Россия менен Кытайдын ортосунда жайгашканыбызды туура пайдалануу керек. Маек

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссия жана Кытай желектери. Архивдик сүрөт
Россия жана Кытай желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Эгемендүүлүк алганы өлкө алгачкы жылдарын эйфория менен өткөрүп жиберди. Эми геосаясий багытты аныктаар мезгил келип жетти дейт элчи.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, экс-министр, саясат таануучу Аликбек Жекшенкулов болду. Биз Кыргызстан менен Россиянын мамилеси, тагыраак айтканда, келечеги тууралуу сүйлөштүк.
© Sputnik / Асел АкматКыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, экс-министр, саясат таануучу Аликбек Жекшенкулов
Чрезвычайный и Полномочный посол КР, доктор политических наук Аликбек Джекшенкулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, экс-министр, саясат таануучу Аликбек Жекшенкулов
— Эгемендүүлүктү алгандан кийин Кыргызстандын келечеги өзүнчө болушу керектигин айтабыз. Бирок өнөктөш катары экономикалык багыттан алганда эмне үчүн Кыргызстан Россия менен бирге болушу керек?
— Сырткы саясатта эң негизги багыт — бул улуттун кызыкчылыгы. Улуттук кызыкчылык деген эмне? Мында 4-5 орчундуу экономикалык, гуманитардык, тарыхый жана башка маселелер бар. Тарыхыбыз ушундай. Картадан караганда Борбордук Азиянын чок ортосунда ири мамлекеттер — Кытай менен Россиянын ортосунда жайгашканбыз. Отуз жыл болсо да экономикабыздын багытын аныктай албаган өзүбүз күнөөлүүбүз. Россия менен эмне үчүн тыгыз алакадабыз? 2015-2020-жылдары негизги ундун запасын Россия менен Казакстандан алчубуз. Азыр сырттан кирген ундун 80-90 пайызын Россиядан алабыз. Анткени Казакстан кымбат сатып жатат. Ошол эле мунай продуктусунун 95 пайызы, темир, токой чарбасы дээрлик Россиядан келет. Мамлекетибиздин жайгашкан жерине жана Алтай, Енисейге байланган тарыхыбызга караганда ЕврАзЭСке киргенибиз жакшы.
— Эгемендик алгандан бери эле батыштын рыноктук саясатын карманганыбыз менен аны жакшы өздөштүрө албай келебиз. Биз кайсы багытты тандашыбыз керек?
— Ар бир мамлекеттин өз тагдыры болот. Өнүгүү үчүн жоопкерчилик жана тартип керек. Мен ушул категорияны гана карайм. Мисалы, Сингапурдукундай тамекинин калдыгын көрүнгөн жерге ыргыткандарды милиция келип сабаса биздикилер чыдайт беле? Ошол себептен менталитеттин да чоң таасири бар. Мен да 32 жылдан берки кыргыз саясатына анализ жасап келе жатам. Ар бир окуяга саресеп жасасак, биздин элдин, коомдун мүнөзү, менталитети, көз карашы ар кошкон. Ошол себептен кээ бирлер арабдарды жактырса, кээ бирлер Түркияны жактырат. Кыргызстан мамлекет катары өз жолун табышы керек. Прагматикалык негизде ар бир мамлекеттин жакшы жагын алалы. Эл аралык мамиле эки тараптуу жол кыймылындай. Европага ыктаганга аракет кылгандар да болду. Бул да жакшы жол. Бирок Европа биздин бул ынтаабызга кандай мамиле жасады? Бери кадам таштаган жок да. Батыш өзү жардам бергиси келген өлкөлөрдүн миңдеген жаштарын окутуп, бардык тармактан инвестиция салып көтөрүп кеткен. А биздечи? Майда-чүйдө жеке ишкерлери келип, анча-мынча иштемиш этип кайра кетип калган. Башка эч кандай кол сунуу болгон эмес. Европада төрт жыл иштеп муну жакшы билем. Эгемендик алган алгачкы 15-20 жылда эйфорияда болуп, эмоцияга алдырганбыз. Ошол кезде бизди алдап, Батыштын түрдүү идеологиясын камтыган долбоорлор ар кандай өңүттө кирип жатты. Аны тескеген эч ким болгон эмес. Далай чет элдик ишкерлер өлкөнү өз кызыкчылыгына пайдаланып кетти. Биз эл аралык мамиледе ар ким менен иштеше берсек "кыргыздар туруктуу эмес экен" деген атка калабыз. Ошого карабай өлкөнүн келечегине ишенем. Анткени жаштардын ой жүгүртүүсү башка. Азыр элди орто жана чакан бизнес багып жатат. Ал карапайым элдин аракетинен жаралган. Бир кезде базарда отургандан уялган кыргыз азыр чет жерлерде укмуш соода кылып жатат. Элибиз бир нерсени үйрөнүүгө абдан жөндөмдүү.
© Sputnik / Асел АкматАликбек Жекшенкулов: бүгүнкү күндө улуттук идеологиябызды аныктай албай жатабыз. Кыргыздар менен Россиянын тарыхы кечээ кийинки СССР менен эле башталган эмес. Азыр кайрадан жанданып жаткан Алтай цивилизациясы буга далил.
