Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүДыйкан койлорду чөп менен багып жатат. Архив
Дыйкан койлорду чөп менен багып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Жазылуу
Изилдөөнүн алкагында адистер жети миң адамдын ден соолугуна байкоо салышкан.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Адамды катуу чарчаткан өтө оор кара жумуш кем акылдыктын өрчүү кооптуулугун жогорулатат. Муну окумуштуулар аныктаганын Science Direct жазды.
Алар Норвегиядагы деменция илдетинин эң ири изилдөөсүндө камтылган маалымттарга анализ жасашкан. Анда чоң курактагы жашоочуларга 2017-жылдан 2019-жылга чейин байкоо салынган. Изилдөөгө 7000 адам катышкан. Анын ичинен 902нен деменция илдети аныкталса, 2 407 адамдан когнитивдик жеңил жабыркоо аныкталган.
Окумуштуулар катышуучулардын ден соолугунун абалын жана жашоо образын изилдеп, оор кара жумуш менен алектенгендерде деменция илдетинин өнүгүшү башкаларга салыштырмалуу 15,5 пайызга жогору экенин аныкташкан.
“Биздин эмгек физикалык активдүүлүктүн парадоксун белгилейт. Бош убакытта активдүү кыймыл ден соолукка пайда алып келсе, оор кара жумуш тескерисинче абалды начарлатат”, - деди изилдөөнүн автору Вегард Скирбекк.
Ден соолукка кооптуу кесиптердин катарына төмөнкүлөр кирет: сатуучу-кассир, сатуучу-консультант, медициналык персонал, фермер, эт азыктарын өндүрүүчүлөр. Бул кесип ээлери оор иштерди аткаруу менен керели кечке отурбай басып жүрөт. Графиктери дагы ыңгайсыз. Мындай шартта когнитивдик жөндөмдүүлүктү сактоо дээрлик мүмкүн эмес. Бул адамдарда өзүн өзү өнүктүрүүгө жана эс алууга дээрлик убактысы жок.
Окумуштуулардын айтымында, эс алуунун жетишсиздиги, күчтү калыпка келтирүүгө убакыттын жоктугу адамдын денесин, акылын чарчатып организмге терс таасирин тийгизет. Мунун баары адамдын когнитивдик мүмкүнчүлктөрүн начарлатат.
Колунда телефон кармаган ашыкча салмактуу бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Жаңылыктар түрмөгү
0