Элчи: АКШ Кавказдагы кырдаалды курчутууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов. Архив
Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
Грузия 2008-жылдын 8-августуна караган түнү "Град" залптык ок тутумунан Түштүк Осетияга ок чыгарып, аскерлер чабуул коюп, борбор калаа Цхинвалдын бир бөлүгү кыйроого учураган.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. АКШ Тбилиси, Сухум жана Цхинвалдын ортосундагы күч колдонбоо тууралуу келишимди илгерилетүүнүн ордуна Абхазия менен Түштүк Осетиянын айланасындагы кырдаалды курчутууда. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгер администрация аймакта тынчтык болушун чындап кааласа, анда Россияны күнөөлөөдөн, санкция менен коркутуудан баш тартышы керек. Москва менен Тбилисинин ортосунда жаңыдан калыбына келип жаткан мамилени бузуучу кадамдардан алыс болгону жакшы. Закаваказьедеги коопсуздук жана туруктуулук боюнча Эл аралык Женева дискуссиясынын алкагындагы иштерге басым жасоо зарыл. Кырдаалды курчутпай биринчи кезекте Тбилисинин Сухум жана Цхинвал менен күч колдонбоо боюнча келишим түзүүсүнө өбөлгө болуу шарт", — деген Антонов.
Анын айтымында, АКШ 2008-жылдагы окуянын жоопкерчилигин башкага оодарып, атайылап баарын адаштырып жатат. Чындыгында ал окуяларга Грузиянын ошол кездеги президенти Михаил Саакашвили айыптуу. "Дал ошол кишинин кылмыштуу буйругу менен Түштүк Осетияга каршы толук кандуу согуш башталган", — деди элчи.
"Вашингтон мындай адагерчиликсиз чечим АКШнын туура эмес саясатынын натыйжасы болгонун мойнуна алышы керек. Саакашвилини бийликке Батыш алып келип, андан кийин катуу колдоп келген. Ушу кезге чейин анын кызыкчылыгын коргоп жатат, буга америкалык Юстиция министрлигинин кечээ жакындагы кадамы далил", — деди дипломат.
Эскерте кетсек, Грузия 2008-жылдын 8-августуна караган түнү "Град" залптык ок тутумунан Түштүк Осетияга ок чыгарып, аскерлер чабуул коюп, борбор калаа Цхинвалдын бир бөлүгүн кыйратып салышкан. Түштүк Осетия элин коргоого алган Россия республикага өз күчүн киргизип, беш күндөн кийин грузин аскерлерин сүрүп чыгарган. Москва ошол эле жылдын 26-августунда Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таанып, кайра кароого жатпай турган факт катары кабыл алган. Ал эми Грузия эки республиканын суверенитетин таануудан баш тартып, ушу кезге чейин өз региону катары санап келет.
Карабахтагы Талыш айылында илинген Азербайжандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2023
Пашинян Карабахты Азербайжандын аймагы деп таанууга даяр экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0