Кыргызстанда ветеринария тармагы башаламан болуп калды. Академиктин маеги

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүЭтти лабораторияда текшерүү. Архивдик сурөт
Этти лабораторияда текшерүү. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Жазылуу
Ветеринария тармагына реформа киргизүү маселеси парламентте да талкууга алынган. Учурда бул тармакты жеке секторго айлантуу керектиги жана өзгөртүү киргизбесе эт, сүт азыктарын сыртка чыгарууда маселе жаратары да кеп болгон.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуттук илимдер академиясынын биотехнология институтунун директору, ветеринария илимдеринин доктору, академик Асанкадыр Жунушов болду.
© SputnikУлуттук илимдер академиясынын биотехнология институтунун директору, ветеринария илимдеринин доктору, академик Асанкадыр Жунушов
Директор Института биотехнологиий НАН КР Асанкадыр Жунушов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Улуттук илимдер академиясынын биотехнология институтунун директору, ветеринария илимдеринин доктору, академик Асанкадыр Жунушов
— Кыргызстан эгемендик алгандан бери ветеринария жаатында көп маселелер чыкты. Бул тармактын күнгөй-тескейи тууралуу айтып берсеңиз?
— Кыргыз илгертен “мал-жан аманбы” деп учурашкан эмеспи. Ошондо эле өзүнүн ветеринардык ыкмалары болгон. Бирок жашоонун агымы менен бул тармак да өсүп-өнүгүп, ар кандай мыйзамдар кабыл алынып келди. Мунун түпкү өзөгү — адистерди даярдоо, алардын билим деңгээли, анан ветеринардык каражаттардын жетиштүүлүгүндө. Жогорку Кеңеште да ушул жаатта сөз болду. Ветеринария тармагына жеке ишкердик жүргүзгөн адистер керек. Бул тармакты көзөмөлдөгөн инспекциянын маанилүүлүгүн айтып, мурда өзүнчө бөлдүргөн элек. Кайра Айыл чарба министрлигинин алдына киргизип коюшту. Инспекция көз карандысыз болушу шарт. Анткени алар мыйзамдын аткарылышын гана көзөмөлдөйт. Ал эми дарылоо, вакцина сатып келүү өңдүү иштер аларга жүктөлбөшү керек.
Жакында эле президент дары-дармекти эч ортомчусуз заводдон түз алып келүү үчүн “Кыргыз фармация” мамлекеттик ишканасын түздү. Ветеринария тармагына да ушундай система керек. Болбосо бул тармак да будуң-чаң, чакчелекей болуп кетти. Мал ээлери мал доктурдун көзөмөлү жок эле өз билгениндей укол сайдырып жатышат. Мисалы, мал шарп болуп калса нитокс (бодо малды, майда жандыктарды жана чочколорду бактериялык этиологиядагы жугуштуу оорулардан дарылоочу дары — ред.) сайып коюшат. Шарп — бул вирус. Ага нитокс жардам бербейт. Ошол себептен райондордо жеке менчик ветеринардык мекемелер ачылышы керек. Союз тараарда имарат бөлүп берип, жеке менчик ветеринарлардын ишмердигин баштадык эле. Коңшулар бизден келип үйрөнүшчү. Бирок муну да колдон чыгарып жибердик. Бай мамлекетте ветеринария тармагын мамлекет толук камсыздайт. Кыргызстанды башкаларга салыштырууга болбойт. Бизде ветеринарлардын нормативдик-укуктук нормаларын дыкат карап, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Антпесе айыл жеринде фермерлер ветеринар менен иштешүү маданиятын билбейт. Бул кызматтын кадырын көтөрүү зарыл. Мал ылаңдан алыс болсо, элдин ден соолугуна жакшы.
Өкүнүчтүүсү, азыр ветеринардык палатанын маанисин түшүнбөгөн да аткаминерлер бар. Ветпалата — бул жер-жерлерге адистерди бөлүштүрүп, алардын квалификациясын жогорулатып, ишмердүүлүгүн карап көрсөтмө берип турат. Билимин жогорулаткан семинарлар, конференциялар уюштурулат. Кадрдык абалыбыз да анча жакшы эмес. Мунун баарын коомдук талкууда эл да айтса керек. Ушул маселелер жаңы мыйзамда камтылышы абзел.
Жогорку аттестациялык комиссиянын коомдук-гуманитардык, табигый, математика жана техника илимдерин аттестациялоо бѳлүмүнүн башчысы Токтобүбү Баястанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Болон системасындабыз, бирок анда биздин окумуштуулук даражалар каралган эмес. Маек
— Ветеринардык инспекция биздин тарыхыбызда өз алдынча көз карандысыз кызмат катары иштеп көрдү беле?
— Алгач медицина, санитардык, фитосанитардык кызматтардын баарын бириктирип, өкмөттүн алдында инспекция түзүлгөн. Иш жакшы болбой медиктер өзүнчө бөлүнүп кетти. Анда да чекилик кетип, малды идентификациялоону инспекцияга берип койгон. Бул алардын иши эмес. Өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтегилердин жумушу. Мал дарылап жүргөн жеке ветеринарга да жүктөп коюп жатышат. Ветеринардык палата боюнча Польшага барып келдим. Ал жакта индентификациялоону жеке компанияга берип коюптур. Бизге деле ошондой система керек болчу. Анткени жеке адамдар иштеткен идентификациялоо иши үзгүлтүккө учурамак эмес. Азыр биркасы жок малды сыртка чыгара албайсың, эч ким албайт. Ошол себептен бул иш экономикалык жактан маанилүү. Этти да бренд кылып, анан сатышыбыз керек.
