ЖККУга бел болгон "Кант" авиабазасы

Аскердик объектинин түптөлүү тарыхы

ЖККУга бел болгон "Кант" авиабазасы

Аскердик объектинин түптөлүү тарыхы
Мындан 20 жыл мурун октябрь айында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун авиациялык базасы өлкө аймагында салтанаттуу ачылып, өз ишин баштаган. Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун аркасында иштеп келе жаткан аскер бөлүгү жөнүндө Sputnik агенттиги баяндайт.

Мезгилдин чакырыктары, коркунучтар

Мезгилдин чакырыктары, коркунучтар

Жамааттык коопсуздук келишим уюму 1992-жылы 15-майда түзүлүп, ага Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирген. Аталган уюмга мүчө мамлекеттер тышкы коркунучтарга бирге каршы турууну макулдашып, кийинки жылы ал уюмга Азербайжан, Грузия, Беларусь кошулат. 1999-жылы Өзбекстан, Азербайжан, Грузия кайра чыгып кетет. 2006-жылы коңшу Өзбекстан мүчө болуп, алты жылдан кийин мүчөлүгүн токтоткон. Андан бери аймакта түрдүү окуялар болуп, Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук маселеси күн тартибине чыккан.

Алсак, 1999 жана 2000-жылдары Баткен облусуна Өзбекстан ислам кыймылынын ондогон согушкери кирип Кыргызстандын бүтүндүгүнө коркунуч жараткан. Чек араны бузуп кирген террорчуларды жок кылууда аскердик техниканын түрү колдонулган.
Ал окуя Кыргыз армиясынын дараметин сынап, жетекчилер үчүн чоң сабак болгон. Каргашада 54 кыргызстандык набыт болуп, кеминде 64 согушкер жок кылынган.
Андан соң 2002-жылы "Дордой" базарында чоң теракт катталып, жарылуудан тогуз адам каза болуп, 50дөй адам оор жаракат алган. Укук коргоо кызматкерлери аны уюштурган деп ошол эле Өзбекстан ислам кыймылынын бир мүчөсүн Бишкектен, экинчисин коңшу республикадан колго түшүргөн.

Алгачкы аракеттер, кубанган президенттер

Алгачкы аракеттер, кубанган президенттер

Мындай окуялар, экстремизм, террорчулукка каршы туруу, мамлекеттик чек араны бекемдөө маселелери өлкө жетекчилерин тынчсыздандырбай койгон эмес. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары кеңешип, Кыргызстанда ЖККУнун ыкчам аскердик түзүмдөрүн уюштуруу чечими кабыл алынат.
Аскердик-саясий кызматташуунун негизинде Кыргызстанда Россиянын авиациялык базасын ачуу аракеттери 2003-жылы башталат. Москвада сентябрь айында эки өлкөнүн ортосунда Кант шаарына келе турган россиялык авиабазанын статусу жана келүүнүн шарттары жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Ал документ 15 жылга кабыл алынып, андан соң ар беш жыл сайын узартылмак.

Күзгө маал россиялык аскерлер өз техникасы менен Кант шаарынын четинен орун-очок алган. Ал окуя пенсиядагы учкуч Жумабек Исаковдун күнү бүгүнкүдөй эсинде.
"Авиабаза 2003-жылы 23-октябрда ачылган. Биз ачылышына үч күн калганда биринчилерден болуп 72 адамдан турган өздүк курам менен келгенбиз. Калгандары артыбыздан келген. Бизди канттыктар аябай жакшы тосуп алышып, авиабазанын ачылышын жакшы кабыл алган. Кийин россиялык аскер кызматкерлеринин бул жакта өз катыштары пайда болуп, кызматы бүткөндө Кыргызстандан кеткиси келбеген учурлар болгон", — деп эскерет Исаков.
Иш-чарага ошол кездеги президент Аскар Акаев менен Россиянын башчысы Владимир Путин катышкан. Анда Кыргызстандын туңгуч президенти меймандарды кучак жая тосуп, жаңы авиабазанын маанилүүлүгүн баса белгилеген.
"Бүгүндөн баштап Ала-Тоо жергесинин бул бөлүгү жаңы багытта иштей баштайт. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында "Кант" авиабазасы аймактык коопсуздук системасынын ажырагыс бир бөлүгүнө айланат", — деген Акаев.
РФ президенти Владимир Путин жана россиялык жетекчилердин Бишкекке келишин көптөгөн ЖМКлар жазып, стратегиялык өнөктөштөрдүн бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулары өткөн.

