Коргоого муктаж Саймалуу-Ташты ЮНЕСКО тизмесине киргизүү аракети жүрүүдө. Маек

© Sputnik / Влад УшаковСаймалуу-Таш петроглифтери. Архивдик сүрөт
Саймалуу-Таш петроглифтери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Жазылуу
Учурда Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастарынынын тизмесине киргизүү максатталып жатат. Ал жазуулар 3000-3200 метр бийиктеги Фергана тоо кыркаларында ачык асман алдында жайгашкан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев болду.
© Sputnik / Асель СыдыковаМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев
Главный специалист управления по охране культурного наследия Минкультуры КР Чынарбек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев
— Жакында эле Казарманда таш бетине тегиз чегилген жазуулар боюнча атайын иш-чара өттү. Кепти ошондон баштасаңыз?
— Ушул жылдын 1-4-август күндөрү айтылуу Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш петроглифтерин жеринен таанып, аларды келечекте кантип сактап калуу жана туура пайдалануу маселелерин козгогон атайын илимий конференция өткөрдүк. Илимий макалалар, докладдар окулуп, жыйынтыгында чечимдерди кабыл алдык.
— Саймалуу-Таштын абалы кандай экен?
— Негизинен Саймалуу-Ташка бир нече жолу чыккам. Дагы да коргоого муктаж. Ал жерге кароолчуларды көбүрөөк коюу керек. Анткени барган туристтерди, өзүбүздүн элди көзөмөлдөп, жол көрсөтүп туруу кажет. Экскурсоводдор жок. Ушунун баары иш-чарада айтылды. Тарыхый жайды ачык асман алдындагы музей катары пайдалануу маселелерин карадык.
— ЮНЕСКОго киргизүүгө эмне талап кылынат?
— Маданият министрлигинин приоритеттүү иштеринин бири ушул өрөөндөгү Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизүү болуп турат. 2021-жылы аталган уюмга кирүүчүлөрдүн арасында талапкер катары каттоого алынганбыз. Андан бери тизмеге Сулайман Тоону, Чүй облусундагы орто кылымдарга таандык Красная Речка, Ак-Бешим жана Бурананы Улуу Жибек Жолунун боюндагы эстелик катары киргиздик. Саймалуу-Таш боюнча убагында эки ача пикир жаралып калган. Бир даары киргизсек десе, экинчилери ыйык жер катары сактап калууну көздөгөн. ЮНЕСКОго киргизсек да, киргизбесек да тарыхый, табышмактуу жайды сактап калышыбыз керек. Негизинен 165 өлкө тааныган уюмдун тизмесине каттатуу жергиликтүү элдин тарыхый мурасын баалаган чоң иш-чара болмок.
© Фото / Влад УшаковЧынарбек Жолдошев: маданият министрлигинин приоритеттүү иштеринин бири ушул өрөөндөгү Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизүү болуп турат
Петроглифы урочища Саймалуу-Таш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Чынарбек Жолдошев: маданият министрлигинин приоритеттүү иштеринин бири ушул өрөөндөгү Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизүү болуп турат
— Ташка жазылган жазуулардын тарыхы кызык эмеспи. Аны изилдөө жагы кандай болууда?
— Биздин ата-бабаларыбыз да өз тарыхын чегип калтыруу үчүн атайын бети түз, өзгөчө таштарды тандашкан. Ошол себептен булардын табышмактуулугу бар. Анткени Түштүк Сибирден баштап, биздин аймакка чейинки петроглифтердин чагылдырган доору, стили бирдей. Ушул аймакта бүтүндөй бир цивилизация көчүп-конуп жашап, тарыхый эстеликтерди калтырган деген ойдобуз. Сак, усун доорунун сүрөттөрүн Кыргызстандан, Түштүк Сибирден, Монголиядан жана Казакстандын өрөөндөрүнөн жолуктурабыз. Муну ошол доордун турмуш-тиричилигин, маданиятын, философиясын, чарбачылыгын чагылдырган таш китеп катары кабылдасак болот. Аңчылыкка чыгып бара жаткан, соко айдаган дыйканчылык сүрөттөрү аркылуу бул кесиптин жол-жобосун калтырууну көздөгөнбү деген ой келет. Анан да философиялык багыттагы, адамдардын чачтарын узун кылып, ар кандай куралдарды карматып тарткан сүрөттөрү бар. Коло, сак, усун доорунда жана орто кылымдарда тартылган жазуулар айырмаланып турат. Ушул жаатта илимий макалаларды жарыялап, конференцияларды уюштурган туруктуу адисибиздин жоктугу да кемчилик.
