Кыргызстандын аскердик авиациясына 64 жыл толду. Сүрөт баян
Кыргызстандын аскердик авиациясына 64 жыл толду. Сүрөт баян
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик авиациясында кызмат кылгандардын кесиптик майрамы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги республиканы абадан... 18.08.2023, Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ССРинин аскердик авиациясына Улуу Ата Мекен согуш маалында чыйыр салынып, Фрунзеде Одессадан көчүрүлүп келген авиациялык мектеп иштеген. Ал окуу жай фронтко учкучтарды даярдачу. Жеңиштен кийин СССРдин Абадан коргонуу күчтөрүнүн Фрунзе аскердик-авиациялык окуу жайы делип, авиациялык кадрларды өстүргөн. Ал эми 1959-жылы 18-августта Кыргыз ССРиндеги №23 565 аскер бөлүгүнүн базасында авиациялык окуу полку түзүлүп, ал жактан миңдеген учкуч, авиатехник жана башка адистер чыккан.Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин аскердик авиация республиканын Куралдуу күчтөрүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланып, адам өмүрүн алган Баткен окуясына, жаратылыш кырсыктарындагы куткаруу иштерине, эл аралык машыгууларга жигердүү катышып келет.По теме:— История авиаучилища во Фрунзе-1, которому 60 лет — архивные фото— ГЭС, аэропорт, театр, шаар салган ата мекендик куруучулар. Архивдик ирмемдер— Эгемен Кыргызстандын эр жүрөк армиясы. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө 31 жыл толду
Бүгүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик авиациясында кызмат кылгандардын кесиптик майрамы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги республиканы абадан коргогон жоокерлердин сейрек сүрөттөрүн сунуштайт.
Кыргыз ССРинин аскердик авиациясына Улуу Ата Мекен согуш маалында чыйыр салынып, Фрунзеде Одессадан көчүрүлүп келген авиациялык мектеп иштеген. Ал окуу жай фронтко учкучтарды даярдачу. Жеңиштен кийин СССРдин Абадан коргонуу күчтөрүнүн Фрунзе аскердик-авиациялык окуу жайы делип, авиациялык кадрларды өстүргөн. Ал эми 1959-жылы 18-августта Кыргыз ССРиндеги №23 565 аскер бөлүгүнүн базасында авиациялык окуу полку түзүлүп, ал жактан миңдеген учкуч, авиатехник жана башка адистер чыккан.
Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин аскердик авиация республиканын Куралдуу күчтөрүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланып, адам өмүрүн алган Баткен окуясына, жаратылыш кырсыктарындагы куткаруу иштерине, эл аралык машыгууларга жигердүү катышып келет.
Кыргыздын алгачкы аскердик учкучу Абдували Курбаналиев (оң жакта экинчи турат) Кисловодск шаарында. Согуш маалында ал Фрунзе шаарында учкучтарды тарбиялаган.
Кыргыздын алгачкы аскердик учкучу Абдували Курбаналиев (оң жакта экинчи турат) Кисловодск шаарында. Согуш маалында ал Фрунзе шаарында учкучтарды тарбиялаган.