Кумтөр 30 жыл мурун кантип иштетиле баштаган?
Тарых барактары
Кумтөр 30 жыл мурун кантип иштетиле баштаган?
Тарых барактары
Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттик архивдеги айрым кагаздарды карап чыгып, өлкө тарыхындагы урунттуу окуяларды кеңири баяндап, ага күбөлөрдүн үнүн кошот.

Жакында өкмөт Кумтөр кени толугу менен республиканын менчигине өткөнүн жар салды. Узакка созулган соттук иштердин жыйынтыгында "Кумтөр голд компани" жана "Кумтөр оперейтинг компани" компанияларынын 100 пайыздык акциялары Кыргызстандын менчигине өттү. Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн кылымдын токсонунчу жылдары өлкөдөгү эң ири алтын кенин иштетүүгө аракет кылган инвесторлордун, бийликтегилердин алешемдигин архивдик кагаздар, күбөлөрдүн эскерүүлөрү менен кеңири айтып берет.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кумтөр алтын кенин советтик геологдор 1978-жылы таап, 1989-жылы аны өздөштүрүү долбоору түзүлгөн. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин республикадагы эң ири жана алтын кору арбын делген кенди Кыргызстан чет элдик инвесторлор менен иштетүүгө бел байлаган эле.
Ошол кездеги президент Аскар Акаев "Сиабеко-Кыргызстан" мамлекеттик-жеке корпорациясын түзүү жөнүндө жарлык чыгарып, жетекчилигине Seabeco компаниясын түптөгөн ишкер Борис Бирштейнди дайындайт. Ал жылдары уран казган канадалык Cameco Corporation ("Камеко") ишканасы "Сиабеконун" ортомчулугу менен Кумтөрдү иштетүүгө укук алганга аракет кылып, аларга өлкө башчысы менен өкмөт кол кабыш кылган. Жоон топко ошол кездеги "легендарлуу парламенттин" депутаттары каршы чыккан. Жогорку Кеңеште Кумтөр кенине байланыштуу кол коюлган документтерди иликтөө боюнча туруктуу комиссия түзүлүп, курамына депутаттардан Шергазы Мамбетов, Турдакун Усубалиев, Кубанычбек Идинов, Рамазан Дырылдаев, Бейше Молдогазиев, Жамал Ташибекова кирген. Алар 1993-жылы 20-апрелден 25-майга чейин иштеп, 30-июнда ошол кездеги Жогорку Кеңешке, өкмөткө сунуштарын берип, "Камеко" менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну тез арада жокко чыгаруу керектигин айтып чыккан. Эл өкүлдөрү генералдык макулдашууну, концессиялык келишимди, башка кагаздарды иликтеген.
Ага ылайык, Кумтөр кенин иштетүү укугуна ээ болгон канадалык "Камеко" 45 миллион АКШ долларын концессия (инвестор мамлекеттин карамагындагы кыймылсыз мүлктү кайтарымдуу негизде иштетүү үчүн төлөнө турган акча — ред.) катары төлөмөк. Бирок ал каражаттар техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга жана компаниянын өзүнүн муктаждыгына жумшалмак. Эл аралык тажрыйба боюнча ал акча өлкө казынасына түшүшү керек дешкен депутаттар. Концессиялык келишим 2042-жылга чейин түзүлгөн.

Документтерде "Камеко" жана ага тектеш компанияларга, ошондой эле чет өлкөлүк подрядчылардын өкүлдөрүнө 2003-жылга чейин салык же кандайдыр бир жыйым алынбайт (жер ижарасынан тышкары) деп жазылган. Ошол эле маалда чет элдик инвесторлор Ысык-Көлдү өнүктүрүүгө бир миллион доллар бермек эле. Ага карабай Жогорку Кеңештегилердин келишимге ичи чыккан эмес. Анткени Кыргызстан менен "Камеконун" ортосунда түзүлгөн "Кумтөр голд компани" жабык акционердик (КГК) коому алтындан башка платина, палладий өңдүү баалуу металлдарды ээн-эркин казмак.
