Церемония открытия XVII Молодежных Дельфийских игр в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын өтүүдө
Кыска - Бишкектеги XVII Дельфи оюндарыБишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтүүдө. Анда 600 катышуучу музыкалык аспаптарда ойнноп, ырдап-бийлөө боюнча ат салышат.

Бишкекте КМШ жаштарынын кароо-сынактары өтөт. Шарт-талабы

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүү "Дельфи" оюндары. Архивдик сүрөт
 Дельфи оюндары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Жазылуу
Ага Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандары катыша алат.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 6-октябрдан 10-октябрга чейин Бишкекте КМШ жаштарынын XVII "Дельфи" оюндары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, оюндарга Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандары катыша алат.
Конкурстук программа төмөнкү номинациялардан турат:
пианино жана скрипкада ойноо;
көркөм сүрөт искусствосу;
академиялык жана жеке элдик ырдоо;
эстрада ыры, элдик бий өнөрү.
Фестивалдын программасы төмөнкү номинациялардан турат:
элдик аспаптар;
үйлөмө аспаптар;
көркөм кол өнөрчүлүк багыты.
"Дельфи" оюндары КМШга мүчө өлкөлөр арасындагы ири иш-чара катары белгилүү. Маданият, искусствонун жаш ишмерлерин байланыштырган конкурстук, фестивалдык мелдештер, мастер-класстар, илимий-практикалык жана оюн-зоок иш-чаралар "Дельфи" оюндарынын жыйындысы болуп саналат. Бүгүнкү күндө оюндар жаш таланттарды табуу, колдоо үчүн мыкты аянтча болууда. Ал 65 өлкөнүн өкүлдөрүн, биринчи кезекте КМШга мүчө бардык мамлекеттердин таланттуу жаштарынын башын бириктирүүдө", — деди министрликтен.
Дельфи оюндары КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин чечими менен 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Театр көргөзмөсү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Театрлар өлкө аймактарын түрө кыдырган гастролдорун баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0