Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Хроленко: АКШ менен НАТО Россия менен болгон прокси-согушта жеңилди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЗапорожье багытында "Бук" зениттик-ракеталык комплекси
Запорожье багытында Бук зениттик-ракеталык комплекси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Жазылуу
Эксперт учурда өндүрүлүп жаткан снаряддар Украина куралдуу күчтөрү үчүн күнүнө керек болгон 5 миңдин үчтөн бир гана бөлүгү экенин белгиледи.
БИШКЕК, 19-ноя. – Sputnik. АКШ менен НАТО Россия менен болгон прокси-согушта жеңилди. Бул тууралуу аскердик эксперт Александр Хроленко Sputnik Ближнее зарубежьеге курган маегинде айтты.
Адис белгилегендей, аскердик аракеттердин биринчи жылында Украинанын куралдуу күчтөрү 155 миллиметрлик калибрдеги 3 миллиондон ашык артиллериялык снаряддарды коротту.
“Мунун баарын өндүрүүгө АКШ менен НАТОго 10 жылдай убакыт керек болгон. Украинанын куралдуу күчтөрү АКШ жана НАТОнун колдоосу менен согуштук аракеттерди ушундай эле темпте мындан ары уланта албайт. АКШ бул конфликтини айына 14 миң снаряд өндүрүү менен баштаган. Азыр 24 миңге чейин өстүрүштү, 2025-жылы айына 70 миң өндүрүүнү пландашууда, башкача айтканда, бир жылда 300 миңге жакын болот. Болжол боюнча ушундай эле көлөмдү бүгүнкү күндө Европа биримдиги өндүрүүдө”, - деди Хроленко.
Эксперттин айтымында, АКШ менен НАТОнун жүз миллиондогон евро же долларлык аскердик өнөр жай комплекстеринин кубаттуулугуна карабастан Украина Куралдуу күчтөрү үчүн өндүрүлгөн снаряддар жетишсиз.
“Учурда өндүрүлүп жаткандар – Украина куралдуу күчтөрү үчүн күнүнө керек болгон 5 миң снаряддын үчтөн бир гана бөлүгү. Россиянын куралдуу күчтөрү күнүнө 25-30 миң снаряд сарптап жатат”, - деди ал.
Хроленко артиллерия жоокерлер менен аскердик техниканы жок кылуунун 80 пайызын камсыздай турганын кошумчалады.
Россиянын аскер кызматкерлери атайын операция учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Авдеев, Купянск... Эксперт кармаштын катуу жүргөн жерлери боюнча айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0