Жыл башынан бери 1 500дөн ашык техника лизингге берилди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТалаада иштеп жаткан техника
Талаада иштеп жаткан техника  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Жазылуу
Керектөөчүлөр 318 трактор алышкан.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги өлкө аймагында жыл башынан бери 1 540 даана техника лизингге берилгенин билдирди. Анын суммасы 4 млрд. 146 млн. 125 миң 243 (4 146 125 243) сомду түзөт.
Лизингге төмөнкү техникалар берилген:
трактор – 318 даана;
комбайн – 24 даана;
кайра иштетүүчү өнөр жайы үчүн жабдуулар – 3 даана;
айыл чарба машиналары – 455 даана;
атайын техника – 619 даана;
унаа каражаттары – 2 даана;
чиркелүүчү техника – 119 даана.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Радио
Министрлик: айыл чарба техникасынын лизингин 10 млрд. сомго жеткирүү зарыл
Жаңылыктар түрмөгү
0