"Бардык түзүлгөн келишимдерге ылайык, "Кумтөр голд компани" алтындан башка баалуу заттарды каалаган көлөмдө казып ала алат. Эч бир жерде, эч бир документте ал жакта аныкталган баалуу металлдар жазылган эмес. Концессиялык тилкеде 102 тонна платина, 247 тонна палладийдин кору көрсөтүлгөн эмес. Ал платинанын баасы бир миллиард 290 миллион АКШ доллары, палладийдин жалпы баасы 968 миллион АКШ доллар болот", — деп жазылган комиссиянын корутундусунда.
Андан сырткары, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгын тоноо жолу менен тараткандарга коомчулуктун, депутаттык корпустун көңүлүн бурдуруп, Кумтөр кени боюнча келишим түзүүнү тыкыр иликтеп чыгуу зарылчылыгын айтып коңгуроо каккан.
Ошол эле күнү алар Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкуловго, премьер-министр Турсунбек Чыңгышевге, депутаттарга Москва шаарындагы Экономикалык жана социалдык реформа эл аралык фондунун аталган келишимдер боюнча беш барактан турган корутундусун жөнөткөн. Эл аралык уюм кыргыз тарапка 29 жыл мурун төмөндөгү сунуштарды берген:
1
Кумтөр кенин иштетүү үчүн "Кумтөр голд компани", "Кумтөр маунтин Корпорейшен", "Кумтөр оперейтинг компани" ишканалар тобу түзүлүп, аларды аткаруучу комитет көзөмөлдөйт. Бул компаниялардын аркасы менен өндүрүштүк ишти уюштуруу жана башкаруу эч бир шек жаратпайт, бирок алардын негиздөөчүлүк документтерин карап чыксак аткарган иштери боюнча бири-бирин кайталайт жана айрым функциялар боюнча бири-бири менен байланышпайт. Ошол эле маалда макулдашууда аталган компаниялардагы абалга кыргыз тарап эч таасир эте албайт. Себеби маанилүү чечимдерди "Камеко" тарап кабыл алат деп жазылган;
2
документтерде инвестициянын көлөмү ар түрдүү көрсөтүлгөн, айрымдары генералдык макулдашууда жазылган эмес;
3
эч бир документте концессиялык мүлктү баалоо жок;
4
техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга кыргыз тарап, көз карандысыз эксперттер кирген эмес;
5
тараптардын дивиденддерди бөлүштүрүү шарты каралбаган. Өндүрүш менен алектенген компаниянын жоопкерчилиги, долбоорду башкаруунун майда-баратына чейин жазылган эмес. Ошондуктан кыргыз тарап оор зыян алып келе турган жагдайларды карап чыгышы керек;
6
эгер кыргыз тарап Кумтөр боюнча макулдашууну кайра талкуулай турган болсо, анда тараптардын катышуусу менен көз карандысыз адистерди жалдап, техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу зарыл. Алардын корутундусунан кийин гана биргеликте иш алып баруучунун уюштуруучулук-укуктук формасын тактоо керек;
7
кабыл алынган макулдашууну четке какпай, аны концепция катары кабыл алып долбоордун баасы, аткарыла турчу иштин мөөнөтү, чыгымы (салымдар), кирешелерди бөлүштүрүү маселелерин тактоо зарыл;
8
чечимдерди кабыл алууда тараптардын тең укуктуу болуусу үчүн кыргыз жактын ролун жогорулатуу керек.
Депутаттар Кумтөр кенинде казыла турчу алтындан башка баалуу металлдарды да эске алып, анын корун техникалык-экономикалык негиздемеге кошууну талап кылган. Анткени союз учурунда жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоонун маалыматы боюнча, Кумтөрдөн казылган бир тонна рудада 1,06 грамм платина, 2,46 грамм палладий бар делген. Ошондой эле республикадагы эң ири кенди иштетүүнү каалаган компаниялар арасында ачык сынак өткөрүүнү талап кылган.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Турдакун Усубалиевдин сүйлөгөн сөзү стенограммадан алынды.
