Илимдин чордону болгон Улуттук академияга 80 жыл. Архивдик ирмемдер
Илимдин чордону болгон Улуттук академияга 80 жыл. Архивдик ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Мындан 80 жыл мурун Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында СССРдин Илимдер академиясынын филиалы ачылып, кыргыз жергесинде илимге чыйыр салынган. Sputnik Кыргызстан... 21.08.2023, Sputnik Кыргызстан
Фрунзе шаарында 1943-жылы СССРдин Илимдер академиясынын кыргыз филиалы ачылган. Анда согуш маалында СССРдин Илимдер академиясынын биологиялык бөлүмү көчүрүлүп, аны академик Константин Скрябин жетектеген. Илимий мекеме темирге муктаж болгон Советтик армия үчүн Тянь-Шань тоолорун чалгындап, айыл чарбага да өзгөчө көңүл бурган. Муну менен алар фронттогулардын жеңишке жетүүсүнө кол кабыш кылган. Кийин академия жаш республиканын экономикасынын өнүгүүсүнө жол көрсөтүп, геология, медицина, энергетика жана суу ресурстарын башкаруу, зоология жана паразитология, биология, химия, тарых, тил жана адабият институттары да өз иштерин баштаган. Союз маалында ата мекендик илимпоздор дүйнөлүк ачылыштарды жасап, көптөгөн илимий-изилдөө иштери менен алектенген.Тема боюнча:
Мындан 80 жыл мурун Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында СССРдин Илимдер академиясынын филиалы ачылып, кыргыз жергесинде илимге чыйыр салынган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган мекеменин түптөлүү тарыхы чагылдырылган сүрөт баян сунуштайт.
Фрунзе шаарында 1943-жылы СССРдин Илимдер академиясынын кыргыз филиалы ачылган. Анда согуш маалында СССРдин Илимдер академиясынын биологиялык бөлүмү көчүрүлүп, аны академик Константин Скрябин жетектеген. Илимий мекеме темирге муктаж болгон Советтик армия үчүн Тянь-Шань тоолорун чалгындап, айыл чарбага да өзгөчө көңүл бурган. Муну менен алар фронттогулардын жеңишке жетүүсүнө кол кабыш кылган. Кийин академия жаш республиканын экономикасынын өнүгүүсүнө жол көрсөтүп, геология, медицина, энергетика жана суу ресурстарын башкаруу, зоология жана паразитология, биология, химия, тарых, тил жана адабият институттары да өз иштерин баштаган. Союз маалында ата мекендик илимпоздор дүйнөлүк ачылыштарды жасап, көптөгөн илимий-изилдөө иштери менен алектенген.
Ата мекендик илимпоздор түрдүү өндүрүштүк техника, технология, вакциналарды иштеп чыгып, элдик чарбанын көйгөйлөрүн илимий жол менен чечкенге кол кабыш кылган
Кыргызстандык илимпоз Жолочу Асанкулов иштеп чыккан көп функционалдуу чынжырлуу таш иштетүүчү "Аскатеш" автоунаасы Болгариянын Пловдив шаарында эл аралык көргөзмөдө
Кезинде академиянын алдында институттардын өз лабораториясы, станциялары болгон. Алардын айрымдары азыркыга чейин иштеп келет. Сүрөттөрү Физиология жана бийик тоолуу аймактын эксперименталдык патология институтунун илимий кызматкерлери Алтын Сооданбекова менен Бурул Токтокожоева. 1981-жыл.
Кыргызстандык илимпоздор кезинде дүйнөлүк космонавтиканын өнүгүүсүнө салым кошкон. Сүрөттө Фрунзедеги СССРдин Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросунун кызматкерлери космостон маалымат чогулткан "Фрагмент" жабдуусу менен. Фрунзе шаары, 1983-жыл.