балыкчыдагы ири ишкананын директору болгон

© Фото / семейный архив Ибраимовых

Элди артынан ээрчите алган кесипкөй жетекчи 80-жылдары Ысык-Көл облусунда иштеген

 Элди артынан ээрчите алган кесипкөй жетекчи 80-жылдары Ысык-Көл облусунда иштеген - Sputnik Кыргызстан
4/13

Элди артынан ээрчите алган кесипкөй жетекчи 80-жылдары Ысык-Көл облусунда иштеген

© Фото / семейный архив Ибраимовых

Өлкө эмгемендүүлүк алганга чейин мамлекеттик ишмер компартиянын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, Чүй облустук компартиянын экинчи катчысы болгон

Өлкө эмгемендүүлүк алганга чейин мамлекеттик ишмер компартиянын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, Чүй облустук компартиянын экинчи катчысы болгон - Sputnik Кыргызстан
5/13

Өлкө эмгемендүүлүк алганга чейин мамлекеттик ишмер компартиянын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, Чүй облустук компартиянын экинчи катчысы болгон

© Sputnik / Александр Федоров

Саясатчы СССРдин Жогорку Советинин бир жолку, КРдин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган

 Саясатчы СССРдин Жогорку Советинин бир жолку, КРдин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган - Sputnik Кыргызстан
6/13

Саясатчы СССРдин Жогорку Советинин бир жолку, КРдин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган

© Фото / семейный архив Ибраимовых

Физика-математика илимдеринин кандидаты Акаевдин көзүнө илинип анын кеңешчиси, Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, мамлекеттик катчы болгон жайы бар

Физика-математика илимдеринин кандидаты Акаевдин көзүнө илинип анын кеңешчиси, Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, мамлекеттик катчы болгон жайы бар - Sputnik Кыргызстан
7/13

Физика-математика илимдеринин кандидаты Акаевдин көзүнө илинип анын кеңешчиси, Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, мамлекеттик катчы болгон жайы бар

© Фото / семейный архив Ибраимовых

Мамлекеттик жана коомдук ишмер чет элдик кесиптештери менен

Мамлекеттик жана коомдук ишмер чет элдик кесиптештери менен - Sputnik Кыргызстан
8/13

Мамлекеттик жана коомдук ишмер чет элдик кесиптештери менен

© Sputnik / Александр Федоров

Акаев 1998-жылдын декабрь айында Жумабек Ибраимовду премьер-министрлик кызматка дайындаган

Акаев 1998-жылдын декабрь айында Жумабек Ибраимовду премьер-министрлик кызматка дайындаган - Sputnik Кыргызстан
9/13

Акаев 1998-жылдын декабрь айында Жумабек Ибраимовду премьер-министрлик кызматка дайындаган

© Фото / семейный архив Ибраимовых

Өкмөт башчы ал жылдары чет элдик иш сапарларга эл катары эконом-класс менен учкан

Өкмөт башчы ал жылдары чет элдик иш сапарларга эл катары эконом-класс менен учкан - Sputnik Кыргызстан
10/13

Өкмөт башчы ал жылдары чет элдик иш сапарларга эл катары эконом-класс менен учкан

© Фото / семейный архив Ибраимовых

Россия менен Кыргызстандын ортосунда кол коюу. Сүрөттө РФтин премьер-министри Евгений Примаков менен.

 Россия менен Кыргызстандын ортосунда кол коюу. Сүрөттө РФтин премьер-министри Евгений Примаков менен. - Sputnik Кыргызстан
11/13

Россия менен Кыргызстандын ортосунда кол коюу. Сүрөттө РФтин премьер-министри Евгений Примаков менен.

© Sputnik / Александр Федоров

Ибраимов онкологиялык илдет менен алышып жүрүп Москвада да дарыланган

Ибраимов онкологиялык илдет менен алышып жүрүп Москвада да дарыланган - Sputnik Кыргызстан
12/13

Ибраимов онкологиялык илдет менен алышып жүрүп Москвада да дарыланган

© Фото / семейный архив Ибраимовых

Кыргыздын камчыга сап уулу 55 жашында жерге берилген

Кыргыздын камчыга сап уулу 55 жашында жерге берилген - Sputnik Кыргызстан
13/13

Кыргыздын камчыга сап уулу 55 жашында жерге берилген

Тема боюнча:
Чарчап-чаалыкпаган жаратман. Табылды Эгембердиевдин жашоосунан сүрөт баян
Миңдеген адамдын дартына даба тапкан Миталип Мамытов. Нейрохирургдун сүрөттөрү
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
42 жашында өлкө башына келген. Турдакун Усубалиевди эскерген сүрөт баян
Жаңылыктар түрмөгү
0