Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын лауреаттары аныкталды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСтенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын лауреаттары аныкталды
Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын лауреаттары аныкталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Жазылуу
Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу.Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын баш байгесин россиялык журналист Алексей Орлов өзүнүн "Жарык" аттуу сүрөт баяны менен жеңип алды.
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссиялык журналист Алексей Орлов
Церемония объявления Гран-при и победителей конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2023 года  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Россиялык журналист Алексей Орлов
Сыйлоо аземи "Россия сегодня" медиатобунун мультимедиалык маалымат борборунда өттү.
"Бул сынак 2014-жылы биздин аскердик кабарчыбыз көз жумгандан кийин негизделген. Ал кезде биз кабарчыларыбыз менен сүрөтчүлөрүбүздү мындай (аскердик кабарчы — ред.) атачу эмеспиз. Согуштун башталышы катары 2014-жылды азыр белгилеп жатабыз. Ал кезде от ала турган процесстин масштабын түшүнө элек болчубуз. Бирок ошентсе да журналисттик корпуста алгачкы жоготуулар болгон. Тилекке каршы, быйыл жай айында Екатеринбургда дагы бир кабарчыбызды, аскердик корреспондент Ростислав Журавлевду жоготтук. Бул кесиптин ушундай кооптуу тарабы бар. Азыркы тапта согуш мурдагыдан дагы көбөйгөнү өкүндүрөт. Балким бул нерсе жалпы дүйнөлүк тенденцияны чагылдырып жаткандыр", — деди "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев.
Ал ошондой эле сүрөттөр заманбап дүйнөнүн көркөм образын түзүп, дүйнөнү терең таанууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Киселевдун айтымында, Стенин атындагы сынактын келерки юбилейлик чыгарылышынан жаңы нерселерди күтүүгө болот.
© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүү"Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев
Церемония объявления Гран-при и победителей конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2023 года  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
"Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев
Донецкидеги жана Мариуполдогу окуялар тууралуу "Жарык" репортажы атайын аскердик операция башталгандан бир айга жетпеген убакыт өтө электе жасалган. Автор өзүнүн атайын операция жүргөн аймактагы эмгегин төмөнкүдөй сүрөттөгөн: "Бул күндөр өмүрүмдөгү эң оор учур болду. Анткени мен Донецк менен Мариуполь шаарларындагы элдер кандай күн кечирип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Менин максатым тынчтык күндөр токтогон шаардын образын көрсөтүп берүү болду. Турмуш-тиричилик жана жашоочулардын баалуулуктары бүт өзгөргөн. Көптөр үйүн, керек болсо жакындарын жоготушту. Айрымдардын үмүтүнөн башка эч нерсеси калган эмес".
© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЦеремония объявления Гран-при и победителей конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2023 года
Церемония объявления Гран-при и победителей конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2023 года  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
"Башкы жаңылыктар" номинациясында бахрейндик Айман Якубдун "Оттуу шар" эмгеги мыкты аталды. Мында Йемендин Сауд Арабиядагы Жидда шаарында жайгашкан Saudi Aramco мунай базасына ракеталык сокку урганы чагылдырылган. Калыстар тобу бул номинациядагы сериялар арасында биринчи орунду ыйгарбоо чечимине келишкен.
"Менин планетам" номинациясында калькутталык Сайян Адхикаринин "Өлүп бара жаткан салт" аттуу эмгеги популярдуу болду. Сүрөттө Индиянын түндүк жээгиндеги балыкчылардын өнөрү көрсөтүлгөн. Муну менен катар испаниялык документалист-фотограф Адра Паллонун "Демотаназия" (Демографиялык эвтаназия) эмгеги да популярдуу болду. Анда испаниялык Галисия провинциясындагы айыл жергесинен чыккан эл жана алардын жок болушу айтылат.
© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЦеремония объявления Гран-при и победителей конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2023 года
Церемония объявления Гран-при и победителей конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2023 года  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Спорттук номинацияда эки категорияда тең (жалгыз жана серия) биринчи орун россиялыктарга берилди. Эң мыкты "жалгыз" эмгек катары Эдгар Брещановдун "Кашык каны калгыча күрөшү" аталды. Сүрөттө ЦСКА-Москва жаштар футбол клубунун коргоочусу Егор Носковдун москвалык "Торпедо" менен беттештеги ойноп жаткан кези чагылдырылган. Бул эмгек Аль-Маядин ТВ жалпы араб маалыматтык холдинги тарабынан дагы атайын сыйлык менен сыйланган.
Ал эми сериялык сүрөттөр арасынан Сергей Бобылевдун "Жеңиштин энергиясы" мыкты аталды. Анда Россиянын Олимпиадалык комитетинин курама командасынын Пекиндеги XXIV Олимпиадалык оюндарындагы өзгөчө учурлар тартылган.
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЦеремония объявления Гран-при и победителей конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2023 года
Церемония объявления Гран-при и победителей конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2023 года  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
"Портрет. Биздин замандын баатыры" номинациясында Россия менен Франциянын фотожурналисттеринин эмгектери алдыңкы сапка чыкты: новосибрскилик Владислав Некрасовдун "Имаго" жана франциялык репортер Люси Одиен Дарастын өзүнүн аутист бир тууганы Антуан жөнүндөгү "Лилу — ичтеги аутизм" эмгеги мыкты аталды.

Конкурс тууралуу

"Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Сынактын башкы маалыматтык өнөктөштөрү: ВГТРК (Жалпы россиялык мамлекеттик телерадиокомпания), СМОТРИМ (Россия) онлайн-платформасы, "Россия-Культура" жалпы россиялык мамлекеттик телеканал (Россия), "Москва 24" телеканалы.
Быйыл эл аралык бир нече ЖМК өнөктөш болду: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT телеканалы жана порталы, Independent Media медиахолдинги (Түштүк Африка Республикасы), ANA жаңылыктар сайты (Түштүк Африка Республикасы), Shanghai United Media Group (SUMG) (Кытай), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы (Кытай), Al Mayadeen медиатармагы (Ливан).
Тармактык статусундагы өнөктөш катары сынакты колдогондор: Россиянын журналисттер союзу, YOung JOurnalists (Россия) маалыматтык порталы, Russian Photo (Россия) порталы, Photo-study.ru (Россия) порталы.
Кабир Дхангьяни фотографтын Жумна дарыясындагы чардактар сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Стенин-2023 сынагы: онлайн добуш берүүдө индиялык эмгек жеңишке жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0