00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бакировдун ордуна келген депутат Мамытовдон асылбай жүрүшүн талап кылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кенештин депутаты Равшанбек Рысбаев. Архивдик сүрөт
Жогорку Кенештин депутаты Равшанбек Рысбаев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Өткөн жумада Мамытов Рысбаевди мыйзамсыз келип алды деп сындаган.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешке Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев депутат Талант Мамытовдун ага асылбай жүрүшүн талап кылды.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Мамытов БШК Көк-Жар округу боюнча Рысбаевди жеңүүчү деп таба албай турганын айткан. Анткени буга чейинки протоколдордун баары Бакировдун пайдасына чечилип, ал бүгүнкү күндө жокко чыгарыла электигин белгилеген.
"Ошон үчүн бардык депутаттар шайланып келсе, ал (Равшанбек Рысбаев — ред.) катталып гана келип жатат. Кантип отурат анан бул жерде? Ошондой эле административдик иштер жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралбайт. Бул түздөн-түз Конституцияга карама-каршы келет. Сот силерге Бакировдун мандатын алып кой деген эмес, чечимиңерди гана жокко чыгарып жатат", — деп сындаган депутат БШКнын төрайымын.
Рысбаев мыйзам таласында адилеттүүлүк болгону үчүн Бакиров мандатын тапшырып берүүгө аргасыз болгонун билдирди.
"Бул сот процесси эки жылдан бери созулуп келе жатат. Аны Мамытов жакшы билет. Ал Бакировду шайлоодо добуш сатып алуу менен кармалып, кылмыш иши козголгон жеринен колунан жетелеп, 7-кабатка жанына алып келип отуруп алган. Элибизде "ээси келсе бээсин бер" деген жакшы сөз бар. Мени 10 миңден ашык эл шайлаган, Мамытов өзүнүн алган добушун салыштырып, анан бирөөгө асылсын", — деди Рысбаев.
Эскерте кетсек, Бакировду мандаттан ажыратуу чечимин Бишкек административдик соту 7-июнда кабыл алган. кийин аны Бишкек шаардык соту да, Жогорку сот да күчүндө калтырган. 26-август күнү БШК Бакиров депутат болбой калганын расмий жарыялаган.
2022-жылдын 17-ноябрында парламент жыйынында Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Атайын кызматтын башчысы Бакировдун "кандай депутат экенин жана кандайча шайланып келгенин" билерин айткан. Анын эртеси эле депутатты кабинетинен чыгарып салышкан. Андан соң добуш сатып алуу маселеси козголуп, соттук иштер башталган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Ташиев: ун кымбаттабайт, "так что депутаттар, тормозни-сникерсни"
Жаңылыктар түрмөгү
0