Октябрда аба ырайы кандай болот? Бир айдын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги аба ырайы. Архивдик сүрөт
Бишкектеги аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Жазылуу
Өлкөнүн кээ бир жерлеринде түнкүсүн -2 градуска чейин төмөндөйт.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги октябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 9…11, тоо этектеринде 4…6 градус жылыйт. Ай ичинде түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Күндүз 11…16дан 21…26га чейин өзгөрөт, кээ бир күндөрү 5…10 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 1…6нын тегерегинде болот. Кээ бир түндөрү -2…-4кө түшүп, үшүк жүрөт. Күндүз 8…13төн 16…21ге чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3…8 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: өрөөндөрдө 39-45 мм, тоо этектеринде 25-43 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 7…9 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7нин тегерегинде болот. Кээ бир түндөрү -2...-4 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Күндүз абанын температурасы 7…12ден 20…25ке чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3…8 градуска төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма 24-27 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 11…13, тоо этектериндеги райондордо 8…10 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14кө чейин, күндүз 12…17ден 22…27ге чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин өзгөрөт. Кээ бир түндөрү 0…-2 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 9…14төн 19…24кө чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3…8 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: өрөөндөрдө 33-35 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-31 мм).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 11…13, тоо этектериндеги райондордо 8…10 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14кө чейин, күндүз 12…17ден 22…27ге чейин өзгөрөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин өзгөрүшү күтүлөт. Кээ бир түндөрү 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 9…14төн 19…24кө чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3…8ге чейин төмөндөшү ыктымал.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 8…13кө чейин, күндүз 9…14төн 18…23кө чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: өрөөндөрдө 41-43 мм, тоо этектериндеги райондордо 24-86 мм).
Балалуу кыз паркта сейилдеп жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2023
Октябрдын башында аба ырайы кандай болот? Бир жумага божомол

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 11…13, тоо этектериндеги райондордо 8…10 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14кө чейин, күндүз 12…17ден 22…27ге чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 9…14төн 19…24кө чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3…8 градуска төмөндөшү ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (норма: өрөөндөрүндө 14-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 24-26 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 7…9 градус болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7, кээ бир түндөрү -1…-3 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Күндүз 7…12ден 15…20га чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: 5-31 мм, чыгышында 38-58 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 5…7 градус жылыйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустун тегерегинде болот. Кээ бир түндөрү -4…-6га чейин төмөндөйт. Күндүз 5…10дон 15…20га чейин өзгөрүшү ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма 8-18 мм).

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 0…-2 градус сууктайт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -7…-12ге чейин түшөт. Күндүз -3…+2ден 6…11ге чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (норма 26-28 мм).

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 3…5 градуска төмөндөйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден, -1…+4кө чейин, күндүз 4…9дан 14…19га чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (норма 39-41 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 0…2 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12ден -3...2ге чейин, күндүз 2…7ден 12…17ге чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (норма 22-24 мм).
Сейсмограф аппараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2023
Түндө Ысык-Көл облусунда жер титиреди
Жаңылыктар түрмөгү
0