Таш бетиндеги жазуулар — өзүнчө илим. Атайын таш жазууларын изилдеген, илим жактаган окумуштуулар жок. Болгону археологдор гана илимий макала жарыялай калып жүрүшөт. Таш бетине тартылган сүрөттөр боюнча илим 19-кылымдын аягында башталып, ХХ кылымда ар тараптуу кеңири изилденген. 1990-жылдардан баштап изилдөө иштерин биздин окумуштуулар чет өлкөдөн келген илимпоздор менен биргеликте жүргүзгөн. Илимдер академиясы менен франциялык илимий институт он жыл бою изилдөө иштерин жүргүзүп, макалаларды жарыялады. 2016-2017-жылдары министрлик атайын мамлекеттик программа иштеп чыгып, экспедиция уюштуруп, тарыхый таштарга инвентаризация жасаганбыз. 1902-жылдан бери ар бир окумуштуу өз пикирин айтып келгени менен ал таштардын так санын эч ким билбейт. Азыр Маданият министрлигинде 10 миңден ашык таштын базасын түзгөнбүз. Каражаттын аздыгынан иш кийинки жылы уланбай калды. Божомолубузда 11-12 миң саймалуу таш бар. Таштардын координаты базага киргендиктен, аны бирөө үйүнө көтөрүп кетсе таап ордуна койдурууга мүмкүнчүлүк бар. Себеби лазердик каражаттар менен жайгашкан ордулары так аныкталган. Акча болсо дагы экспедиция уюштурушубуз керек. Мониторинг жүргүзүүгө да мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз. Мунун баары ЮНЕСКОго киргизүүгө документ. Анткени алар таштардын санын, баалуулугун талап кылат. Азыр картасы да түшүрүлүп жатат. Саймалуу-Таш жайгашкан жер 2002-жылы корукка алынып, мурасты сактап калуу үчүн паркка айланган. 32 миң гектар коруктан Саймалуу-Таштын так аймагын аныктоо үчүн топографиялык карта чийилүүдө. Тарыхый ландшафтты чогуу алганда болжол менен таштар 100 гектардан ашык жерде жайгашкан.
© Sputnik / Асель СыдыковаТаш бетиндеги жазуулар — өзүнчө илим. Атайын таш жазууларын изилдеген, илим жактаган окумуштуулар жок. Болгону археологдор гана илимий макала жарыялай калып жүрүшөт. Таш бетине тартылган сүрөттөр боюнча илим 19-кылымдын аягында башталып, ХХ кылымда ар тараптуу кеңири изилденген.
Главный специалист управления по охране культурного наследия Минкультуры КР Чынарбек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Таш бетиндеги жазуулар — өзүнчө илим. Атайын таш жазууларын изилдеген, илим жактаган окумуштуулар жок. Болгону археологдор гана илимий макала жарыялай калып жүрүшөт. Таш бетине тартылган сүрөттөр боюнча илим 19-кылымдын аягында башталып, ХХ кылымда ар тараптуу кеңири изилденген.
— Саймалуу-Таш бир эле доордун кишилери түшүрүп кеткен сүрөттөр эмес экен да...
— Тогуз-Тородогу Саймалуу-Ташты айта турган болсок, анын жайгашкан орду өзгөчө. Ал деңиз деңгээлинен 3000-3200 миң метр бийиктикте жайгашкан. Ага адам баласы жылына эки ай гана чыга алышы мүмкүн. Үстүн мөңгү басып турат. Ошол кар эриген учур август менен сентябрь айларына туш келет. Айрым окумуштуулар мунун хронологиясы таш доорунан, кээ бирлери неолит доорунан башталарын айтышат. Мындайча айтканда, 4-5 миң жыл мурун тартылган сүрөттөрдөн баштап, орто кылымга чейинки тартылган сүрөттөр камтылган. Ал жерде ата-бабалардын көрүстөндөрү да бар.
