Муктар Шаханов сүйлөгөнүнө баа берген Жунай Мавлянов. Эскерүү маеги

© Фото / из семейного архива МавляновыхКыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жунай Мавлянов
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жунай Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Жазылуу
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленүүдө. Ал өмүрүн калемгерликке жана билим берүүгө арнаган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында жазуучу Жунай Мавляновдун кызы Клариса Мавлянова мейман болду. Биз залкар инсандын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
— Атаңыз кайсы айылдын кулуну, алгач маекти бала чагынан баштасаңыз?
— Ал кезде комсомолго эрте өтүү үчүн жашын бир жылга чоңойтуп коюшчу экен. Атам негизи 1924-жылы төрөлүптүр, бирок 1923-жыл деп жаздырып алган. Муну "Менин таржымалым" деген аталыштагы кол жазмаларынан окугам. Биз Жалал-Абад облусунун азыркы Аксы районундагы Кош-Дөбө айылынанбыз. Атам 7-классты бүткөндөн кийин эле мугалим болуп иштеп жүрүп, 1942-жылы өз ыктыяры менен согушка аттанат. Фронттон бутунан жарадар болуп 1944-жылы келген. Ага чейин Түркмөнстанда пулемёт атууга окуп, анан Украинанын Запорожьесинде согушта жүргөндө жаракат алат. Госпиталда дарыланып, кайтып келгенде мектебинде эле иштеп баштайт. Чыгармачылыгы ошол жылдары башталат.
— Үй-бүлөсүндө чыгармачыл адамдар болгонбу?
— Ата-энеси көп перзенттүү. Бирок туруп калганы алтоо экен: төрт уул (Темиркул, Субанкул, Жунай, Абиш), эки кыз (Каныкей, Бүзайнап). Бир туугандарынын баары эле ошол туулган айылында жашады. Чоң атабыз эрте каза болуп, аны көрбөй калдык. Чоң энебиздин тарбиясын алдык. Эсимде, чоң энебиз сүйлөгөндө да, неберелерин эркелеткенде да жамактатып айтчу. Атабызга ошол кишиден өткөндүр, бирок бир туугандарынын арасында андай жазуучулук талант жок. Балдарынан, неберелеринен деле чыкпады.
© Фото / из семейного архива МавляновыхЖазуучу Жунай Мавляновдун кызы Клариса Мавлянова
Народный писатель Кыргызстана, заслуженный учитель Кыргызской ССР Жунай Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Жазуучу Жунай Мавляновдун кызы Клариса Мавлянова
— Чыгармалары тууралуу сөз кылсак?
— Ал киши чыгармачылыгын 1948-жылы ыр жазуудан баштаган. 1960-жылы "Жүрөк" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. "Аркыт гүлдөрү", "Мөлтүр булак" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактарында туулган жер, сүйүү, эмгек, достук темасын даңазалаган. Кийин биротоло кара сөзгө өтүп "Күтүү", "Менин күндөлүгүм", "Чагылган", "Нан", "Турмуш", "Эне", "Мен жана айылдаштарым" сыяктуу аңгеме, повесттери, "Ачык асман", "Бийиктик", "Кайрымсыз жылдар" романдары жарык көргөн. Анын "Ачык асман", "Бийиктик", "Жаңы таң" романдары жана башка аңгеме, повесттери украин, беларус, татар, башкыр, якут, француз, немец, англис, чех тилдерине которулган.
"Жалгыз бутактуу арча" повести боюнча телефильм (режиссёру – Дооронбек Садырбаев) тартылган. Эсимде калганы,атамдын чыгармаларын кол жазматүрүндө окуп, машинкага терип берчүмүн. Ошол себептен эрте таанышып, чыгармаларын эрте окуп чыктым. Алгач көргөндөрүнө таасирленип согуш тематикасында көп иштеди. Анан мектептеги балдардын, мугалимдердин турмушуна кайрылды. Бир чети автобиографиялык чыгармаларга окшошуп кетет. Алардын ичинен 1970-жылы жазылган "Турмуш" повести абдан жаккан. Ал эми "Бийиктик" романын улуу агасы Темиркулга арнады. Романдын ичинде энеси Умсунайдын жана үй-бүлөсүнүн, айылдаштарынын образы чагылдырылган. Протиптери бар.
© Фото / из семейного архива МавляновыхКыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жунай Мавлянов кыргыз адабиятынын, маданиятынын өкүлдөрү менен.
Народный писатель Кыргызстана, заслуженный учитель Кыргызской ССР Жунай Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жунай Мавлянов кыргыз адабиятынын, маданиятынын өкүлдөрү менен.
— Апаңыз менен кандайча кездешип калыптыр?
— Экөө мектепте чогуу окушкан. Бала кездеги сезимдери сүйүүгө айланып, 1940-жылдары баш кошот. Биз негизи сегиз бир тууганбыз (беш кыз, үч уул). Атам неберелеринин баарын көрдү. Апабыз Алпейим бала-бакыралуу болгондон кийин күйөөсүнүн окушуна жана чыгармачылыгына зарыл шарттарды түзүп берген. Негизи үйдө атам менен апам аркылуу сүйлөшчүбүз. Сезимдери тууралуу деле айтып беришкен эмес. Ал кезде тарбия башка эле да. Экөө эрте баш кошконун билебиз. Атам улуу агаларым менен сырдаш болчу. Кийин үй-бүлөлүү болгондо да келип, кеңеш алчубуз. Апам экөө абдан ынтымактуу жашады. Бир да жолу үн көтөрүп кер-мур айтышканын уккан жокпуз. Кобурашып аябай сонун сүйлөшчү. "Экөө бир айылдан болсо, анан кичинесинен бери чогуу өсүштү. Эмне жөнүндө эле сүйлөшө беришет" деп күлүп калчубуз. Бири-биринен такыр тажачу эмес. Өзүмдүн жеке турмушумда атам менен апамды үлгү катары эсептейм. Мен мындай үй-бүлөнү көргөн жокмун.
