https://sputnik.kg/20230913/ak-kuular-kongon-ajdyn-kol-tasmasy-akter-murat-mambetov-taberik-surot-1078571735.html
Мурат Мамбетовдун тушоосу кесилген. "Ак куулар конгон айдың көлдөгү" таберик сүрөт
Мурат Мамбетовдун тушоосу кесилген. "Ак куулар конгон айдың көлдөгү" таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт. 13.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-13T20:07+0600
2023-09-13T20:07+0600
2023-09-13T20:07+0600
кыргызстан
маданият
актер
мурат мамбетов
таберик сүрөт
"таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/08/1054160656_0:315:2049:1467_1920x0_80_0_0_4ff852caa39bf0d8b59afb9677fefd82.jpg
© Sputnik / Александр ФедоровКРдин эл артисти, белгилүү актёр Мурат Мамбетов менен Казак ССРинин эл артисти Ануарбек Молдобековдун сүрөтү 1972-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз капчыгайында тартылган.Ал жылы москвалык кинорежиссёр Юрий Борецкий "Ак куулар конгон айдың көл" кинофильмин тартууга киришип, сүрөттөгү инсандар анда роль жараткан.Башкы каарман Мукайдын образын жараткан Мурат Мамбетов ал кезди мындайча эскерет.Элеттеги кыргыздардын турмушун баяндаган эмгекте кыргыз менен казактын таланттуу актёрлору катышкан. Кино кийинки жылы көрүүчүлөргө сунушталган.По теме:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/08/1054160656_0:37:2049:1573_1920x0_80_0_0_d0fc40847e0ba501d06a7bb9adbb39d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, актер, мурат мамбетов, таберик сүрөт, "таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер, инфографика
кыргызстан, маданият, актер, мурат мамбетов, таберик сүрөт, "таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер, инфографика
Мурат Мамбетовдун тушоосу кесилген. "Ак куулар конгон айдың көлдөгү" таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Sputnik / Александр Федоров
КРдин эл артисти, белгилүү актёр Мурат Мамбетов менен Казак ССРинин эл артисти Ануарбек Молдобековдун сүрөтү 1972-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз капчыгайында тартылган.
Ал жылы москвалык кинорежиссёр Юрий Борецкий "Ак куулар конгон айдың көл" кинофильмин тартууга киришип, сүрөттөгү инсандар анда роль жараткан.
Башкы каарман Мукайдын образын жараткан Мурат Мамбетов ал кезди мындайча эскерет.
"Мен анда 15 жашта болчумун. Киночулардын сынагынан өтүп кетип башкы ролго тартылып калгам. Ага чейин деле актёр болом деп жүргөм. Сынакка эжем ээрчитип келген, чыгармачыл топтун катарына ошентип кошулуп, тушоом кесилген. Ага катышкандар эки айдай Көк-Жайык жайлоосунда жүргөнбүз. Күн сайын таң эрте туруп алып Пржевальск (азыркы Каракол) шаарынан автобус менен келип-кетип иштечүбүз. Өспүрүм кезимдеги эң алгачкы тасмамда эле залкарлар менен иштешип, алардын батасын алып калганыма сыймыктанам. Тасмада Сабира Күмүшалиева чоң энем, Таттыбүбү Турсунбаева апам, Орозбек Кутманалиев атам болчу. Алар мени өз баласындай эле көрүшчү. Кийин жогорку окуу жайды бүтүрүп, театрга келгенде да эркелетип жүрүштү. Келечегиме, чыгармачылыгыма чоң таасир эткен", — деди Мамбетов.
Элеттеги кыргыздардын турмушун баяндаган эмгекте кыргыз менен казактын таланттуу актёрлору катышкан. Кино кийинки жылы көрүүчүлөргө сунушталган.