Кыргызстан ЕАЭБдин энергетика рыногунда негизги өлкө боло алат. Маек
Жазылуу
ЕАЭБ дүйнөдөгү бардык экономикалык уюмдардын эң жашы. Ал ресурска бай, келечектүү уюм катары беш мамлекеттин ичинде экономикалык маселелерди жөнгө салат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев болду. Биз Евразия экономикалык биримдигинин ишмердүүлүгү тууралуу сүйлөштүк.
— ЕАЭБ мамлекеттеринин мунай продукциясы жана газ боюнча бирдиктүү рынок түзүү иши кайсы этапка келип калды?
— Евразиялык экономикалык биримдик — дүйнө жүзүндө өзүнүн көлөмү боюнча эң ири экономикалык интеграциялык уюм. Дүйнөнүн 14 пайызын ээлейт. ЕАЭБдин ичинде дүйнөдөгү газдын бештен бир бөлүгү бар. Экинчиден, дүйнөдөгү мунайдын жети пайызы жана электр энергиясынын беш пайызы ушу беш өлкөдө. Рыноктун көлөмүн карасак, 184 миллион адам ушул ЕАЭБге кирген мамлекеттерде жашайт. Бул дүйнөдөгү жаш экономикалык биримдиктердин бири болуп эсептелет. Түзүлгөндөн бери көптөгөн иштер аткарылды, биримдиктин келечеги кең деп тайсалдабай айтсак болот. ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү документи бар. Анда газ, нефть жана электр энергиясы боюнча 2015-жылдын 1-январына чейин бирдиктүү рынок түзүү максаты коюлган. Даярдык жакшы. Учурда газдын баасы, тарифи жана эки тараптуу келишимдер жаатында маселелер жаралып, ал беш мамлекеттин ичинде талкууланууда.
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда "2038-жылга чейин газ бир баада сатылышы керек" деген келишим түзүлгөн. Эгер рыноктук принципке өтсөк, анда учурдагы баа менен сатып алабыз. Былтыр газ 2000 долларга чейин чыгып кетти. Мындай баа ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келеби? Рынокко өтсөк, эки тараптуу келишимдер жокко чыгышы керектиги айтылып, бирок ага кээ бир мамлекеттер каршы болууда. Эгер ушул маселелер чечилсе, биз бирдиктүү рынокко чыга алабыз. Экинчи маселе — мунай. Мында да чоң жумуштар жасалган жана беш мамлекеттин ичиндеги баа, сатуу принциптери, ташуу жагынан чечилбеген көйгөйлөр, келишпестиктер бар. Россия менен Казакстан мунай чыгаруучу катары жогору баада саткысы келет. Ал эми Армения, Кыргызстан жана Беларусь сатып алуучу катары арзан алууну көздөйт. Ошол себептен рынок шартында өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда ачык-айкындуулук түзүү керек. Бул багытта иштер жүрүп жатат.
© Sputnik / Асел АкматЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев: Энергетикалык инфраструктуралардын эскириши көйгөйлүү маселелердин бири. Айрыкча Казакстан менен Кыргызстанда.
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев: Энергетикалык инфраструктуралардын эскириши көйгөйлүү маселелердин бири. Айрыкча Казакстан менен Кыргызстанда.
© Sputnik / Асел Акмат
— Энергетика жаатында жалпы рынок түзүү ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге эмне берет?
— Энергетика — бул мамлекеттин өнүгүү процессинин эң негизги пайдубалы. Ал эми мамлекеттин негизги максаты — адамдын жашоо-шартын жакшыртуу. Үйдө жарык болушу керек. Ошондуктан энергетикалык коопсуздук дүйнө жүзүндөгү жалпы фундаменталдуу маселелердин бири болуп эсептелет. Бул ЕАЭБ ичинде артыкчылыктуу тармактардын бири.
ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү документи бар. Анда электр энергиясы боюнча 2025-жылдын 1-январына чейин бирдиктүү рынок түзүү максаты коюлган. Ушул маселелер боюнча даярдык жүрүп жатат. Учурда электр энергиясынын тарифи жана эки тараптуу келишимдер жаатында маселелер жаралып, беш мамлекеттин ичинде талкууланууда. Энергетика мамлекеттин карамагында болгондуктан бааны мамлекет өзү коёт. Бирдиктүү энергорынок түзүү үчүн продукциянын тарифин мамлекет эмес, жеке чарбалар аныкташы керек. Бул тармак атаандаштыкты жаратып, ошондо өнүгөт. Ал үчүн азыр электр энергиясын өндүрүп көзөмөлдөөнү жеке чарбаларга өткөрүү маселеси турат. Ошол эле учурда жеке чарбалар өз ара сүйлөшүп жатканда сатып жаткан мамлекет менен алуучу мамлекеттин ортосунда дискриминация болбошу зарыл. Бул рынок шартынын негизги фундаменталдуу үлгүлөрүнүн бири. Ушунун баарын чечип алсак, рынокту түзүп бүтөбүз. Бул багытта келишим түзүлүп, ага бардык мүчө беш мамлекет тең кол койгон. Мындан тышкары, кечиктирилгис келишимдин негизинде алып сатуу жүргүзүүчү аянтчалар түзүлүп, эрежелери бекитилди.
Энергетикалык инфраструктуралардын эскириши көйгөйлүү маселелердин бири. Айрыкча Казакстан менен Кыргызстанда. Отуз жылдын ичинде тариф төмөн, өндүргөн баасы жогору болуп келген. 2022-жылдын жыйынтыгы менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө 1,3 триллион киловатт-саат электр кубаты өндүрүлгөн. Россия менен Беларусь ашыкча энергия өндүрөт, ал эми Казакстан менен Кыргызстанда өткөн жылы, тескерисинче, электр энергиясы жетпей калды. Рынок түзүүнүн эң негизги максаты — бири-бирибизге жардамдашуу. Былтыркы кыйынчылыкта Кыргызстан Россиядан электр кубатын алууга келишим түзгөн. Быйыл, эмдиги жылы да кыш мезгилинде электр энергиясын алып турууга келишими бар. Жайында өзүбүздөн ашып, сатууга да мүмкүнчүлүк болсо, кышкысын жетпей калууда. Энергетикалык тармакты өнүктүрсөк, күчтүү болобуз.
© Sputnik / Асел АкматАрзыбек Кожошев: Биржа — бул рынок шартына өтүүнүн эң негизги инструменти. Ал мунай же газ сата тургандар менен алуучулар айткан бааны салмактап, орток баасын чыгарат.
Арзыбек Кожошев: Биржа — бул рынок шартына өтүүнүн эң негизги инструменти. Ал мунай же газ сата тургандар менен алуучулар айткан бааны салмактап, орток баасын чыгарат.
© Sputnik / Асел Акмат
— Бирдиктүү энергорынокто Кыргызстан гидроэнергетика тармагында өзөктүү өлкө боло алабы?
— Албетте, Кыргызстанда жаратылыш ресурсу абдан чоң (140 миллиард киловаттан ашык). Гидроресурстун 13-14 пайызын гана пайдаланып жатабыз. Келечекте Кыргызстан өзү үчүн гана өндүрбөй, үчүнчү мамлекеттерге да электр энергиясын экспорттой алат. Быйыл суунун тартыштыгына байланыштуу абал начар. Бирок өкмөт Россия, Түркмөнстан менен келишим түздү. Камбар-Ата ГЭСинин курулушу бар. Жакын арада Кытай менен биргелешип ГЭС куруу боюнча макулдашуу жүргөнүн угуп кубандым. Биздеги электр кубатын өндүрүү жакшы жолго коюлса сыртка сатуу мүмкүнчүлүгү жаралат. CASA-1000 программасынын негизинде Афганстан менен Пакистанга электр энергиясын сатууга толук мүмкүнчүлүк болот. Андыктан бул бирдиктүү рынокто Кыргызстандын негизги өлкө болуу мүмкүнчүлүгү кенен. Алгач муктаждыкты чечүү зарыл.
— Евразиялык биржа түзүүнүн келечегин кандай көрөсүз?
— Келечеги жакшы. Азыр Беларусь, Россия жана Казакстан тарабынан биржа түзүлдү. Биржа — бул рынок шартына өтүүнүн эң негизги инструменти. Ал мунай же газ сата тургандар менен алуучулар айткан бааны салмактап, орток баасын чыгарат. Ошондуктан биржа түзүү рынокко өткөн шарттын негизи болуп эсептелет. Кыргызстандагы биржалар да чоңоюп, ЕАЭБ ичинде да иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болот. Учурда Армения менен Кыргызстандын биржага катышууга шарты туура келбейт. Ал эми үч мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн көрүп бекиттик.
