00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Лето, ночь и бег. О самом необычном забеге в Бишкеке
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көйгөй көп. Кыргызстандын агрардык тармагында кандай реформа күтүлүп жатат?
09:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Сели, паводки и таяние ледников - в КР меняют систему мониторинга климатических рисков
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Данияр Амангелдиев 1-2 жумада күйүүчү май кымбаттай баштаарын айтты Санкциялык тобокелдиктерден улам 50 компаниянын иши токтотулдуКурман айт өтчү күн такталды.Алдыда кененирээк... Курман айт 27-майда өтө турганын муфтият билдирди. Маалыматта андан бир күн мурун арапа болору айтылат. Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгы учурда айт намаз аянтта окулар-окулбасы чечилип жатканын кабарлады. Курман айт — исламдагы эң негизги майрамдардын бири. Ал орозо аяктагандан кийин 70 күндөн соң белгиленет. Бул күнү айт намазы окулуп, курмандык чалынат.
Минкаб башчысынын биринчи орун басары күйүүчү майдын баасы рыноктук деңгээлге жете электигин билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк мунай баасынын өсүшүнө байланыштуу дизелдин баасы 100 сомдон жогору болушу керек эле, бирок бийлик эски запастар менен бааларды кармап келе жатат. Учурда өкмөт бааны кескин көтөрбөш үчүн мунай ташуучулар менен этап-этабы менен кымбаттатуу боюнча иштеп жатат. Ошондой эле мамлекет социалдык себептерден улам айрым чыгымдарды субсидиялап жатканы айтылды. Ошондой эле өкмөт КНСти убактылуу алып салуу же кошумча дотация берүү механизмдерин караштырып, бирок буга кийин баа кайра ордуна келерине ишенгенде гана бармакчы. Учурда КНС күйүүчү майдын литрине 15-16 сом. Эгер ал алынса кайра киргизүү мүмкүн болбой калат. Ошондуктан өкмөт акырындап кымбаттатуу жолун тандаганы айтылды.
Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга катышкан 50 юридикалык жактын ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу министрлик кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай чечим биринчи жолу бир эле учурда кеңири масштабда кабыл алынды. Чара “Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиги жогору операцияларды аныктоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө” жаңы тартиптин алкагында ишке ашырылган. Компаниялардын тизмеси Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле санкциялык режимдин чегинде чектөөлөрдөн качуу фактыларын текшерген башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлгөн. Министрлик бул кадам өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин сактоо жана санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу максатын көздөөрүн белгиледи.
Редактор-баяндамачы Таалайбек Ороскулов бир нече жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн мастер-класс өткөрдү. SputnikPro агартуу долбоорунун алкагындагы иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өттү. Таалайбек Ороскулов журналист кадрда өзүнө гана мүнөздүү баарлашуу стилин калыптандыруу, жеке брендди өнүктүрүү жана кызыктуу түз эфирлерди алып баруу жолдорун айтып берди. SputnikPro — бул медиа тармагындагы эл аралык агартуу долбоору, аны Sputnik демилгелеген. Долбоор журналисттер, пресс-катчылар, блогерлер жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн өткөрүлгөн атайын семинарлар, лекциялар жана мастер-класстар системасын камтыйт. 2018-жылдан бери жолугушуулар 24 өлкөдө өткөрүлдү, ал эми онлайн форматтагы иш-чаралар 80ден ашык өлкөнү камтыды. SputnikPro долбоорунун катышуучуларынын саны 12 700дөн ашты.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 81 тыйынга юань 12 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 20 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.
Аба ырайы19-майга караган түнү Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшемби күнү өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын регионунда +20...+25 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +23...+25, Ош калаасында +26…+28 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0