Заседание Совета МПА СНГ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтөт. 2023-жылы Кыргызстан шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылууда. Иш-чаранын негизги темасы — орус тилинин КМШдагы улуттар аралык баарлашуу тили катары ролу.

Кыргыз парламенти 85 жылда кантип өзгөрдү? Кызыктуу тарыхый фактылар

© Sputnik / Александр ФедоровКыргызстандагы “легендарлуу парламенттин” жыйыны. 1991 жылы
Кыргызстандагы “легендарлуу парламенттин” жыйыны. 1991 жылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
Бүгүн кыргыз парламентинин 85 жылдыгы белгиленүүдө. 1938-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи отуруму болуп парламентаризмге чыйыр салынган.
Бул тарыхый датага утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги мыйзам чыгарган эл өкүлдөрү андан бери кандай өзгөргөндүгүнө кызыгып көрдү.
Эл ичинен чыккан депутаттар. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи чакырылышынын депутаттары 1938-жылы шайланып, 284 депутат алгачкы отурумун өткөргөн. Алар мажоритардык система менен тандалып келген. Тагыраагы, жергиликтүү эл өздөрүнүн талапкерлерин сунуштаган. Ал маалда мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө органында иштейм дегендердин арасында калк ичинде кадыр-баркка ээ болгон саанчы, малчы жана шахтёрлор болгон. Мисалга Социалисттик эмгектин баатырлары, кызылчачы Зууракан Кайназарова менен Керимбүбү Шопокова бир нече чакырылыштын депутаты болуп шайланган. Жаш республиканын Жогорку Совети мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө укуктарына ээ болуп, өкмөттүн курамын да бекиткен. Эң биринчи чакырылыш Улуу Ата Мекендик согуштан улам 1946-жылга чейин иштеген.
Ар тармактан чогулган. Союз маалындагы бир палаталуу Жогорку Советтин депутаттарынын кийинки чакырылыштары ар төрт жыл сайын шайланган. Эл өкүлдөрүнүн жалпы курамына дагы талаптар болгон. Мисалы, алардын үчтөн бир бөлүгү аялдар, төрттөн бир бөлүгү интеллигенция өкүлдөрү жана 40 пайызы жумушчулардан турган. Бул квотанын негизинде Жогорку Советтин депутаттары ар кайсы тармактардан жана калктын түрдүү катмарынан чогулган. Азыр болсо парламенттин 15 пайыздан көбү жаштар, 70 пайыздан көбү бир жыныстын өкүлдөрү болбошу керек.
Депутаттардын саны 350гө чейин жеткен. 70-жылдары алардын саны 350гө чейин жетип, беш жыл иштеген. Учурдагы Жогорку Кеңеш 90 депутаттан куралып, алардын 36сы бир мандаттуу округдардан шайланса, калганы партиялык тизме менен келген. Партиялык тизмедеги талапкерлердин ар бир төртүнчүсү аял киши болушу шарт. Андан сырткары, партиянын алдыңкы 25 талапкеринин катарында жок дегенде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эки адам, 35 жашка чейинки курактагы үч талапкер, дагы үч адам башка этностун өкүлү болушу керек.
Первые годы независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Кубанычы менен муңу аралаш 32 жыл. Эгемен Кыргызстандын тарыхый сүрөттөрү
Депутаттардын жоопкерчилиги. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттары кылмыш жоопкерчилигине жана административдик айыпка өлкөнүн Жогорку Советинин макулдугу менен гана тартылган. Азыр деле эл өкүлдөрү оор кылмышка шектелгенде аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Жогорку Кеңештин уруксаты талап кылынат.
Айлык түшүнө кирбеген эл өкүлдөрү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарына айлык маяна, кызматтык автоунаа, батир берилген эмес. Ошондой эле эл өкүлдөрүнүн жардамчылары дагы жок болгон. Мындай шарт менен эл өкүлдөрү союз тарагандан кийин 1994-жылдын сентябрына чейин иштеген.