— Жергиликтүү тургундар зыянын тийгизбейби?
— Туруктуу иштеген адистер жок болгондуктан бир аз антропогендик факторлор байкалды. Айрымдар таштарды кыдырып жүрүп үстүн басып кетет же мал тебелеп, жаштар да өздөрүнүн атын жазып коюшат. Ошондуктан туруктуу кароолчулар, экскурсоводдор менен камсыздашыбыз керек болууда. Азыр мунун жолдорун издеп жатабыз. Базаны түзүүдө адистердин эмгеги зор. Улуттук илимдер академиясынан Айдай Сулайманова деген эжеке ишке тартылган. Кыргызстандын аймагы Саймалуу-Ташка окшогон аскалуу таштагы эстеликтерге өтө бай. 2009-жылы чыккан китепке өлкөдөгү таш бетиндеги тарыхый жазуулар камтылган жерлердин 84 картасын түзүп чыкканбыз. Таласта да Жалтырак-Таш деген аска таш бетиндеги сүрөттөр бар. Алар ар башка доорду өзүнчө стилде бергени менен айырмаланып турат. Андагы сюжеттер орто кылымдагы гравюра стилинде тартылган. Мындан тышкары, Өзгөндө Суук-Дөбө деген жерде таштарда коло доорунан бери тартылган сүрөттөр бар. Жакынкы жылдары буларды толук инвентаризациядан өткөрүп, жалпы картасын чиебиз.
Изилдене элек тоолор көп. Илимий иштерди толук жүргүзүп турууга муктажбыз. Азыр тарыхый-маданий мурастарды сактап калуу жаатында мамлекеттин колдоосу менен бир катар иштер жасалууда. Президенттин жарлыгынын негизинде беш жылдык программа иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган. Бүгүн 2023-жылдан 2027-жылга чейин "Көөнө тарых сырлары" деген атайын мамлекеттик программа иштелип чыгып, ал беш бөлүмдөн турат. Ага изилдөө иштеринен баштап, популяризациялоо, китеп, журналдарды чыгаруу, конференцияларды уюштурууга чейин камтылган. Буга каражат керек. Финансы министрлиги менен ушул боюнча иштеп жатабыз. Жакынкы аралыкта колдоого алынарына ишенем. Республиканын аймагындагы жалпы тарыхый-маданий мурас объектилерин сактап калуу боюнча ар тараптуу жумуштар жүрүүдө. Санарип доорунда жалпы бирдиктүү базаны камтыган электрондук портал керек. Андан тышкары, тарыхый жайларга реставрация, оңдоо иштерин жасоо зарыл. Бардык тарыхый мурастарыбыз реставрацияга муктаж. Инфраструктурасын да жакшыртуу керек.
© Фото / Влад Ушаков Кыргызстандын аймагы Саймалуу-Ташка окшогон аскалуу таштагы эстеликтерге өтө бай. 2009-жылы чыккан китепке өлкөдөгү таш бетиндеги тарыхый жазуулар камтылган жерлердин 84 картасын түзүп чыкканбыз.
Петроглифы урочища Саймалуу-Таш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Кыргызстандын аймагы Саймалуу-Ташка окшогон аскалуу таштагы эстеликтерге өтө бай. 2009-жылы чыккан китепке өлкөдөгү таш бетиндеги тарыхый жазуулар камтылган жерлердин 84 картасын түзүп чыкканбыз.
— Азыркы археологиялык казуулардын баары Маданият министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдөбү?
— Албетте. Тарыхый-маданий мурастарды сактап калуу максатында акыркы жылдары системалуу иштер жасалып жатат. Быйыл үч жерде археологиялык казуу жүргүзүүгө жетиштик. Биринчиден, Түп — Кеген жолун салууда Маданият министрлигинин сунуштамасы менен алгач археологиялык изилдөөлөр жургүзүлүп, баалуу буюмдар музейге өткөрүлгөн. Токтогул районунда да калктуу конуш түшүүчү аймак казууга алынып, бир катар баалуу мурастар табылды. Булар донорлордун эсебинен ишке ашырылып жатат.
Чаткал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Тарыхы талкаланып, алтыны чыгарылып жаткан Чаткалдын кейиштүү абалы. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0