Турдакун Усубалиев
"Өкмөт биздин кен байлыктарга парламенттин макулдугусуз монополист боло албайт. Анан Жогорку Кеңештин президиумунун макулдугу менен гана чет элдик компаниялар менен мындай келишимдерди түзө алат... Башында "Сиабеко" Макмалга 22,5 миллион доллар салабыз деп сөз берген, бир жарым жылда бир да цент салышкан жок. Турсунбек Чыңгышевич, ушул маселе боюнча бир ойлонуп көрсөңүз. Экинчиден, биздин комиссиянын "Камеко" менен түзүлгөн макулдашуу байлыгыбызды тоногон келишимдер деп чыгарган тыянагыбызга сиз таарынбаңыз. Анткени чындыгында эле алар элдин байлыгын тоногон документтер болуп жатат. Медеткан Шеримкулович, мына мен бир эле мисал келтире кетейин, азыр Япония, Америка өңдүү өнүккөн мамлекеттерде унаадан чыккан уулуу түтүндөрдү азайтуу үчүн палладийден катализаторлорду иштеп чыгып, орнотуп жатышат. А биздин келишимдерде палладий боюнча бир да сөз жок. Кезинде изилдеген москвалык адистердин маалыматы боюнча, ал жакта 247 тонна палладий бар. Эми эсептеп көрөлү, азыр алтындын бир граммынын дүйнөлүк орточо баасы 11,5 доллар болсо, палладий үч доллар турат. Эми ошол "белекти" эмнеге, эмнеси үчүн "Камекого" берип жатабыз", — деген Усубалиев.
Бирок өкмөт башчы Турсунбек Чыңгышев депутаттык комиссиянын документтери өкмөткө келбегенин айтып, аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу органы кызыл чеке талашка түшкөн.
Ал эми Тогуз-Торо районунан шайланган депутат Абийбилла Мойдунов келишимдерди кайра карап чыгуу зарылчылыгын белгилеген.
Абийбилла Мойдунов
"Бул (өкмөт — ред.) биздин элчибиз. Келечекте биз алтыныбызды алдырып жиберсек эмне дейт кийинки муун? Баягы Чыңгышев жетекчи болуп турган учурда Мойдуновго окшогон парламент мүчөлөрү сүйлөптүр, ушулар элдин баарын жакырчылыкка алып келиптир, ушул шүмшүктөр деп да айтышы мүмкүн. Келгиле, азыр ошол сөздөрдү токтотуп, тирешпей эле, саясий оюн деп кобурашпай эле татынакай оңдоп коелу. Тирешип отургандын кажети жок, кайра карап чыгалы", — деген Мойдунов.
Ошентип алардын үнүн уккан ошол кездеги спикер Медеткан Шеримкулов өкмөткө бир айдын ичинде "Камеко" менен түзүлгөн генералдык макулдашуу жана концессиялык келишимди жокко чыгаруу маселесин карап чыгууну, ачык конкурс жарыялап Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясына Кумтөрдү иштетүүгө ылайыктуу жаңы компанияны алып келүүнү, канадалык компания менен түзүлгөн документтер боюнча укук коргоо органдарына иликтөөнү табыштаган.
Ошол чакырылыштагы парламенттин депутаты Жамин Акималиев Кумтөрдүн айынан президент Акаев менен эл өкүлдөрүнүн ортосунда тиреш башталганын айтат.
Жамин Акималиев
"Акаев 1994-жылга чейин жаман иштеген жок. Себеби анын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн парламент болгон. Президент Кумтөр маселесин көтөргөндө эле парламент каршы болгон. Шарттар Кыргызстандын пайдасына эмес, Кумтөрдүн эсебинен айрым адамдардын байыгысы келгени айдан ачык болуп тургандыктан макул болгон жокпуз. Биз келишим туура эмес түзүлгөнүн жана биздин кызыкчылыктарга жооп бербей турганын айтканбыз. Ошондо Акаев өжөрлөнүп эле туруп алган. Балким акчасын алып алгандыр, ким билет? Ошонун айланасындагы талаштан улам өкмөт кризиске кептелген", — деди Акималиев.
