https://sputnik.kg/20231102/chychkan-adam-olturuu-kyrsyk-1080135190.html
Унаасын алган жигитти өлтүрүп, кырсыкка учураткан. Чычкандагы үрөй учурган окуя
Унаасын алган жигитти өлтүрүп, кырсыкка учураткан. Чычкандагы үрөй учурган окуя
Sputnik Кыргызстан
Шектүү эки күндүн ичинде маркумдун автоунаасын алдап алып, аны башка бирөөгө сатканга жетишкен. 02.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-02T11:33+0600
2023-11-02T11:33+0600
2023-11-02T11:35+0600
кыргызстан
токтогул
кылмыш
чычкан капчыгайы
жол кырсык
шектүү
милиция
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/02/1080135353_0:264:747:684_1920x0_80_0_0_bb507734b30ec9c5c9d319bc5e6836bb.jpg
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматы башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында жасалган оор кылмыштын бети ачылганын билдирип, шектүү колго түшүрүлгөнүн кабарлады.Ага ылайык, 22-октябрда Чычкан капчыгайынан кырсыкка учураган "Жигули" үлгүсүндөгү автоунаа жана анын ичинен жигиттин сөөгү табылган.Топтолгон материалдардын негизинде Токтогул РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.Милиция маркумдун унаасын издеп, кийин аны башка адам айдап жүргөнүн аныктап, колго түшүргөн. Бирок айдоочу машинаны 21-октябрда соцтармакта шашылыш саткан кишиден 8 700 долларга алганын айткан."Милиция 30 жаштагы К. уулу А. аттуу сатуучунун изине түшүп, аны Бишкектен кармаган. Шектүү унаасын сатам деп жүргөн маркумдун ишенимине кирип машинасын алат. Ал ортодо унааны тез арада сатып, "Жигули" алганга үлгүрөт. Маркумду акчасын берем деп "Жигулиге" салып, Чычкан тарапка алып барып сабап, атайылап жол кырсыгын уюштурган", — деп айтылат кабарда.Шектүү 2021-жылы Москвада ушундай эле жол менен кыргызстандык аялды өлтүргөнү аныкталганы кошумчаланды. Учурда ал Токтогул РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди. Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.
https://sputnik.kg/20231030/kyzyl-kyya-kylmysh-shektuu-karmaldy-1080031712.html
токтогул
чычкан капчыгайы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/02/1080135353_0:194:747:754_1920x0_80_0_0_86b21fe237c2e5572f1263d48e600890.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, токтогул, кылмыш, чычкан капчыгайы, жол кырсык, шектүү, милиция, сүрөт
кыргызстан, токтогул, кылмыш, чычкан капчыгайы, жол кырсык, шектүү, милиция, сүрөт
Унаасын алган жигитти өлтүрүп, кырсыкка учураткан. Чычкандагы үрөй учурган окуя
11:33 02.11.2023 (Жаңыртылды: 11:35 02.11.2023) Шектүү эки күндүн ичинде маркумдун автоунаасын алдап алып, аны башка бирөөгө сатканга жетишкен.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматы башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында жасалган оор кылмыштын бети ачылганын билдирип, шектүү колго түшүрүлгөнүн кабарлады.
Ага ылайык, 22-октябрда Чычкан капчыгайынан кырсыкка учураган "Жигули" үлгүсүндөгү автоунаа жана анын ичинен жигиттин сөөгү табылган.
"Эксперттер болжолдуу кароо жүргүзүп, жигиттин денесинен жол кырсыгына тиешеси жок тактарды табышкан. Териштирүүнүн жыйынтыгында маркум 20-октябрдан бери дайынсыз деп изделип жаткан Бишкектин 22 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал Toyota Crown унаасы менен чыгып кеткен бойдон келген эмес", — деп жазылат маалыматта.
Топтолгон материалдардын негизинде Токтогул РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.
Милиция маркумдун унаасын издеп, кийин аны башка адам айдап жүргөнүн аныктап, колго түшүргөн. Бирок айдоочу машинаны 21-октябрда соцтармакта шашылыш саткан кишиден 8 700 долларга алганын айткан.
"Милиция 30 жаштагы К. уулу А. аттуу сатуучунун изине түшүп, аны Бишкектен кармаган. Шектүү унаасын сатам деп жүргөн маркумдун ишенимине кирип машинасын алат. Ал ортодо унааны тез арада сатып, "Жигули" алганга үлгүрөт. Маркумду акчасын берем деп "Жигулиге" салып, Чычкан тарапка алып барып сабап, атайылап жол кырсыгын уюштурган", — деп айтылат кабарда.
Шектүү 2021-жылы Москвада ушундай эле жол менен кыргызстандык аялды өлтүргөнү аныкталганы кошумчаланды. Учурда ал Токтогул РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди. Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

30 Тогуздун айы 2023, 13:13