00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Поправки к закону об образовании: кто и как сможет лишить вуз лицензии без суда
18:11
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Аскердик операция учурундагы Путиндин дүйнөнү таң калтырган экономикалык стратегиясы: РФ экономикасынын туруктуулугунун себеби эмнеде?
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Особый акцент
Двоюродный брат, внебрачный сын и ДНК: юрист о том, кто наследует по закону в КР
20:10
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда 2026-жылы 17 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Камчыбек Ташиевдин иши сотто карала баштады.Шарпка каршы Россия берген 1 млн. вакцина аймактарга таратылды.ЕАЭБде жүк ташуучу унаалар үчүн бирдиктүү талаптар күчүнө кирди. Алдыда кененирээк...17-майдан тарта ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн евразиялык транспорттук коридорлорунда жүрүүчү жүк ташуучу унаалар үчүн бирдиктүү салмактык жана габариттик талаптар күчүнө кирди.Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев, "Мындайча айтканда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги 14 миң чакырымдан ашуун унаа жолдорунун технологиялык биримдиги камсыздалууда. Буга чейин салмактык жана габариттик талаптардын айырмачылыгынан улам ташуучулар жүктү оптималдуу көлөмдө жүктөөдөн баш тартууга аргасыз болушкан. Эми бизнес өкүлдөрү товар партияларын бөлбөстөн жана жүктүн бир бөлүгүн башка транспорт каражатына которбостон евразиялык транспорттук коридорлор аркылуу жүк ташууну ишке ашыра алышат", - деп билдирди. Макулдашуу ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды азайтып, жалпы транспорттук кызмат көрсөтүү рыногун түзүүгө шарт түзөт.
Камчыбек Ташиевдин иши сотто карала баштады.Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети боюнча алдын ала соттук угуу башталды. Айыпталуучулардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана башкалар бар. Ташиев сот отурумуна келген жок. Журналисттер жана айыпталуучулардын туугандары сот залына киргизилген эмес. Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура Ташиевге карата кылмыш иши боюнча айыптоо актын бекиткен. Ал "бийликти күч менен басып алууга даярданган" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп күнөөлөнүүдө.
Шарп ылаңына каршы Россиядан алып келинген 1 миллион доза вакцина аймактарга таратылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Дары акысыз берилип, ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн гана төлөм алынат. Күзгө чейин дагы 3,5 миллион доза вакцина келерин айтышты. Эске салсак, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков апрелдин башында Россиянын Владимир шаарына болгон иш сапарынын алкагында Жаныбарларды коргоо боюнча россиялык илим-изилдөө институту менен келишим түзгөн. Анын алкагында Кыргызстан мал-жанды эмдөөгө Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алуу сүйлөшүлгөн.
Ирандын айланасындагы жаңжалдан улам дүйнө энергетикалык кризистин кооптуу баскычына бара жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы билдирген. Жай мезгили жакындап, электр энергиясына, кондиционерлерге жана туристтик ташууларга болгон суроо-талап өсүп жаткандыктан кырдаал ого бетер курчушу мүмкүн. Газетанын маалыматына ылайык, дүйнөдөгү 80ге жакын өлкө өз экономикасын коргоо үчүн шашылыш чараларды көрүп жатат. "Жер шарынын түндүк ыптасында жайдын башталышы менен кондиционерлерге болгон суроо-талаптын өсүшү, туристтердин көбөйүшү чийки мунайдын, бензиндин, дизелдик жана авиациялык күйүүчү майдын корунун тартыштыгын күчөтөт", — деп жазган басылма. Aberdeen компаниясынын активдерди башкаруучу башкы экономисти Пол Диггл аналитиктер Brent маркасындагы чийки мунайдын баасы баррелине 180 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн болгон сценарийди карап жатышканын белгиледи. Ал мындай кескин өсүш инфляцияны тездетип, Европа жана Азиянын айрым өлкөлөрүндө экономикалык рецессияга алып келиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0