Окумуштуулар кадырланган заман. Кыргызстанда илим кантип өнүккөн?

© Sputnik / Александр МакаровФрунзедеги Кыргыз ССРинин физика-математика институтунун эсептөө борборунда профессор Мурзабек Иманалиев. Архив
Фрунзедеги Кыргыз ССРинин физика-математика институтунун эсептөө борборунда профессор Мурзабек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Союз маалында ата мекендик окумуштуулар башка республикадагы кесиптештери менен тыгыз кызматташкан. Биргеликте ири долбоорлорду ишке ашырып, мамлекет башындагылар аларды көз жаздымда калтырган эмес.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө экономикасын көтөрүүгө салым кошкон илим-изилдөө иштери жөнүндө материал сунуштайт.
Өткөн кылымдын 20-жылдарында азыркы Кыргызстандын илимине чыйыр салынып, өлкө аймагында экспедиция, изилдөө иштерин жүргүзүүгө окумуштуулар агылган. Сырттан келген илимпоздор коштоп жүргөнгө керектүү адистерди таба албай убара тарткан. Геологиялык, археологиялык, этнографиялык экспедициялык топтор кызуу иштеп баалуу маалыматтарды, кол жазмаларды топтоп, убакыттын өтүшү менен андай илимий иштердин көлөмү өскөн.
30-жылдары алардын эмгектери окурмандарга сунушталып, элдик чарбага керектүү маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп турган. Кыргыз ССРинде китепкана, музей, станция, лаборатория, илимий-изилдөө борборлору, эксперименталдык чарбалар ишке берилген. Аны менен катар Москва, Ленинград, Ташкенттеги илимпоздор кыргызстандык кесиптештерине ар тараптан колдоо көрсөткөн.
Бара-бара илимий кадрларды даярдоо жолго салынып, кыргыз жаштары СССРдин Илимдер академиясынын институттарына жөнөтүлүп, бизге башка республикалардан илимдин кандидаты, докторлору келип шакирттерди ээрчитип иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы менен СССРдин беш институту 250 кызматкери менен Фрунзеге көчүрүлгөн эле. Алар жергиликтүүлөр менен кошо коргонуу иштерине кол кабыш кылып, академиктер фронтко жардам болчу изилдөө иштерине басым жасаган.
Тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов согуш маалында эле Кыргыз ССРинде 321 геологиялык экспедиция уюштурулганын айтат.
© Sputnik / Асел АкматТарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов
Заведующий кафедрой истории Кыргызстана в КНУ, доцент, кандидат исторических наук Темиркул Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов
"Согуш убагында басым ок-дары чыгаруучу негизги компоненттерди изилдөөгө жасалгандыктан 1941-1945-жылдары Кыргызстанда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, 321 экспедиция иштеген. Алар баалуу металл, көмүр, мунай камтылган жерлердин баарын изилдеген. Ошол кезде Кыргызстанда согушка өтө зарыл болгон сурьма, вольфрам, сымап сыяктуу баалуу металлдардын кени табылган болчу. Медициналык жаатта да 40тан ашык коргонуу багытындагы темалар изилдене баштаган. Андан тышкары, айыл чарба тармагында да мөмө-жемиштин сорттуулугун көбөйтүү, мал чарбачылыгынын асылдуулугун жогорулатуу багытында да көп иштер жасалган", — деди Асанов.
Так ошол согуштун оор мезгилинде, 1943-жылы, Кыргызстанда СССРдин Илимдер академиясынын филиалын ачуу демилгеленет. 1945-жылы Советтер Союзу жеңишке жетип, тынч заман орногон соң илимдин өнүгүүсү ылдамдаган. Себеби илим өндүрүштүн ажырагыс бир бөлүгүнө айланып, завод-фабрика, өнөр жай ишканалары, түрдүү чарбалар окумуштуулардын бүтүм, кеңештерине муктаж эле.
Курпсай ГЭСинин курулушу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Советтик илимпоздор Кыргызстанда 60 ири ГЭС курса болорун айткан. Энергетикадагы алака
1954-жылы Кыргызстандагы эң негизги илимий жай өз алдынча академия болуп, жетекчилигине хирург Иса Ахунбаев дайындалган. 50-жылдары илимпоздордун саны арбып, башка союздук республикалардан кандидаттыгын, докторлугун коргоп кубануу менен кичи мекенине кайтып келе баштаган. Академияда кошумча тарых, медицина, энергия жана суу ресурстарын башкаруу, зоология жана паразитология институттары да ачылган.