— Кантип?
— Этти изилдөөдөн өткөзүп, анын курамы, сапаты өзгөчө экенин далилдеп, анан сатышыбыз кажет. Атайын текшерүүдөн өткөн мал союучу жайлар талап кылынат. Бул да өзүнчө система. Чет өлкөгө эт саткан бизнесмендердин айтымында, жайлоодо жүргөн малдын этинин мыктылыгынан улам буйрутмалар көбөйгөн. Демек, суроо-тлаап бар, бирок талапка жооп бергендей шарт зарыл.
Экинчиден, топоздун этин өзүнчө бренд катары жайылтуу зарыл. Ал гемоглобинди көтөрөт. Суукка чыдамдуу жаныбардын этинин көп пайдасы бар. Изилдөө иштери эттин курамы да башкача экенин көрсөттү. Илгеркидей бир аз талкан кошуп күл азык жасап, тышкы рынокко алып чыкса болот. Тоого чыгуучу туристтерге, альпинисттерге керектүү оокат. Ысык сууга бир күл азыкты салып койсо, талканы, эти менен шорпо даяр. Ушундай жолдорун карап чыгуу керек.
Ошол эле балык чарбасын алсак, текшергенде зыяндуу зат чыгып калууда. Европада мындан 7-8 жыл мурун эле тоют антибиотиги пайдаланылбай калган. Андай азыктарды Европа рыногуна чыгарбайт. Ветеринария тармагында сүт маселеси да көтөрүлдү. Майда болгону менен байкасаңар, кышында сүт кымбат, жайында арзан. Себеби эмнеде? Анткени малдын тууту жөнгө салынган эмес. Ушундай майда, бирок маанилүү маселелер көмүскөдө калууда.
© Sputnik / Табылды КадырбековАсанкадыр Жунушов: ветеринар кадимкидей эле операция жасап, текшерип машыгышы зарыл. Мурда “Фрунзе” эт комбинатында мал союуга атайын бир күндү белгилешкен. Студенттер практикага барып, ошол жерден союп, органдарын текшерчүбүз.
Директор Института биотехнологиий НАН КР Асанкадыр Жунушов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Асанкадыр Жунушов: ветеринар кадимкидей эле операция жасап, текшерип машыгышы зарыл. Мурда “Фрунзе” эт комбинатында мал союуга атайын бир күндү белгилешкен. Студенттер практикага барып, ошол жерден союп, органдарын текшерчүбүз.
— Кадрлардын компетенциясы тууралуу да айттыңыз. Ветеринарларды даярдоо шарты кандай?
— Бул үчүн атайын лаборатория, клиника болушу керек. Ветеринар кадимкидей эле операция жасап, текшерип машыгышы зарыл. Мурда “Фрунзе” эт комбинатында мал союуга атайын бир күндү белгилешкен. Студенттер практикага барып, ошол жерден союп, органдарын текшерчүбүз. Азыр айрым окуу жайлар клиника ачып жатышат. Негизи университеттин алдында клиника ачкан менен мал кармабаса болбойт.
— Ветеринария тармагы абдан маанилүү. Анткени адамдын саламаттыгына түздөн-түз байланыштуу. Министрлик биологиялык коопсуздук жагын да карашы керек...
— Биологиялык коопсуздук тууралуу мыйзам жазып бергенбиз, бирок дагы да кармалып жатат. Аны ветеринардык инспекция карап, текшерип бермек. Негизинен алгач өлкө боюнча “баланча жерде мындай оору чыкты, ага каршы мындай вакцина, дары бар” дегендей план түзүлүшү шарт. Буга карап өкмөт акча бөлөт. Муну менен катар дартты аныктоого ветеринардык лаборатория керек. Бирок аны баары эле иштете албайт. Курганда деле аны кармап турууга көп акча талап кылынат экен. Азыр мобилдик лаборатория чыкты. Парижден көрүп келдим. Чакан имараттын бир жагына жабдыктардын баарын жайгаштырып, экинчисине 3-4 киши иштей турган лаборатория курса болот. Бизге ошол эле жетмек. Франциялык илимий институт менен келишип, бул маселени чечүү тууралуу Финансы министрлигине, Экономика министрлигине да кат жолдодум.
— Ветеринария тармагын өнүктүрүү, өзгөртүү керектиги талкууга алынып жатпайбы. Эмнесинен баштоо керек?
— Кадрларды даярдап, кайра аларды айылдарга жайгаштыруу маселесин чечүү керек. Азыр ветеринария тармагы аксакал ветеринарлардын арты менен эле кармалып турат. Алардын көзү барда тажрыйбасын алып, атайын уюм түзүлүп иштер жасалышы керек. Мындан тышкары, ар бир айылда база, анын жанына жеке менчик ветеринардык пункт курулушу зарыл.
Дыйкандар жерди тамчылатуу менен суугарып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Тамчылатып, жаадырып сугарууда түшүм сапаттуу, чыгым аз болот. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0