Чрезвычайный и Полномочный посол КР, доктор политических наук Аликбек Джекшенкулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Аликбек Жекшенкулов: бүгүнкү күндө улуттук идеологиябызды аныктай албай жатабыз. Кыргыздар менен Россиянын тарыхы кечээ кийинки СССР менен эле башталган эмес. Азыр кайрадан жанданып жаткан Алтай цивилизациясы буга далил.
— Бизде азыр деле ар кайсы мамлекеттерден түрдүү багыттар боюнча келген адистер окутууларды жүргүзүп кетип турушат. Албетте, анын баары эле зыян деп айта албайм, бирок арасында кагазда көрсөтүлгөн себебине түпкү максаты туура келбеген тренингдерди көрүп жүрөбүз. Ошол эле биздин менталитетке жат, терс көрүнүштөрдү жайылтууга аракеттенишет. Буларды кантип жөнгө салуу керек?
— Сиздин пикириңизге толук кошулам. Улуттук кызыкчылык деген бар. Биз алардын максаты эмне экенин талдашыбыз керек. Үстүртөн карап коюп жатабыз. Ушул жагын колго алышыбыз зарыл. Бул жагын коомчулукка, көзөмөлдөөчү кеңештерге тапшыруу керек. Абдан олуттуу маселе. Бүгүнкү күндө улуттук идеологиябызды аныктай албай жатабыз. Кыргыздар менен Россиянын тарыхы кечээ кийинки СССР менен эле башталган эмес. Азыр кайрадан жанданып жаткан Алтай цивилизациясы буга далил.
Батыштын да жакшы жагын үйрөнүү керек. Бирок өзүбүздүн элибиздин баалуулуктары менен дал келсин. Сингапурдун, Малайзиянын өнүгүүсүн карап көрсөм, алар улуттун иденттүүлүгүн негизги өзөк катары алган. Мисалы, Японияда башын белге чейин ийип учурашат. Андан берирээк келсек корейлер анчалык ийилишпейт, андан бери кытайларда да бул жөрөлгө анчейин сактала бербейт. Анткени бул учурашуунун өзөктүк мааниси бир болгону менен Япония моно улуттуу дээрлик жабык өлкө, өз каада-салтын жакшы сактап келе жатат. Алар ошол улуттук менталитетине таянган идеологиядагы өлкөнү курушту. Тарыхына таянып, сырттан келген түшүнүктөрдүн баалуу жактарын гана илимий прогресске айкалыштырып жашап келишет. Ошол эле шайлоодо демократия дегенибиз менен ар бир мамлекеттин өзүнүн шарты болот. Баалуулуктары, салттары бар. Ошого жараша кабылдашат, пайдаланышат. Азыр жаштарыбыздын бири арабды караса, экинчиси батышты, дагы бири чыгышты ээрчийт. Алгачкы 20 жылдыкта аңдабай жүрүп, тажрыйбабыздын жогунан башкалардын таңуулаган кызыкчылыгына элибизди алдырып жибердик. Ар кимди идеологиясы каптап кетти. Мындан ары үйрөнө турган маселелер көп. Азыр дүйнө жүзү өзгөрдү. Эл аралык келишимдер иштебей эле кимде күч болсо ошол үстөмдүк кылууга өттү. Муну Ирак менен Югославияга бомба таштаган АКШ баштап берди. Биз да ары-бери ойнобой ЕАЭБ өлкөлөрү менен чогуу алдыга жылсак болот. Башка амал жок. Биз Россия менен Кытайдын ортосунда тургандыктан географиялык, геосаясий кызыкчылыктан улам кээ бир мамлекеттин өкүлдөрү келип жатат. Бирок чын жүрөктөн өлкөгө жардам берүү ниети болгон эмес. Муну тарыхтан карап көрсөңөр болот.
— 10 жылдан бери ЕАЭБдин алкагында айыл чарба, миграция тармагында бир катар иштер жасалыптыр. Ошентсе да каршы чыккандар бар. ЕАЭБдин келечегин кандай көрөсүз?
— Жактырбагандардын өз кызыкчылыгы бар. Элестеткиле, мунай, бензинге болгон керектөөнүн 95 пайызы менен камсыздаган Россия баарын токтотуп койсо эмне болобуз. Электр кубаттуулугун да кышында ЕАЭБде болгонубуз үчүн арзаныраак алып жатабыз. Жакында эле Россияга балык экспорттоо маселесинде көйгөй жаралганда, балык менен иштеген ишкерлерди чакырып жардам берейин десем, маселени жолго коюунун ордуна жашырышат. Анткени мамлекетке тиешелүү деңгээлдеги салыгын төлөгүсү келбейт. Башкача айтканда, кайсы бир маселенин жөнгө салынбай жатканына биздин ишкерлер да күнөөлүү болуп жатат. Болбосо биздин айыл чарба азыктарынын сапаты абдан жакшы. Бирок фермаларды, логистикалык борборлорду куруп, сыртка чыгарууга аракет жасабайбыз. Кыйынчылыктар болот, бирок жолун табышыбыз керек. Анан да уюмдун талабына ылайык сырттан кирген азыктардын да сапаты жакшырды.
Электр линияларынын артында күндүн чыгышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Кыргызстан ЕАЭБдин энергетика рыногунда негизги өлкө боло алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0