Мисалы, алгачкылардан болуп экономикалык география, өндүрүш күчтөрүн жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү иштеп чыккан Кайып Оторбаев Кыргызстандын аймактык экономикасын калыптандырууга чоң салым кошкон. География илимдеринин доктору, академик автобиографиялык повестинде ал учурду мындайча эскерген:
© Фото / пресс-служба НАН КРГеография илимдеринин доктору, академик Кайып Оторбаев
Академик, экономист и географ Каип Оторбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
География илимдеринин доктору, академик Кайып Оторбаев
"50-жылдары оор өнөр жай элдик чарбанын негизги бөлүгүнө айланып, биз ири ишканаларыбыз менен мактанчубуз. Адистер керек болгондуктан көбү Россиядан келчү. 70-жылдары ал муктаждыкты жергиликтүү адистер жапканга жарап калган. Жогору жактагылар биздин Экономика институтуна республиканын элдик чарбасынын 10 жана 15 жылга өнүгүү планын түзүү тапшырмасын берген. Изилдөөбүзгө соңунда жогору жактагылар жакшы баа берип, ал элдик чарбанын негизи болуп калды. Кийин башка мамлекеттик буюртмаларды аткардык. Ал жылдары экономика алдыга жылып, элдин жашоо шарты кыйла жакшырып, театрлар көрүүчүлөргө толуп калган. Илим жогору бааланып, бийлик башындагылар илимпоздордун ой-пикирине кулак салчу, аларга жакшы көңүл бурган. Мисалы, мен академиядагы институттун директору катары ай сайын 6000 сом, институтта сабак бергеним үчүн 2000 сом алчумун. Ошентип министрлерден эки эсе көп акча колго тийчү. Партиялык элита өкүлдөрүнүн арасында да илимий даражасы барлар кадырланган заман эле", — деп жазган Оторбаев.
Союз маалында илимий кызматташтык жогорку деңгээлде болгон. Кыргыз улуттук илимий интеллигенциясы калыптанып калган жылдары ата мекендик окумуштуулар союздук республикаларда гана эмес, Европага чейин барып лекция окуган. Ар кайсы республикадан чогулган окумуштуулар биргеликте Кыргыз ССРинде конференция, изилдөө иштерин, экспедицияларды өткөрүп, бирге эмгектерин жарыялап, ачылыштарын жар салган. Алардын арасында кыргыз кардиологиясынын атасы атыккан кардиолог Мирсаид Миррахимов, атактуу хирург Иса Ахунбаев, фармаколог Арстанбек Алтымышев, геолог Муса Адышев, түркологдор Болот Жунусалиев, Кусеин Карасаевдер бар.
Лампа чыгарган Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу заводун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр
1960-жылдары илимдин таасири өскөн. Окумуштуулар ал кезде өндүрүштү жакшыртуу, ишти жолго салуу боюнча завод-фабрикаларга жыл сайын жок дегенде түрдүү 30дай сунуш берген. Алардын жаңычылдыктары бардык тармакты камтыган. Илимдин доктору, кандидаттары аргындаштыруу жолдору менен кой, уй, жылкынын жаңы породаларын иштеп чыгып, тоо-кен, айыл чарба тармактарына өздөрү ойлоп тапкан жабдуу, техникаларын колдонууга берген.
Алсак, 1970-жылдары академик Олег Алимов кыргыз кесиптештери менен "Луна-24" космостук станциясы үчүн бургулоо орнотмосун иштеп чыгып, анын жардамы менен Айдан топурак алынган. Мындан сырткары, ата мекендик илимпоздор түрдүү өндүрүштүк техника, технология, вакциналарды чыгарган. Алардын айрымдары азыркыга чейин колдонулуп келүүдө.
Улуттук илимдер академиясынын экс-президенти, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев союз учурунда мамлекет илимпоздорго конкреттүү максаттарды койгонун айтат.
© Sputnik / Асылбек БактыбековУлуттук илимдер академиясынын экс-президенти, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев
Доктор технических наук, академик Мурат Жуматаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Улуттук илимдер академиясынын экс-президенти, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев
"Советтер Союзу жабык өлкө болчу. Россия азыр санкциянын алдында кантип иштеп жатса, ошондой эле иштечү. Жаңы техника, технологияларды эркин сатып ала албагандыктан көптөгөн илимий мекемелерди түзгөн. Мамлекет ал илимий-изилдөө институттарына конкреттүү максаттарды коюп, каражат бөлүп берчү. Жылдын аягында бөлүнгөн акчага эмне иш аткардыңар деп жыйынтыгын сурачу. Ошонун негизинде ар бир илимий мекеме элдик чарбага зарыл болгон иштерди жасап өз салымын кошчу. Кыргызстанда 60-жылдары тоо-кен өнөр жайы аябай өнүгүп, бир катар кендер казылып баштады. Ошондо биздин Автоматика институту бургулоочу машина, ар кандай аппараттарды ойлоп таап, ишке бергенбиз", — деди Жуматаев.
Окумуштуулар мамлекет сарптаган каражатты актап, алдыга коюлган милдеттерин толук аткарган. Мисалы, 1971-75-жылдар аралыгында илимпоздор мамлекеттик казынага 130,5 миллион сом киреше алып келип, 60 ири илимий ачылыш жасаганга жетишкен. Союз тараар алдында республиканын ири илимий жайына айланган Улуттук илимдер академиясына 60тай илимий мекеме кирип, анда 10 миңден ашык кызматкер эмгектенген. Эл аралык деңгээлде ийгилик жараткандар жогорку сыйлыктарга татыган.
Фрунзеде ишке ашкан СССРдин жашыруун долбоору. Окумуштуу Жуматаевдин видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Фрунзеде ишке ашкан СССРдин жашыруун долбоору. Окумуштуу Жуматаевдин видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0