14-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖаанчыл аба ырайы. Архивдик сүрөт
Жаанчыл аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
14-октябрга караган түнү абанын температурасы кескин төмөндөп, тоолуу райондорго кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 14-октябрь, ишембиде, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Айрым аймактарда үшүк жүрүшү ыктымал. Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас, Нарын облустарында +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +14...+19, Ысык-Көлдө +8...+13 градус жылуу болот.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +9...+11 градуска жетсе, Ош шаарында күн ачык болуп +16...+18 градус жылуу болот.
Кар астында дарактардын жалбырактары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Дем алышта Ош менен Баткенде үшүк жүрөт. ӨКМдин шашылыш билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0