— Евразия биримдигиндеги транспорт тармагы тынымы жок тармак эмеспи?
— Абдан кеңири тармак. ЕАЭБдин президенттер катышкан жыйындарында транспорт логистикасын түзүү эң приоритеттүү маселе болуп эсептелет. ЕАЭБдин ичинде бул тармак боюнча абдан чоң иштер жүрүп жатат. Евразия биримдигине киргендиктен мамлекетте жол, темир жол, суу жолдору да каралууда. Быйыл Чолпон-Атадагы жыйында ушул негизги долбоорлорду бекиттик. Анын катарында түндүк менен түштүктү бириктирүүчү темир жол да бар. Бир гана ички жолдор эмес, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу приоритеттүү. Кытай өнүккөн мамлекет болгондуктан бул Кыргызстанга шарт менен кошо мүмкүнчүлүктөрдү да түзүп берет. Учурда товарлардын баары Европага Казакстан аркылуу кетип жатат. Жаңы салынуучу темир жол ага альтернатива болуп берет. Кытай — Өзбекстан — Кыргызстан темир жолу иштеп баштаса, Казакстан аркылуу кетчү жолго караганда 4-5 күнгө эрте барат. Себеби 900 чакырымга кыска. Ал эми Россия аркылуу Европага барганга караганда Кытай менен барганда жол 2000 чакырымга кыскарат. Ушул долбоорду өнүктүрүү үчүн кийинки этапта Макмал аркылуу Тогуз-Торо районунан кеткен каттамга Миң-Куш менен Кочкорду байласак, республиканын түндүк менен түштүгү да темир жол аркылуу биригип калат. Жыйынтыгында бул жолдун курулушу бир эле Кыргызстанга эмес, ЕАЭБге да пайдалуу болот.
© Sputnik / Асел АкматАрзыбек Кожошев: Быйыл Чолпон-Атадагы жыйында ушул негизги долбоорлорду бекиттик. Анын катарында түндүк менен түштүктү бириктирүүчү темир жол да бар.
Арзыбек Кожошев: Быйыл Чолпон-Атадагы жыйында ушул негизги долбоорлорду бекиттик. Анын катарында түндүк менен түштүктү бириктирүүчү темир жол да бар.
© Sputnik / Асел Акмат
— Бул сиздин тармак эмес, ошентсе да сурап кетейин. Эмгек мигранттарынын, жарандардын беш өлкөнүн арасында тоскоолдуксуз кирип-чыгып жүрүшү жаатында кандай иштер аткарылууда?
— Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү болгондон кийин кайсы мамлекетте кандай көйгөйлөр болсо, аны карап чыгуу биздин милдет. Себеби ЕАЭБге да биринчи кезекте мигранттардын турмушун жеңилдетүү максатында киргенбиз. Бүгүн Кыргызстандын миллиондон ашык жараны иштеп жатат. Ошондуктан приоритеттүү түрдө мигранттардын түйшүгүн жеңилдетүүгө чоң иштер жасалып жатат деп эсептейм. Миграциялык каттоо боюнча өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылууга Россия Федерациясы менен биргеликте жакшы чечимдер кабыл алынды. Өзүн-өзү жумуш менен камсыздагандардын тизмесине кирген таксисттер, чач тарачтар өздөрүнүн документтерин өздөрү даярдаганга мүмкүнчүлүгү бар. Москвада жана Москва облусунда эле бир эле такси кызматында 150 миңге жакын кыргыз иштейт экен. Бүгүн кыргыз мигранттарынын шарты Өзбекстан, Тажикстанга караганда жакшы. Көбү мурдагыга караганда кара жумушта эмес, тейлөө тармагында иштеп калды. Эки мамлекеттин ортосундагы бирдиктүү пенсияны да электрондоштуруу иштери жүрүүдө. Беш мамлекеттин ортосунда кабыл алынган келишим боюнча окумуштуулар ЕАЭБдин ичиндеги кайсы мамлекетке барбасын документи толук таанылат. Эч кандай экзамен, сынак тапшырбайт.
Элчиликте ИИМдин, миграциянын жана башка керектүү тармактардын өкүлдөрү бар. Кайсы бир маселелер болуп калса бизди чакырып, жыйын өткөрүп, аны чечүүнүн жолдорун карайбыз. Элчиликте маалымат базасы түзүлгөн, баарыбыз андан кабардар болуп турабыз.