Учактын түрлөрү алып келинген

Учактын түрлөрү алып келинген

Авиациялык база союз маалында көптөгөн чет элдик жана жергиликтүү учкучтарды даярдаган авиациялык окуу жайдын ордунда дислокацияланып, россиялыктар анын аэродромун пайдалана баштаган. Анда Россия тарап аталган аскердик бөлүктү калыбына келтирүүгө 70 миллиондой рубль сарптаган.
Аскердик техника, истребитель, тик учактары менен кыргыз жерине келген ондогон аскер кызматкери үй-бүлөсү, бала-бакырасы менен кыргыз жерин байыр алып кызмат өтөгөн. Мунун аркасында жергиликтүүлөр үчүн жаңы жумуш орундар түзүлүп, россиялык жоокерлер канттыктар менен эриш-аркак күн көрө баштаган.
Кыргызстандын ошол кездеги коргоо министри Эсен Топоев журналисттерге авиабаза сырткы коркунучтардан сактоого өбөлгө боло турганын айткан.
"Бизге Россия жана ЖККУга мүчө-мамлекеттер менен кызматташуу сырткы коркунучтар жана эл аралык террордук уюмдардын чакырыктары менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыздайт. Ушундай конструктивдүү алака жамааттык жана аймактык коопсуздук үчүн ишеничтүү системаны түзүүгө багытталган. Россия бизге дайыма алгылыктуу аскердик-техникалык колдоо көргөзүп, офицердик курамды даярдоодо жардамдашып келет", — деген Топоев.
Авиабазанын алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин, анын ичинде Борбор Азия республикаларынын аба коопсуздугун камсыздоо милдети турган. Зарыл болгон учурда алар уюмга мүчө-мамлекеттердин аскердик түзүмдөрүнө абадан колдоо көргөзмөк.

Тыгыз кызматташкан аскер жетекчилери

Тыгыз кызматташкан аскер жетекчилери

Азыр "Кант" авиабазасы түрдүү кооптуу кырдаал, аскердик машыгуу учурунда КР Куралдуу күчтөрүнүн түзүмдөрү, укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташып иштешет.

Учкуч Азиз Сайфуддинов кезинде Афганстан, Тоолуу Карабахта болуп, Баткен окуясына да катышып далай окуяларды башынан өткөргөн. Эрдик медалынын ээси азыр да учак башкарып, россиялык кесиптештери менен иштешип келет.

Анын айтымында, "Кант" авиабазасы Кыргызстандын түштүк чек арасын учак менен коргоого кол кабыш кылат.
"Убагында Кыргызстанда союздан калган учактын түрлөрү бар болчу. Бирок алар кийин каралбай иштен чыгып, учууга жараксыз болуп калган. Ошентип биздин аскердик авиация бир топ эле аксап калды. Мисалы, Баткен окуясында Россия Кыргызстанга ар тараптан колдоо көргөзүп аскердик жактан жакшы эле жардам берген. "Кант" авиабазасы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун келишимдеринин негизинде Кыргызстандын түштүк чек арасын учак менен коргоого көмөктөшөт. Кооптуу учур жаралып же зарылчылык болуп жардам сурап орус учкучтарына кайрыла элекпиз. Андай кырдаал Кыргызстанда жаралбай эле койсун. Учурда кыргыз жана орус учкучтары биргеликте машыгууларды өткөрүп, алар бизге техника жактан каралашып турат", — дейт Сайфуддинов.
"Кант" авиабазасы Москва менен Бишкектин узак убакыттагы коргонуу кызматташтыгынын негизинде иштеп келет. Россия тарап Кыргызстанга жыл сайын ижара акысы үчүн ири көлөмдө акча төлөйт. Андан сырткары, КРге жеңилдик менен аскердик-техникалык колдоо көрсөтүп турат.

Анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстан да кызыктар

Анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстан да кызыктар

Ал аскердик бөлүк акыркы үлгүдөгү байланыш техникалары менен жабдылып, Россиянын башка аскер базалары менен кыйынчылыксыз байланышта болуп турат. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдө жаңы авиациялык техника аз болуп, аны толук жаңылоого азырынча мүмкүнчүлүк жок болгондуктан авиабазага Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка региондорунун коопсуздугун абадан камсыздоо милдети жүктөлгөн.

Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы орун басары, аскердик эксперт, полковник Мурат Бейшенов ЖККУнун авиабазасы учурда Кыргызстанга зарыл экенин кыйытты.
"Кыргызстандагы ЖККУнун авиабазы Борбор Азия чөлкөмү үчүн чоң роль ойнойт. Себеби Кыргызстан, Тажикстандын авиациясы эски, Казакстандыкы деле укмуш эмес. Ал эми Россия авиация жагынан бир топ күчтүү. Ал авиабазада үчүнчү жана төртүнчү муундагы учактар бар. Канттагы ЖККУнун базасы уюмга мүчө-мамлекеттерди абадан коргоп, жаралган айрым аскердик маселелерди чече алат. Абадан чалгындоо, коргонуу багытында ишеничтүү иштерди алып барчу дарамети бар. Кыргызстандын өзүнүн күчтүү авиациясы же аларды оңдогон заводу жок болгондуктан аталган базанын бизде жайгашканы, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөнү чоң мааниге ээ. Аймакта эл аралык террорчулук, Афганстан тараптан болгон ар кыл коркунучтар толугу менен чечилбегендиктен ЖККУ базасы азыр бизге абадай эле керек", — деди Бейшенов.
Акыркы жылдары "Кант" авиабазасынын курамына учкучу жок учкан аппараттардын (БПЛА) бөлүгүн, кийинки этаптарда аба чабуулунан коргонуу каражаттарын (ПВО) жайгаштыруу иштерине кадам ташталган. Ал аракеттер базанын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн дагы кеңейтет.
Эске сала кетсек, "Кант" авиабазасы Россия Федерациясынын Абадан коргонуу күчтөрүнүн жана Аскер-аба күчтөрүнүн Борбордук аскердик округунун 2-командачылыгынын курамына кирет. Аталган бөлүктүн курамында Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор бар. Авиациялык база 20 жылда КР Куралдуу күчтөрүнүн ишеничтүү өнөктөшүнө, тирегине айлана алды.
Эски тамды көздөй баскан эки жаш анда жашаган кишинин көзүн тазалоого бет алды. Ниети бузуктардын колунда калган Зардалы айылынын тургундары согушкерлер милиционер менен мамлекеттик кызматкерлердин баарын атып өлтүрүшөрүн эбак эле түшүнүшкөн...
Ал жылдары өлкөдө кылмыштуулук болуп көрбөгөндөй күчөп, баңгизатты колдонгондордун саны өскөн. Айласы кеткен кыргыз милициясы башка республикалардагы кесиптештерин жардамга чакырса, ал эми абалга көз салган республика жетекчилери бушайманга түшкөн.
Бул материалда СССРдин кулашынын, дүйнөдөгү ири державалардын биринин ыдырашынын себептерин жана кайсы мезгилде эл жыргап жашаганын издебейбиз. Тескерисинче, өлкөнүн тарыхындагы маанилүү убакытта Кыргызстандын бийлигинде кандай окуялар болгонун айтып беребиз.
Редактор
Мирбек Сакенов

Фото
Кыргыз Республикасынын президентинин архиви, Табылды Кадырбеков

Маалымат булагы
ЖККУнун расмий сайты, Кыргыз Республикасынын президентинин архиви, "Кыргыз Туусу", "Вечерний Бишкек" гезиттери, ардагерлердин эскерүүлөрү, ачык булактар

Жаңылыктар түрмөгү
0