Айрым жарандарга 70 миң сом төлөп аскердик билет алууга уруксат берилди

© Sputnik / Алексей МальгавкоАскердик билет. Архивдик сүрөт
Аскердик билет. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
Бул кызматты өтөгөндөргө "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров айрым жарандарга 70 миң сом төлөп аскердик билет алууга уруксат берген мыйзамга кол койду.
Документ “Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” деп аталат. Ал 21-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган демилге ден соолугуна байланыштуу аскерге барбай калган жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу каралган.

"Ден соолугуна байланыштуу кандайдыр бир чектөөлөрү бар адамдар аскердик кызматка чакырылбай же аскердик билет ала албай жатат. Коррупциялык көрүнүштөргө жол бербестен жарандардын аскердик кызматын өтөөгө болгон конституциялык милдеттерин ишке ашыруу зарыл. Мындай максатта жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу, запастагы офицерлерди даярдоо программасы зарыл", — деп сунуштаган Коргоо министрлиги.

Мындай кызматка жогорку билими бар, 30 жашка чейинки адамдар кабыл алынат. Алардын саны жылына 200дүн тегерегинде болору болжолдонууда.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындары бүткөндө офицердик курамдын запас боюнча "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат.
Программанын убактысы 30 күн, ал үчүн 70 миң сом төлөө талап кылынат. Бул каражаттын 49 507 сому республикалык бюджетке которулса, 20 493 сому аскерлердин муктаждарына жумшалат.
"Эгерде ушул ченем кабыл алынса бир жылда даярдалуучу офицердик курамдын аскердик-окутулган резервинин саны көбөйөт. Ушул категориядагы жарандарды резервдик түзүлүштөрдүн командалык курамын комплекттөө үчүн орукту камсыздоо бөлүктөрүнө дайындоону пландаштырууга болот", — деп жазылган Жогорку Кеңешке киргизилген долбоордо.
Мындай программанын алкагында жылына 14 миллион сом түшөрү болжолдонгон.
Жүрүш учурунда аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Кыргызстанда аскердик кызмат өтөөнүн жана келишимдин мөөнөтү узартылды
Жаңылыктар түрмөгү
0