ЖМК: Израиль аскерлери Газанын парламентин ээлешти

© AP Photo / Ohad ZwigenbergИзраилдин аскерлери Газа тилкесинде кургактагы операция учурунда
Израилдин аскерлери Газа тилкесинде кургактагы операция учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Жазылуу
2007-жылдан бери бул имаратта ХАМАСтын мүчөлөрүнүн мыйзам чыгарган кеңеши иштеп келген.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Израиль аскерлери Газа шаарында парламенттин имаратын ээлеп алганын айтышып, трибунадан түшкөн сүрөтүн жарыялашты. Бул туурасында Times of Israel басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, сүрөттөгүлөр анклавда кургактан жасалган операцияга катышкан "Голани" бригадасынын аскерлери.
2007-жылдан бери бул имаратта ХАМАСтын мүчөлөрүнүн мыйзам чыгаруучу кеңеши иштеп келген.
Мындан мурдараак, дүйшөмбү күнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесинин түндүк тарабында палестиналык кыймылга олуттуу зыян келтирген сокку урдук деген маанайдагы маалымат тараткан. Алар аталган уюмдун бул анклавда уюшулган аскердик түзүм катары иштебей калгандыгын айтышкан. Кийинчерээк Израилдин коргоо министри ХАМАС Газа шаарын көзөмөлдөй албай калды деп жар салган.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 11 миң кишиге жетсе, алардын 4 миңден ашыгы балдар экени айтылды. 28 миңден көп адам жаракат алганы айтылды.
Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумган, жабыр тарткандардын саны 5 миңге жакын. Ар кыл эсептер боюнча 200гө чукул израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылып келет. Ал эми аталган уюм бул сан 250гө жакындап барарын билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Бир айдан ашуун убакыттан бери тутанып жаткан согуш оту эл аралык уюмдардын, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун 101 кызматкеринин өмүрүн алган. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш билдирди.
Израил армиясынын аскерлери Газа тилкесиндеги операция учурунда талкаланган имараттардын жанында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Чалгындоо кызматы: АКШ Израилди Газадагы операцияны тездетүүгө үндөп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0