Эмне үчүн уйкудан кийин баш ооруп калат? Неврологдун түшүндүрмөсү

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioБаш оору. Иллюстративдик сүрөт
Баш оору. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Адис уйкудан кийин пайда болгон баш оору эки жумага созулса дарыгерге кайрылуу керектигин айткан.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Невролог Екатерина Демьяновская "Доктор Питер" басылмасындагы маегинде эртең менен тургандан кийин пайда болгон баш оорунун себеби эмнеден улам экенин түшүндүрүп берди.
Адистин айтымында, уйкудан кийин пайда болуп, бир күн бою тарабаган баш оорунун бир нече себеби бар. Көбүнчө уйку режиминин бузулуусу менен моюн булчуңдарынын чыңалуусу себепкер болот.

Уйку режиминин бузулушу

Толук кандуу уйку 7 сааттан 9 саатка чейин созулушу керек. Бул адамдын жакшы эс алуусу үчүн жетиштүү. Уйкунун жетишсиздиги, ошондой эле анын ашыкча болушу органдардын калыбына келүүсүнө терс таасирин тийгизип, гормондордун синтези бузулуп адам билинбестен "өнөкөт стресс" абалына кирип кетет.

Апноэ

Башкача айтканда, уктап жаткан кезде дем албай калуу. Бул көбүнчө 20-30 секундага созулат, бирок оору өтүшүп кетсе 2-3 мүнөткө чейин жетет. Мындай оору менен жабыркаган адам катуу коңурук тартат.

Ыңгайсыз жаздык

Уйкудан соң пайда болгон баш ооруга ыңгайсыз жаздык дагы себепкер болушу мүмкүн. Андыктан омуртка менен баш бир деңгээлде болгондой жаздыкты тандаңыз.

Башка себептер

Эки жумадан ашык убакытка созулган баш ооруга сезгенүү, кан айлануу менен зат алмашуунун бузулушу, курч инфекциялык илдеттер же жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болушу мүмкүн.
Эс алып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Дайыма чарчоонун артында жашынган кооптуу беш илдет
Жаңылыктар түрмөгү
0