Бишкектеги II Элдик курултай - Sputnik Кыргызстан

Бишкекте II Элдик курултай башталды. Тексттик трансляция

Жазылуу
Кыргызстанда эки күнгө созула турган Элдик курултай өз ишин баштады.
Иш-чара Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө. Ага өлкөнүн жети дубанынан чакырылган делегаттардан сырткары президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышып жатат.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:29 15.12.2023
Курултайдын биринчи күнү соңуна чыкты. Экинчи жыйыны эртең уланат.

Второй Народный Курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
17:05 15.12.2023
16:12 15.12.2023
14:30 15.12.2023
II Элдик курултай түштөн кийинки ишин баштады.
Второй Народный Курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:21 15.12.2023
Учурда курултайдын делегаттары саат 14:15ке чейин түшкү эс алууга чыгышты.

Второй Народный Курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:20 15.12.2023
Делегаттардын арасында мамлекеттик туунун өзгөртүлүшү туурасындагы маселени көтөргөндөр болду.
Алардын бири Садыр Жапаровдон мамлекеттик туунун өзгөрүшү позициясын так билдиришин сурады.
13:16 15.12.2023
Мамлекет башчыдан кийин Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин төрагасы Нурлан Шакиев жана Акылбек Жапаров сүйлөп, курултай ишин уланты. Алардан соң делегаттар сүйлөп, аймактык жана бир катар маселелерди көтөрүштү.

Второй Народный Курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:07 15.12.2023
Садыр Жапаров эртең курултайдын соңунда жыйынтыктоочу сөз сүйлөрүн, ага чейин өзүнө келип түшкөн кайрылуу, каттар менен таанышарын айтты.
13:04 15.12.2023
Аялдар жана балдарга жасалган зомбулук жөнүндө
"Тилекке каршы, аялдарга жана балдарга карата зомбулук дүйнөдөгү көптөгөн коомдор туш болгон көйгөй болуп баратат. Бизде, Кыргызстанда да ушундай терс көрүнүштөр бар. Бул чектен чыккан көрүнүш, кабыл алынгыс жагдай! Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам же мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголушу кажет! Эзелтен эле энени, аялзатын урматтоо кыргыз элинин өзгөчөлүгү, маданий жана социалдык нормаларынын маанилүү бөлүгү болуп келген, мындан ары дагы болуп калышы керек! Адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, улуу муунга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессияга жана ырайымсыздыкка эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес! Аларды жектөө гана болот!" – деди Садыр Жапаров.
13:01 15.12.2023
Эл ынтымагына доо кетирип, улуттар ортосундагы достукту бузчулар тууралуу
"Эл шайлаган президент катары мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде эл биримдигин бекемдөөгө, этностор аралык мамилелерди жана ынтымакты чыңдоого, диндер аралык толеранттуулукту жогорулатууга, экстремизмге бөгөт коюуга багытталган жалпы улуттук комплекстүү системаны түзүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү милдетин коюп келатам.
Бул тапшырманы бүгүн да кайталайм: эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер же кимдир бирөө элибиздин ынтымагына доо кетирсе, улуттар ортосундагы достукту бузса, өзүнүн даражасына, ээлеген кызматына карабай мамлекетибиздин алдында мыйзам чегинде катуу жоопко тартылат! Мен эч кимге Кыргызстандын элинин ынтымагына доо кетирүүгө жол бербеймин!" – деди Садыр Жапаров.
12:58 15.12.2023
Баткен — артыкчылыктуу багыт
— Баткен аймагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү – мамлекеттин артыкчылыктуу багыты. Мыйзам менен Баткенге өзгөчө статус ыйгарылган. Баткендин капиталдык курулуштарына 1,4 млрд. сом, жолдоруна 1,7 млрд. сом бөлдүк. Өнүгүүгө деп жылына 500 млн. сом бөлүп жатабыз.

Второй Народный Курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12:56 15.12.2023
"Ушул жылы 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон көмөк бердик, эмдиги жылы 20 миң үй-бүлөгө көмөк беребиз деп турабыз. Мындай кадамдарыбыз менен жакырчылыкты жоюуга багыт алдык десем жаңылышпаймын", - деди мамлекет башчы.
12:54 15.12.2023
Жапаров тышкы карыздар жана аны төлөө жаатында
"Казынабыздагы каражаттарыбыз, Кудайга шүгүр, жалаң гана өсүү темпи менен баратат. Бул көрсөткүчтөр, эң алгач, экономикалык саясатыбыздын туура, таза жана жыйынтыктуу жүргүзүлгөндүгүнөн улам жаралды. Тышкы карыз боюнча милдеттенмелерибиз бар. Ушул жылдары эң ири көлөмдөгү карыздарды төлөө убактысына туш келдик. 2030-жылга чейин ири суммадагы карыздарды төлөйбүз. Маселен, 2023-жылы – 344 млн. доллар, 2024-жылы – 400 млн. доллар, ал эми 2025-жылы – 430 млн. доллар", - деди президент.

Второй Народный Курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12:15 15.12.2023
11:56 15.12.2023
Элдик курултайда көрсөтүлгөн видео
11:42 15.12.2023
11:39 15.12.2023
"Калкыбыздын үнү угула турган жана муундан муунга өтүп келе жаткан бул институтту колдоно баштаганыбызга сыймыктанам. Элдик курултайдан мазмундуу жана конструктивдүү иштерди күтөм", - деди Жапаров.
Второй Народный Курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0