https://sputnik.kg/20231004/kazak-zharan-izdoo-bishkek-tabyldy-1079127988.html
Адам өлтүрүүгө катышкан деп изделген казак жараны Бишкектен кармалды
Адам өлтүрүүгө катышкан деп изделген казак жараны Бишкектен кармалды
Sputnik Кыргызстан
Шектүү кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. 04.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-04T12:20+0600
2023-10-04T12:20+0600
2023-10-04T12:20+0600
кыргызстан
казакстан
адам өлтүрүү
шектүү
кармоо
https://sputnik.kg/img/103840/65/1038406552_0:632:6016:4016_1920x0_80_0_0_4a130bb9943e9695b6c432da2eeeab69.jpg
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн А.Г.М. Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.Алматынын тургуну кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Андан соң эл аралык "Манас" аэропорту аркылуу үчүнчү мамлекетке учуп кетүүнү көздөгөн.Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") боюнча кылмыш иши козголду. Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камакка алынды.Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Г.М. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүүгө катышкан деп издөөдө жүргөнү аныкталган.
https://sputnik.kg/20230930/chuj-pensioner-kishi-koshuna-ayaldy-bychaktady-1079044540.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103840/65/1038406552_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_d87a2ea8f5df7e5cf7c8f24c2dd87bdc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, казакстан, адам өлтүрүү, шектүү, кармоо
кыргызстан, казакстан, адам өлтүрүү, шектүү, кармоо
Адам өлтүрүүгө катышкан деп изделген казак жараны Бишкектен кармалды
Шектүү кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн А.Г.М. Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алматынын тургуну кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Андан соң эл аралык "Манас" аэропорту аркылуу үчүнчү мамлекетке учуп кетүүнү көздөгөн.
Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") боюнча кылмыш иши козголду. Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камакка алынды.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Г.М. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүүгө катышкан деп издөөдө жүргөнү аныкталган.