Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Таасири азайды". Путиндин жаңы союздаштары АКШны түйшөлтүүдө

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жана Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Заид Аль Нахайян. Архивдик сүрөт
Россиянын президенти Владимир Путин жана Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Заид Аль Нахайян. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Жазылуу
Эксперттин пикиринде, АКШнын таасиринин төмөндөшү Американы башкарып турган элитанын акыл жөндөмүнүн азайышына да байланыштуу.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россиянын Украинадагы атайын операциясы АКШнын эл аралык таасиринин азайышына жана Вашингтондун обочолонуп калышына алып келди. Бул туурасында Питтсбург университетинин профессору Дэн Коваликтин маек берип жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Менимче, АКШ обочолонуп калды. Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан тарта АКШнын дүйнөлүк алкактагы таасири азайып, ал эми Россияныкы артты деп ойлойм", — деген укук коргоочу.
Профессор БУУнун Коопсуздук кеңешинде Газа тилкесиндеги сүйлөшүүлөр боюнча добуш берүүнү далил катары келтирген. Ковалик тараптарга согуш отун өчүрүү туурасында салынган чакырыкка жалгыз АКШ каршы чыкканын айтты. Ал Жакынкы Чыгыштын мамлекеттери Штаттарды сыйлабай калганын жана келечегин Россия, Кытай менен байланыштырып жатканын белгиледи.
Укук коргоочу Жер калкынын арбын бөлүгү жайгашкан мамлекеттер Россияны колдогонуна токтолуп, Вашингтондун союздашы делген өлкөлөр чындыгында АКШнын саясатына макул эместигин кошумчалады.
Коваликтин пикиринде, АКШнын таасиринин төмөндөшү Американы башкарып турган элитанын акыл жөндөмүнүн азайышына да байланыштуу. Юрист АКШнын президенти Жозеф Байден, Мамлекеттик депратаменттин башчысы Энтони Блинкенди Владимир Путин (Россия президенти) жана Сергей Лавров (РФ ТИМ жетекчиси) менен салыштырууга болбостугун белгилеген.
"АКШ дүйнөлүк лидер катары чыга албай калганын көрсөттү, бул үчүн аларда интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр жетишпейт. Аны дүйнө жүзү деле көрүп турат", — деди Ковалик.
Путин мурдараак Москва дүйнөлүк тартипти орнотууга кадам таштап, Россиянын позициясы көптөргө жаккандыктан Батыштын Россияны четтетүү аракети ордунан чыкпай калгандыгын билдирген.
Россия президенти Владимир Путин жана Кытай лидери Си Цзиньпин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Путин менен Си Цзиньпин бир сокку менен эле АКШны жеңип алды
Жаңылыктар түрмөгү
0