АКШ, Европанын театрлары кызыккан. Алтын үндүү Керим Тураповдун сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн КР эл артисти, белгилүү опера ырчысы Керим Тураповдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 64 жашка чыккан таланттуу инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Керим Турапов 1959-жылы 10-октябрда Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Ыр-күүгө жакын жаш талант мектепти аяктаган соң Оштогу музыкалык окуу жайдын вокалдык бөлүмүн, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Эмгек жолун студент кезинде Мамлекеттик телерадионун симфониялык оркестринде баштаган. Кенен диапазондуу лирикалык тенор кийин дүйнөлүк вокалдык классикалык ырларды сахнада аткарган. Таланттуу инсанды Россия, Америка, Германиянын театрлары жумушка чакырган учурлары да болгон.
Чыгармачылык менен биргеликте Турапов Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясын, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрын жетектеген. Андан сырткары, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу болуп иштеген.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты ыр жазып, обон чыгарган жайы да бар. Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору азыр да чыгармачылык менен алек.
© Фото / из личного архива Керима Турапова

Болочоктогу ырчы үй-бүлөдөгү 16 баланын эң кичүүсү болгон. Сүрөттө ал атасы менен

Болочоктогу ырчы үй-бүлөдөгү 16 баланын эң кичүүсү болгон. Сүрөттө ал атасы менен - Sputnik Кыргызстан
1/13

Болочоктогу ырчы үй-бүлөдөгү 16 баланын эң кичүүсү болгон. Сүрөттө ал атасы менен

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

Москвадагы концертке катышып интервью берген жаш талант. 1989-жыл

Москвадагы концертке катышып интервью берген жаш талант. 1989-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/13

Москвадагы концертке катышып интервью берген жаш талант. 1989-жыл

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

Керим Турапов эмгек жолун студент кезинде Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз академиялык симфониялык оркестринде солист болуп баштаган. Сүрөттө ал атактуу италиялык опера ырчысы Роберто Лорети менен. 1988-жыл

Керим Турапов эмгек жолун студент кезинде Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз академиялык симфониялык оркестринде солист болуп баштаган. Сүрөттө ал атактуу италиялык опера ырчысы Роберто Лорети менен. 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/13

Керим Турапов эмгек жолун студент кезинде Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз академиялык симфониялык оркестринде солист болуп баштаган. Сүрөттө ал атактуу италиялык опера ырчысы Роберто Лорети менен. 1988-жыл

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты бир катар театр, филармонияда эмгектенип, аларды жетектеп калган

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты бир катар театр, филармонияда эмгектенип, аларды жетектеп калган - Sputnik Кыргызстан
4/13

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты бир катар театр, филармонияда эмгектенип, аларды жетектеп калган

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

КР эл артисти Керим Турапов СССРдин эл артисти, атактуу россиялык аткаруучу Иосиф Кобзон менен

КР эл артисти Керим Турапов СССРдин эл артисти, атактуу россиялык аткаруучу Иосиф Кобзон менен - Sputnik Кыргызстан
5/13

КР эл артисти Керим Турапов СССРдин эл артисти, атактуу россиялык аткаруучу Иосиф Кобзон менен

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

Опера ырчысы көбүнчө лирикалык чыгармаларды ийине жеткире аткарып келет

Опера ырчысы көбүнчө лирикалык чыгармаларды ийине жеткире аткарып келет - Sputnik Кыргызстан
6/13

Опера ырчысы көбүнчө лирикалык чыгармаларды ийине жеткире аткарып келет

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

Коңур үндүү аткаруучуну кезинде Россия, АКШ, Германиянын театрлары иштешүүгө чакырган

Коңур үндүү аткаруучуну кезинде Россия, АКШ, Германиянын театрлары иштешүүгө чакырган - Sputnik Кыргызстан
7/13

Коңур үндүү аткаруучуну кезинде Россия, АКШ, Германиянын театрлары иштешүүгө чакырган

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

Турапов 100дөн ашык чыгарманы оркестрдин коштоосунда аткарып Кыргыз телерадиосуна жаздырган

Турапов 100дөн ашык чыгарманы оркестрдин коштоосунда аткарып Кыргыз телерадиосуна жаздырган - Sputnik Кыргызстан
8/13

Турапов 100дөн ашык чыгарманы оркестрдин коштоосунда аткарып Кыргыз телерадиосуна жаздырган

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

Керим Турапов россиялык кесиптеши Сергей Захаров менен

Керим Турапов россиялык кесиптеши Сергей Захаров менен - Sputnik Кыргызстан
9/13

Керим Турапов россиялык кесиптеши Сергей Захаров менен

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

Атагы алыска кеткен талант чет элдик кесиптештери менен кызматташып турат

Атагы алыска кеткен талант чет элдик кесиптештери менен кызматташып турат - Sputnik Кыргызстан
10/13

Атагы алыска кеткен талант чет элдик кесиптештери менен кызматташып турат

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

Кытайга гастролдоп барып, ал жактагы кыргыздар менен амандашкан ырчы

Кытайга гастролдоп барып, ал жактагы кыргыздар менен амандашкан ырчы - Sputnik Кыргызстан
11/13

Кытайга гастролдоп барып, ал жактагы кыргыздар менен амандашкан ырчы

© Фото / пресс-служба Государственного академического симфонического оркестра им. А.Жумакматова

Опера ырчысы азыр жогорку деңгээлдеги маданий иш-чараларга байма-бай катышып турат

Опера ырчысы азыр жогорку деңгээлдеги маданий иш-чараларга байма-бай катышып турат - Sputnik Кыргызстан
12/13

Опера ырчысы азыр жогорку деңгээлдеги маданий иш-чараларга байма-бай катышып турат

© Фото / из семейного архива Керима Турапова

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты жубайы менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Жубайлар азыр неберелеринин кучагында

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты жубайы менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Жубайлар азыр неберелеринин кучагында - Sputnik Кыргызстан
13/13

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты жубайы менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Жубайлар азыр неберелеринин кучагында

Тема боюнча:
Айтматов чыгармачылыгын жогору баалаган. Саламат Садыкованын сүрөттөрү
Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү
Жетим өсүп жетилген... Абдыганы Эркебаевдин сүрөттөгү өмүр жолу
"Жамийлада" Сейит, "Бакайдын жайытында" Калык... Назирет Дубашевдин сүрөттөрү
Көп кырдуу талант... 65 жашка чыккан Күмөндөр Абыловдун сүрөттөгү ирмемдери
Жаңылыктар түрмөгү
0