Өлкө тагдырын чечкен чакырылыш. Союз тарай электе шайланган Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин XII чакырылышы тарыхта "легендарлуу парламент" аталып калды. Ал курамда койчу, саанчыдан тарта илимпоз, маданият өкүлдөрүнө чейин болгон. Алар Аскар Акаевди президент кылып шайлап, "КРдин көз карандысыздыгы жөнүндөгү" декларациясын, улуттук валютаны, жаңы конституцияны кабыл алып, мамлекеттик гимн, герб, желекти бекитип беришкен. 90-жылдардын башында республиканы мыйзам талаасында кармап, саясий жараяндарга активдүү катышкан. Алардын азыркыдай иштегенге кабинети, жардамчысы да болгон эмес. Айлыкты спикер менен анын орун басары гана алган. Ал парламент 1995-жылга чейин иштемек, бирок 1994-жылы өзүн-өзү таратууга аргасыз болгон. Баса, алар тарыхта президентти шайлаган жападан жалгыз парламент болуп калды.
Эки палаталуу парламент. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышы 1995-жылы шайланып, 105 депутат менен эки палаталуу болгон. Мыйзам чыгаруу жыйыны 35, Эл өкүлдөр жыйыны 70 депутаттан куралган. Биринчиси мыйзам чыгаруу менен гана алектенип, экинчиси конституциялык, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртө турган мыйзамдарды бекиткен. Мамлекет Мыйзам чыгаруу жыйынындагыларга жашаганга үй берип, эки депутатка бир "Волга" бекиткен. Ал эми Эл өкүлдөрү жыйынындагы 70 депутат андан кур калган. 2000-жылга чейин иштеген парламент менчиктештирүү жараянына уруксат берген. 2000-жылы парламентке келген экинчи чакырылыш да эки палаталуу болуп, 105 депутаттан турган. Мыйзам чыгаргандарга казынадан автоунаа, батир, эс алганы Ысык-Көлгө жолдомо берилип турчу. Кээде өз токтомдору менен ыңгайына карап айлыктарын эки эселеп жогорулатып алышчу. Ал эми Эл өкүлдөр жыйынындагыларга үй, автоунаа берилбегендиктен сессияга катышуу үчүн аймактардан келгенде мейманканада же тууган-туушкандарында түнөчү. Кээде алардын аймактардан келип-кетүүсү үчүн билеттер сатып алынып турган. Ал чакырылыштын ишмердүүлүгү 2005-жылдын март айына чейин уланган.
ЖККУ желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
ЖККУга бел болгон "Кант" авиабазасы. Аскердик объектинин түптөлүү тарыхы
Президент менен тирешкен парламент. Жогорку Кеңештин 2005-жылкы үчүнчү чакырылышы кайра бир палаталуу болгон. 75 депутаттан турган Жогорку Кеңеш мөөнөтүнүн аягына чейин иштей алган эмес. Алар Курманбек Бакиев менен тирешип, 2007-жылдын октябрь айында мөөнөтүнөн мурда таркаган. Үч жылга жетпеген убакыт аралыгында ал чакырылыштагы Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев, Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болгон. Жогорку Кеңештин IV чакырылышы 2007-жылы партиялык тизме аркылуу шайланып, парламентке Бакиевдин "Ак жол", Атамбаевдин КСДП жана Кыргызстандын коммунисттер партиясы өткөн. Ал чакырылыштын ар бир депутатына 19 миң долларлык Toyota Camry автоунаасы сатып берилип, эл өкүлдөрүн бирден жардамчы, консультант коштоп жүргөн.
Ыйгарым укуктары кенен парламент. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кыргызстан парламенттик-президенттик башкарууга өтүп, Жогорку Кеңеш партиялардын тизмеси менен келген 120 депутаттан турган. V чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктары арбын болгондуктан беш жылда беш премьер-министрди иштен алып, өкмөт курамы эки жолу толугу менен өзгөрткөн. Ал эми 2015-жылы келген VI чакырылыш саясий окуялардан улам өз ишмердүүлүгүн алты жылдан ашык улантты. Ал парламент Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров менен да иштешип, Баш мыйзамды эки жолу өзгөрткөнгө үлгүрдү.
Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында иштеген "легендарлуу парламенттен" баштап Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы Конституцияны 10 жолу өзгөртүп, 30га чукул өкмөт башчысын алмаштырганга жетишкен. Учурдагы Жогорку Кеңештин VII чакырылышы болсо, мурдагы кесиптештериндей өкмөттүн курамын түзө албайт. Депутаттар 25-30 миң сом айлык алып, айрымдары кызматтык автоунааларда жүрөт.
Кумтор. Наследие - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Кумтөр 30 жыл мурун кантип иштетиле баштаган? Тарых барактары
Жаңылыктар түрмөгү
0