© Фото / из семейного архива МавляновыхКыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов жана жубайы Алпейим.
Народный писатель Кыргызстана, заслуженный учитель Кыргызской ССР Жунай Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов жана жубайы Алпейим.
— Чыгармачыл адам калеминде башка, жеке турмушунда бөлөк жашоону кечирет эмеспи. Сиздерге кандай ата болду?
— 1955-жылы атамды райондун борборундагы орус-кыргыз орто мектебине директор кылып которушат. 1956-жылы ошол өзү директор болуп иштеген Таш-Дөбө орто мектебинин базасында облустук биринчи мектеп-интернат ачылат да, ага директор болуп калат. Ал учурда чоң класстын окуучуларын ээрчип эле балалыгыбыз ошол мектептердин имаратында өттү. Үйдө апама жардам берчүбүз. Апалар, туугандардын балдары, айылдагылар биздикинде көп жүрүшчү. Атам болсо абдан жумшак киши эле. Окуучуларына да жумшак мамиле жасачу. Ооруп калгандарын үйгө алып келип, апам экөө дарылачу.
Кийин 1966-жылы атам Фрунзеге которулуп (Кыргызстан Жазуучулар союзунун секретары — ред.), шаарга көчүп келдик. Келип, ошондогу жалгыз кыргыз мектеп аталган №5 гимназияда окудум. Менден улуу эжелеримдин баары экономика факультетинде окуду. Менден сураса "СССРдин элчиси болом, тил үйрөнгүм келет" дечүмүн. Ошондо атам "менин жолумду жолдоп, бирөөң филолог болбойсуңарбы" деп айткан. Кийин университеттин англис тили факультетине тапшырып, мугалим болуп калдым. Азыр атамдын ошондогу бир каалоосун орундаттым го деп ойлойм.
© Фото / из семейного архива МавляновыхКыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов кыргыз адабиятынын, кыргыз адабий сынынын дөө-шаалары менен.
Народный писатель Кыргызстана, заслуженный учитель Кыргызской ССР Жунай Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов кыргыз адабиятынын, кыргыз адабий сынынын дөө-шаалары менен.
— Жазуучулуктан тышкары атаңыздын кандай таланттары бар эле?
— Эми ал киши иш, чыгармачылык менен жүрүп башка өнөрлөрүн деле өркүндөтпөсө керек. Жайлоого барган кезде комуз менен ырдап калганын угуп калчубуз. Согуштан бутунан жаракат алган да. Өзү да "бутум соо болсо стадиондон чыкпайт элем. Чуркап, спортчу болмокмун" деп калчу. Өзүбүз Бишкекте "Спартак" стадионунун жанында жашачубуз. Эртең менен кечинде бир сааттан жөө басчу. Ден соолугу чың болгон. Бир жолу да ооруп жатып калганы эсимде жок.
— Жунай Мавлянов кайсы бир жыйында сөз сүйлөп жатканда суктанган Муктар Шаханов "ушул аксакалыңарды бизге бербейсиңерби" дегенин Казат Акматов эскериптир…
— Чыңгыз Айтматов менен Муктар Шаханов жакшы достордон эмес беле. Атам эшиктеги отургучта далай кишилер менен баарлашып калды. Казат Акматов аркылуу Чыңгыз Айтматов, Муктар Шаханов менен да жакындан таанышып, жакшы мамиледе болушкан. Башка акын-жазуучулар менен да дурусмамиледе эле. Атам өзгөчө согушка барган Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, сүрөтчү Күлчоро Керимбеков менен өтө жакын сүйлөшчү.
© Фото / из семейного архива МавляновыхКыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жунай Мавлянов калемдештери жана замандаштары менен.
Народный писатель Кыргызстана, заслуженный учитель Кыргызской ССР Жунай Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жунай Мавлянов калемдештери жана замандаштары менен.
— Өмүрүн билим берүүгө жана чыгармачылыкка арнаган инсандын өкүтү болдубу?
— Өкүтү болду деп деле айта албайм. Кийин гезитте иштегенде да жаштарды тарбиялап жүрдү. Студенттер, окуучулар менен жолукчу. Бош убактысында коомдук иштерге активдүү катышты. Бекерчиликти билген жок. Атам эмнегедир совет доору кулагандан кийин көркөм чыгармаларды жазган жок. Себебин билбейм. Бирок документалуу публицистикалары жарыяланып турду.
— Атаңыздын эмгегин эскерүүчү иштер аткарылып жатабы?
— Ооба, ысымы Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине коюлган. Ошондой эле Аксы районунун Кербен шаарындагы лицей-интернатка да аты берилген. Мектептин ичинде музей бар. Ал жерге атамдын колдонгон буюмдары, китептери, сүрөттөрү коюлган. Учурда Жунай Мавлянов атындагы мектеп-интернаттын эскилиги жетип, жаңыртууга муктаж болуп жатканын мугалимдер айтууда.
КР эл артисти, Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамынын ээси, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат жана залкар инсандын уулу, режиссёр Мирлан Абдыкалыков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Атамдан бир да жолу мактоо сөз уккан жокмун. Мирлан Абдыкалыковдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0