Ак илбирске көз салган киночулар. Океев менен Борбиевдин таберик сүрөтү
20:14 23.08.2023 (Жаңыртылды: 17:42 30.08.2023)
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Sputnik / Александр Федоров
СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океев, КР эл артисти, таланттуу кинооператор Нуртай Борбиев жана анын ассистенти Темирбек Токталиевдин сүрөтү 1984-жылы Чүй облусундагы Ак-Суу капчыгайында тартылган.
Ал жылы киночулар Кожожаш мерген тууралуу "Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартып, кинодо кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору образ жараткан.
Ошол кезеңди аталган кинофильмде башкы каарман Кожожаштын ролун аткарган Догдурбек Кыдыралиев мындайча эскерет.
"Ак илбирстин тукумундагы" башкы ролго сынактан өтүп кетип тартылып калгам. Иш маалында сүрөттөгү инсандар менен тыгыз иштештим. Кинооператор Нуртай Борбиев режиссердун сөзүн эки кылбай, экөө бири-бири менен акылдашып иштешчү. Ошол эле маалда оператордун ишине Океев көп кирише берчү эмес, бир ооз эле сурап койчу. Ал кезде Нуртай байке кесиптештеринин ичинен жаратылыш кадрларын мыкты тарткан операторлордун бири болгон. Мен жалгыз тоого чыгып аңчылык кылган кадрларды экөө тарткан. Үчөөбүз керектүү техника, оокаттарыбызды алып бышылдап тоого чыкчубуз. Кээде аба ырайы бузулуп кеткенде ал жакта көпкө отуруп калчубуз. Курсагыбыз ачып, суусап, күндүн ачылышын күтчүбүз. Төлөмүш байке тамашаларын айтып зериктирбей, бизди күлдүрүп отурар эле. Бир күнү тоонун башында кечке маал таштын үстүндө эс алып отурсак Төлөмүш Океев "Догдурбек, ушул кинодон кийин бар болосуң же жок болосуң" деп койду, аны мен кийин түшүндүм. Ал тасманын аркасы менен Кыргызстанда бир топ таанылдым. Эл азыркы кезге чейин мени Кожожаш деп чакырып калышат. Ал эми илбирсти Кыргызстандагы мыкты мергенчилерге буйрутма берип алдыртканбыз. Караколдук мергенчилер тоодон кармап келген. Кинокартинада капканга түшүп калган ак илбирсти актер Марат Жантелиев экөөбүз бошоткон эпизод бар. Жырткычты дайыма тажрыйбалуу бир адис коштоп жүрчү. Ал бизге жаныбарды кантип кармап, ага кандай мамиле кылууну үйрөтчү. Мисалы, биз дайыма илбирстин артынан барып кармачубуз. Тырмактары аябай узун жана учтуу болгондуктан куруучулар кийген мээлейди кийгизип койчубуз. Тиштеп албасын деп оозуна жыгач салып, башынан байлап алчубуз. Адамга жулунбасын деп үстүн кездеме менен жаап койчубуз, жарык болбосо ал тынч жатып калчу. Тасма соңуна чыккандан кийин илбирс, сур эчки зоопаркка өткөрүлгөн", — деди Кыдыралиев.
Кинокартина Кан-Теңир чокусунда, Кегети ашуусунда, Ала-Арча капчыгайында, Ат-Башынын жайлоолорунда, ал эми бөкөндөргө аңчылык кылган учур Казакстандын Моюн-Кум талаасында тартылган. Ага 200дөн ашык адам катышкан. Айрым эпизоддорду тартууга каскадёрлор, СССРдин борборунан альпинисттер да чакыртылган.
Эске сала кетсек, "Ак илбирстин тукуму" 35тей мамлекеттин көрүүчүлөрүнө сунушталып, Берлиндеги эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.
Тема боюнча: