Ысык-Көлдүн керемет жерлери. Көз менен көргөнгө не жетсин!

© Sputnik / В. Божуков / Медиабанкка өтүүЫсык-Көл. Архивдик сүрөт
Ысык-Көл. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Жазылуу
Ысык-Көл облусу — Кыргызстандагы туристтер эң көп каттаган аймак. Бул жакта тарыхый-маданий жана саламаттыкты чыңдоо туризми, альпинизм, треккинг, ат үстүндө сейилдөө, саамал ичүү жана башка эс алуунун түрлөрү өнүккөн.
Аймактын бермети — кышкысын тоңбос Ысык-Көл. Бирок андан тышкары да эс тандырган жерлерге бай табиятка ээ. Бир күн ичинде эле көз талдырган бир нече жерди көрүп, капчыгай, каньондорду аралап, атка минип, улуттук тамак-аштардан даам сызууга болот.
Ысык-Көл облусунда туристтерди тартып турган жерлер туурасында Sputnik Кыргызстандын бул материалынан окуңуздар.

Ысык-Көл

Суунун тазалыгы боюнча Ысык-Көл дүйнөдө Байкалдан кийинки сапта турат. Туздуулугу жана климатынан улам жылдын суук мезгилинде да тоңбойт. Бул жакка өзгөчө флора, фауна жана суунун химиялык касиеттерин изилдөө үчүн да адистер көп келет.
© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көлдөгү Аврора пансионатынын пляжы
Пляж пансионата Аврора на Озере Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Ысык-Көлдөгү Аврора пансионатынын пляжы
Көлдү күнгөйдөн 5 200 метрге чейинки бийиктиктеги тоолор курчайт. Тескейинде – жыш карагайлуу токойлор. Абанын ырайына жана жарыкка жараша көл көгүлтүр түстөн көпкөк түскө чейин өзгөрүп турат.
Табигый курортко активдүү эс алууга гана эмес, ден соолукту чыңдоо үчүн да келишет. Көл өзүнүн дарылык касиети менен да белгилүү. Таптаза суу, арашан булактары жана тоо климаты эс алуу үчүн кынтыксыз шарттарды түзүп берет. Аллергиядан азап тарткандар, неврологиялык, бронх-өпкө органдары, таяныч-кыймыл, тамак сиңирүү тутумундагы оорулардан жапа чеккендерге чоң даба.

Сары-Чат — Ээр-Таш коругу

Каракол шаарынан 60 чакырым узактыкта, деңиз деңгээлинен 3 500 метр бийиктикте көз жоосун алган Сары-Чат – Ээр-Таш коругу бар. Чанда кездешчү жаныбарлар байырлаган жапайы жана катаал жай. Корукта 6 миң чакты кулжа жана 4 миңдей тоо эчки жашайт. Ошол эле учурда жырткычтар да: карышкыр, ак илбирс, ал эми асманында өтө сейрек жырткыч куш — орок тумшук чулдук каалгыйт. Корукта Марстагы чуңкурчаларга суу толуп турганын элестеткен бир нече тоо көлү да бар.
© Sputnik / Влад УшаковКаракол шаарынан 60 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Сары-Чат - Ээр-Таш коругу
Заповедник Сарычат-Эрташский, расположенный в 60 километрах от города Каракола - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Каракол шаарынан 60 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Сары-Чат - Ээр-Таш коругу

Григорьев капчыгайы

Чолпон-Атадан 60 чакырымга алыс. Июнь айынан сентябрга чейин жергиликтүү тургундар уюштурган боз үй кэмпинги үчүн эң ылайыктуу жер. Тянь-Шань карагайлары, альпы шалбаалары, тоо көлдөрү, көркөмү көз талдырган Кум-Бел (4 200 метр) жана Эшен-Булак (4 647) чокуларына суктана төшүндө өскөн чычырканак, дан куурай, бөрү карагат, козу карындан терип, көз талдырган кооздуктан ырахат аласыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдөгү Григорьев капчыгайы
Григорьевское ущелье на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Ысык-Көлдөгү Григорьев капчыгайы

Каракол шаары

Ысык-Көл облусунун административдик борбору эң оболу архитектуралык курулуштары менен белгилүү. Мындан сырткары, Борбордук Тянь-Шанга тоо багыттарынын көпчүлүгү Караколдон башталат. Ал эми андан жети чакырым нары жакта шаар менен бирдей аталыштагы тоо лыжа базасы бар.
1889-жылы зилзаладан кыйрап калган эски храмдын урандыларынан 1895-жылы курулган Ыйык Троицк православдык чиркөөсүнө да көңүл бурганыңыз дурус. Имараттан сегиз кырдуу беш купола көтөрүлүп турат, батыш тарабында коңгуроо кагылчу бурчу бар. Дубалы, кире бериши жыгачтан оюлуп, кооздолгон.
Чиркөөнүн сыймыгы – иконописец Андрей Рублевдун "Ыйык Троицанын" көчүрмөсү, андан тышкары, эски иконалар сакталуу турат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

"Каракол" тоо лыжа базасы

"Каракол" тоо лыжа базасы  - Sputnik Кыргызстан
1/4

"Каракол" тоо лыжа базасы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Ыйык Троицк православдык чиркөөсү

Ыйык Троицк православдык чиркөөсү - Sputnik Кыргызстан
2/4

Ыйык Троицк православдык чиркөөсү

© Sputnik

Дунган мечити

Дунган мечити - Sputnik Кыргызстан
3/4

Дунган мечити

© Sputnik

Николай Пржевальскийдин музейи

Николай Пржевальскийдин музейи - Sputnik Кыргызстан
4/4

Николай Пржевальскийдин музейи

1/4

"Каракол" тоо лыжа базасы

2/4

Ыйык Троицк православдык чиркөөсү

3/4

Дунган мечити

4/4

Николай Пржевальскийдин музейи

Цин доорундагы (1644–1911) кытай архитектуралык стилинде бир да мык кагылбастан курулган кооз Дунган мечити да кызыктуу. Жергиликтүү чеберлер пайдубалын куюп, таштарды койсо, жыгач менен жалаң кытайлыктар иштеген.
Караколдо дагы бир нече музей бар, алардын бириндеги экспонаттар изилдөөчү жана саякатчы Николай Пржевальскийдин (шаар мурда ал кишинин урматына Пржевальск деп аталган) басып өткөн жолун баяндап турат.

Эңилчек мөңгүсү

Кыргызстандагы эң чоң бул мөңгү 800 чарчы чакырымга созулат. Эңилчек мөңгүсүнүн эки тарабы бар: Түштүк Эңилчек жана Түндүк Эңилчек, аларга 70тен ашуун альпинисттик маршрут салынган. Ушул райондо айтылуу Кан-Теңир, Ленин жана Жеңиш чокулары заңкаят. Экспедициянын орточо узактыгы — 21 күн, ага катышуу акысы — 2-3 миң доллар. "Майда-Адыр" альпинисттик базасындагы тик учак менен үстүнөн көрүүгө болот.
© Sputnik / В. Божуков / Медиабанкка өтүүЭңилчек мөңгүсүндөгү альпинисттер
Альпинисты на леднике Иныльчек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Эңилчек мөңгүсүндөгү альпинисттер

Каракол улуттук паркы

Парктын аймагында экстримди сүйгөндөр үчүн "Каракол" лыжа базасы бар. Мында жайкысын аркан жол менен ырахаттанышса, кышкысын лыжа тебишет. Бул жакта параплан, дельтапланда учуп же ратрак (тоо таксиси) менен тоо чокусуна чыгууга болот.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Каракол" тоо лыжа базасы
Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
"Каракол" тоо лыжа базасы
Жайында жаратылыш паркынын чокусунда альпинисттик лагерь иштейт. Ошол жерден Жигит (5 130), Каракол (5 281), Пржевальск (4 283), Жуков (4 450), Тельман (4 460), Димитров (4 450), Фучик (4 210) жана Гастелло (4 350) чокуларына карай жол башталат. Карагай жана арча токойлору, альпы шалбаалары, бийик тоо койнундагы көлдөр, чакан шаркыратмалар көзүңүздү да, көөдөнүңүздү да сүйүнтөт. Бул жактагы көлдөрдүн эң ириси — Ала-Көл. Ага күл азыгыңызды түйүнчөккө түйүп, суу өткөрбөс кийим кийип алып бир күнгө барып келсеңиз болот. Анткени абанын ырайын дегеле болжоп болбойт.

Алтын-Арашан капчыгайы

Ысык булактары менен белгилүү бул капчыгай Караколдон 10 чакырым ыраак аралыкта. Арашан тоолуу дайрасынын жээгиндеги чакан бассейндерде ачык асман алдында сууда сүзүүгө болот. Суунун дарылык касиети бар, жайы-кышы дебей жылуу, радон булактарында – 35, ал эми күкүрттүү суутек сууларында 41 градус кармалат.
© Sputnik / Геннадий ЗакировАлтын-Арашан капчыгайы
Ущелье Алтын-Арашан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Алтын-Арашан капчыгайы
Карагайлуу токой, жашыл шалбаалардан тышкары, мөңгүдөн түшкөн Кашка-Суу көлүнө, капчыгайдын башындагы Күлдүрөк, Шаркыратма, Таш-Тектир шаркыратмаларына суктанууга болот. Аларга карай жөө 2-3 саатта жетесиз. Туристтердин эң чыдамкайлары муз каптаган алп Ак-Суунун бооруна чейин чыга алышат (деңиз деңгээлинен 5 000 метрден ашуун бийик). Бөтөнчө бир трапециялык калыбынан улам аны Палатка чокусу деп коюшат.

Жети-Өгүз капчыгайы

Караколдон 28 чакырым нары аралыкта, катарга тизилген өгүздөрдүн элесиндеги жети кызыл жар заңкайып турат. Жети-Өгүз деген аталышы да ушундан. Жети-Өгүздүн өйдө жагында тоо көлдөрү жана шаркыратмалар да бар.
© Sputnik / Геннадий ЗакировЖети-Өгүз капчыгайы
Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Жети-Өгүз капчыгайы
Капчыгайдын аймагында Жети-Өгүз дарылоо-ден соолукту чыңдоочу курорттук зона ысык булак менен иштейт. Андан анчейин алыс эмес жерде жыл сайын боз үйлөр катар-катар тигилет. Ал жакта саамал ичип, жаа атып, атка минип, куш салууга болот.

Жомок каньону

Ысык-Көлдүн күнгөйүндө, Тосор айылынан төрт чакырым аралыкта чополуу аскалардан турган каньон бар. Көркөмдүү ландшафт түк тынбаган шамалдан улам пайда болгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусундагы "Сказка" каньону
Каньон Сказка в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Ысык-Көл облусундагы "Сказка" каньону
Жомокко саякатыңыз эки сааттан ашпайт, ошондуктан каньонго кайсы бир капчыгайга бараткан жолдо кайрыла кеткениңиз оң болот. Бирок жамгырдуу күнү барыштын кажети жок, антпесе баткакка тыгыласыз. Баса, таң атарда же күн батарда кооз сүрөттөрдү тартууну унуткарбаңыз.

