00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы ачылды: анын мааниси эмнеде?
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда 2026-жылы 17 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Энергетики, недосып, ковид - и другие причины, почему инфаркты стали случаться у молодых
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Поправки к закону об образовании: кто и как сможет лишить вуз лицензии без суда
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда 2026-жылы 17 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды.Украинада Елена Зеленскаяны камакка алууга даярдык жүрүп жатканы айтылууда Жапаров дүйнө лидерлерин БУУда Кыргызстанды колдоого чакырды. Алдыда кененирээк...Садыр Жапаров дүйнө лидерлерин БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырды.Аталган жараян 2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йорк шаарында өтмөкчү. Кыргызстандын лидери дүйнөдө чыңалуу, тирешүү күчөп, согуштар уланып жатканын белгилеп, эл аралык система ар түрдүү мамлекеттердин адилеттүү өкүлчүлүгүнө муктаж болуп турганын баса белгиледи. “Дүйнөдөгү болуп жаткан аскерий чыр-чатактарга үч триллиондон ашык АКШ доллары сарпталууда. Эгерде бул чыгымдар планетаны жашылдандырууга жана айрым өлкөлөрдөгү ачарчылыкты жоюуга сарпталса, анда планетабыз гүлдөгөн бакчага айланмак”, — деди президент. Жапаров Кыргызстан буга чейин Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болбогондугун айтты. Кыргыз Республикасынын талапкерлиги Борбордук Азия мамлекеттеринин бир добуштан колдоосуна ээ экендигин кошумчалады. Шайланган учурда, КР Коопсуздук Кеңештин ишинин майнаптуулугун, ачыктыгын жогорулатууга, глобалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча эл аралык коомчулуктун жамааттык аракеттерине татыктуу салым кошоруна убада берерин айтты.
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон кыргыз президентин Азербайжандын саламаттык сактоо министри Теймур Мусаев баштаган расмий адамдар тосуп алышкан. "Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Баку шаарында өтүп жаткан Шаарлардын дүйнөлүк форумунун (WUF13) 13-сессиясынын ишине катышат", — деп айтылат маалыматта. Өлкөнүн аталган иш-чарага катышуусу жашыл энергетика жана экологияга багытталган шаарларды өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыкка умтулуусун айгинелей турганы белгиленген.
Саякатчы, окумуштуу Николай Пржевальскийдин Ысык-Көлдүн жээгине көмүлгөн жайын Россия чет өлкөдөгү тарыхый мааниси бар көрүстөндөрдүн тизмесине киргизди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Аталган жай Пржевальский менен тилчи, окумуштуу Хусейин Карасаевдин Ысык-Көлдөгү мемориалдык музейинин аймагында жайгашкан. Эске салсак, Пржевальский 1839-жылы 12-апрелде туулган. 1888-жылы 1-ноябрда кыргыз жергесинде көз жуумп, өзүнүн керээзи менен Ысык-Көлдүн аймагына, тагыраагы, азыркы Каракол шаарына жакын жерге коюлган. Окумуштуу Борбор Азияга беш экспедиция уюштурган. Аталган облустун борбору 1992-жылга чейин анын ысымын алып жүргөн.
Украинада Елена Зеленскаяны камакка алууга даярдык жүрүп жатканы айтылууда Бул тууралуу РИА Новости россиялык күч түзүмдөрүндөгү маалымат булактарына таянып кабарлады. Украинанын Улуттук антикоррупциялык бюросу менен Адистештирилген антикоррупциялык прокуратурасында аны камакка алууга негиз боло турган бир топ материал топтолгону белгиленген. Учурда кайсы кылмыш иши биринчи болуп козголору талкууланып жатканы кабарланды. Ошондой эле маалыматта Владимир Зеленский мындан кабардар экени, үй-бүлөсүнүн коопсуздук чараларын күчөткөнү жана Батыштагы өнөктөштөрү менен кеңешип, сүйлөшүп жатканы белгиленген. Маалымат булагынын айтымында, украиналык саясий технологдор Зеленскийге эл алдында расмий ажырашууну сунуштап, медиа мейкиндикте жубайлар 2019-жылдан бери чогуу жашабайт деген версияны жайылтууга кеңеш берип жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0