Күн сууктайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© AFP / Belga / LAURIE DIEFFEMBACQНөшөрлөп жааган жамгырдан кийин бакчадагы мөндүр. Архив
Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин бакчадагы мөндүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо суук түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6га чейин барат.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында күн сууйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Таластын тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
13-15-октябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2, күндүз 5…10 градус болот.
Таласта түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1...-3, күндүз 4…9 градус суук болушу ыктымал. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1...-3 градуска чейин жетет.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2, күндүз 5…10 градус болот.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2, күндүз 4…9, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6га чейин барат.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Үшүктүн жүрүшү мөмө жана жашылча-жемиштерге, казып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы жана жүгөрү үчүн коркунучтуу.
Бишкектеги аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Октябрда аба ырайы кандай болот? Бир айдын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0