Бишкекте кагышкан эки машинанын бири эне-баланы коюп кетти

© Sputnik / Владимир ФедоренкоЖенщина с детской коляской
Женщина с детской коляской - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Эки машина тең айып короого токтотулду.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкекте Mercedes-Benz машинасы Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкандан кийин эне-баланы коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн саат 14:12де болгон. Toyota Camry Раззаков көчөсү менен келе жатып Mercedes-Benz автосу менен кагышкан. Анын кесепетинен Mercedes-Benz коляска менен тротуарда бара жаткан келинди коюп кеткен.
Эки машина тең айып короого токтотулду.
Ыкчам медицина борбору жол кырсыктан эне-бала жабыркаганын билдирди.
"Экөө тең ооруканага жаткырылды. Алардын баш сөөгү жабыркаган", — дешти борбордон.
Күйүүчү май ташыган унаа менен эки жеңил машина кагышып, үчөө тең күйүп кеткен жерде өрт өчүрүүчү иштеп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2023
Цистерна оодарылып, өрт унааларга жармашкан. Чүйдөгү ири кырсыктын себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0