Ал жылдары өлкөнүн экономикасы оор абалда болгондуктан Кумтөр, Жер-Үй, Талды-Суу сыяктуу алтын кендерди иштетүү аракеттери болуп, өкмөт чет элдик инвесторлорду күткөн. 1985-жылы жаңы курулган Кара-Балта тоо-кен комбинатын толук кандуу иштетип, ал жактан ири көлөмдөгү руда, концентраттардан баалуу металлдарды ылгап алуу аракеттери жөнүндө сөздөр айтылган. Бирок бардык маселе келип каржыга такалган.
Легендарлуу парламенттин депутаты, алтын боюнча комиссиянын мүчөсү Кубанычбек Идинов ошол күндөрдү мындайча эскерет:
Кубанычбек Идинов
"1992-жылы Макмалдан эки тонна алтын жок болуп кеткенде депутаттык комиссия түзүлгөн. Иликтей келгенде алтынды Бирштейндин учагы менен Канада чыгарып кеткени аныкталган. Ал алтын Швейцарияга, андан ары Американын банкына күрөө катары которулганы далилденген. Ошол кезде депутаттар арасынын президентке импичмент жарылайбыз деп да чыккандар болгон. Биз алтынды ары-бери ташытпай, акчасын өлкө казынасына салдыртканбыз. Андан соң канадалыктардын Кумтөрдү иштетиши боюнча комиссия өз ишин улантып, атайын Россия, Түркиядан адистерди жардамга чакырганбыз. Эгер биз иликтебегенде, кол коюлган ал документтердин эч нерсеси билинбей калмак. Комиссия мүчөлөрү инвесторлор менен чогуу отуруп түшкөн кирешенин 70 пайызын Кыргызстан, 30 пайызын "Камеко" алат деп сүйлөшкөнбүз. Бирок кийин өкмөт аны 67/33 кылып салыптыр".
Парламент алтын маселесин көтөрүп чуу салган соң премьер-министр Турсунбек Чыңгышев кызматынан кетип, анын ордуна эл өкүлдөрү Апас Жумагуловду бекиткен. Бирок анда дагы Кумтөрдүн айласындагы талаш-тартыш жогорку трибунада токтогон эмес. ЖК депутаттары өкмөттөн кенди иштетүүгө байланыштуу документтерди сураган. Жумагулов Кумтөр долбоору алты том – миң беттей кагаз экендигин айтып, конфиденциалдуу документти жыйынга катышкандарга тарткатуу туура эмес экендигин айткан.
Апас Жумагулов
"Ал (долбоор — ред.) бүгүнкү учурдун талабына жооп берет. Биз өзүбүз менен гана кеңешпестен, көп жылдар бою ушул иш менен иштеген ишканаларга, кошуна Казакстан, Өзбекстандын адистерине чыктык. Мен сиздерди ишендирип кетейин, ал Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берет. Таза түшкөн кирешенин 550 миллиондою — биздин киреше. "Камеконуку" болгону — 170", — деп Жумагулов эл өкүлдөрүн ишендирген.
Ошентип Жогорку Кеңеш соңунда алтын кенин иштетүүгө байланыштуу чечимдерди кабыл алуу милдетин толугу менен өкмөткө табыштаган. 1994-жылы Кумтөрдө кен казуучу фабриканын курулушу башталып, 1997-жылы коммерциялык өндүрүш старт алган.
Кийин ондогон жыл өткөн соң укук коргоо органдары "Кумтөр" долбоору боюнча 1992-2009-жылдардын аралыгында "Камеко" жана Centerra Gold Inc менен кызматташууда Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы аракеттер болгондугун аныктаган.

Өлкөдөгү эң ири алтын кендин тагдыры кийин кантип уланганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин лонгридинен окусаңыз болот.

Журналист
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы:
Борбордук мамлекеттик архив, Юстиция министрлигинин базасы,
эскерүүлөр, ачык булактар

Фото
Материалга айрым иллюстративдик сүрөттөр колдонулду.
Мамлекеттик кинофонофотодокументтер борбордук архиви, Александр Федоров

Дизайнер
Тьерри Махасуру
Жаңылыктар түрмөгү
0