Чоң-Кызыл-Суу

Капчыгайдын аталышы мындагы дайранын суусу кызыл кумдакты жууп отуруп, жошонун түсүндө агып калгандыктан. Караколдон батышка карай 60 чакырым аралыктагы капчыгайдын узундугу – 40 чакырым.
© SputnikЫсык-Көл облусунун жаратылышы
Природа Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Ысык-Көл облусунун жаратылышы
Бир күндүк жүрүштөр, чокуларга, мөңгүлөргө чыгуу үчүн эң ыңгайлуу жер. Бул жакта Тескей Ала-Тоо кыркаларындагы эң ири Колпаков мөңгүсү бар. Жай эс алуу үчүн ийне жалбырактуу токойго аттанууга болот. 2000 метрлик бийиктикте чычырканак, кожогат, ит мурун, барбарис жана козу карын таба аласыз. Айбанаттардан капчыгайда каман, элик, теке, суур, улар, кулжа, кыргоол, жору жана ак илбирстер кезигет. Токойдун узатасынан Жылуу-Сууга бир чумкуп көрсөңүз болот. Андан жогору Тянь-Шань физика-географиялык станциясы жайгашкан. Анын дал үстүнөн аталышы жок жалгыз тоо заңкайып көрүнөт. Ага чыксаңыз, Ысык-Көл өзгөчө көркөм көрүнөт.

Жыргалаң өрөөнү

Ысык-Көлдүн чыгыш бөлүгүндөгү өрөөн Караколдон 60 чакырым ыраак. Саамал ичүүдө кеңири белгилүү жер. Өрөөндө жыл сайын жайкысын боз үйлөр тигилип, кымыз ичип, ден соолукту чыңдап жана кыргыз маданиятына сүңгүүгө да мүмкүнчүлүк болот. Кымыз уй сүтүнө караганда алда канча аз майды, белокту камтып, бирок витаминге бай келет. Саамал менен ден соолукту бекемдөө — Кыргызстандагы эң уникалдуу кызмат, ага окшогон тейлөөнү дүйнөдө табыш кыйын. Бийик тоо койнунда жашап, тамакты мүнөздөп ичүү менен жекече тартипте өлчөмү менен саамал ичүү саламаттыкты чыңдап, таң каларлык натыйжа берет.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖыргалаңдын жаратылышы
Природа Жыргалан в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Жыргалаңдын жаратылышы

Туз-Көл

Кыргызстандагы эң шор көл Балыкчыдан 70 чакырым алыста. Бул сууда байырлаган жандык жок. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, анын дарылык касиети бар. Туз-Көлгө жөнөөрдө сууга түшкөн соң чайкануу үчүн бир идишке таза суу куюп алганыңыз оң.

Өрнөктөгү саймаланган таштар

Өрнөк айылынан анчейин алыс эмес жерде ачык асман алдында миңдеген саймаланган таш жатат. Анын боорундагы сүрөттөрдө айбанаттар, аң уулоо, той-топур жана согуштар чагылдырылган. Айрым сүрөттөр 4 миңдей жыл мурун тартылган.
© Sputnik / Александр ФедоровӨрнөктөгү саймаланган таштар
Говорящие камни Иссык-Куля — послания древних людей в петроглифах. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Өрнөктөгү саймаланган таштар
Мындан сырткары, бөтөнчө бул музейдин аймагында ар кандай коргон, имараттардын урандылары да көзгө чалдыгат. Окумуштуулардын баамында, алар сак, усундардын тушунда тургузулган. Бул жакта мурун храм (ибадаткана) болгон деген теория бар. Жергиликтүү тургундар буга ынанып, петроглифтердин керемет касиеттерине ишенишет.

"Рух-Ордо" маданий борбору

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЧолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борбору
Культурный центр Рух Ордо в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борбору
Комплексте 10 чакан музей, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, кыргыз искусство жана маданият (кыргыз айылы), фото-сүрөт көргөзмө залдары, Саякбай Каралаевдин чатырчасы, Билим казынасы бар. Ошондой эле ар бири беш динди: католик, ислам, православ, буддизм, иудаизмди чагылдырган беш чиркөөнү да көрө аласыз.
Комплекстин аймагында ар кыл техникада жасалган скульптура, картиналардын экспозициялары бар. Ар бири туурасында сиздерге экскурсовод кенен баяндап берет. Тарых, маданият жана кыргыздардын турмуш-тиричилиги менен гана таанышпастан, обон созуп, улуттук бий аткарып, улуттук оюн жана башка иш-чараларга катыша аласыз.
Токойдо сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Бишкектеги туризм агенттиктери. Тизме, байланыш телефону
Жаңылыктар түрмөгү
0