Миң-Куштагы "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайын рекультивациялоо башталды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЖумгал районуна караштуу Миң-Куш айылындагы "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайы. Архивдик сүрөт
Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылындагы Туюк-Суу калдык сактоочу жайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
Адистердин маалыматы боюнча, Миң-Куштагы уран калдыгы сакталган жайлардын ылдый жагында жер көчүшү мүмкүн. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкөмерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бүгүн, 1-августта, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Процесске президент Садыр Жапаров видеобайланыш режиминде көз салып турган. Тактап айтканда, ал автотранспорт менен жүк ташууну уюштуруу процессин жана эрежелердин сакталышын карап турганы белгиленди.
Эскерте кетсек, Миң-Кушта "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее" деп аталган төрт калдык сактоочу жай бар. Маалыматта КМШ аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн 2013-жылдан тартып "ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык программасы ишке ашырылып жатканы айтылат.
Аталган программанын алкагында Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын ӨКМи менен биргеликте калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иш алып барууда.
"2019-жылы Кажы-Сай айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо аяктады, бүгүнкү күндө иштер толугу менен бүткөрүлдү жана участок радиациялык-коопсуз абалга келтирилди. Бүгүнкү күндө "Как" объектисинде рекультивациялык иштер жүргүзүлдү, калдык сактоочу жай коргоочу катмар менен жабылган жана азыр ага эч кандай коркунуч жок, ал эми "Талды-Булак" "Дальнее" калдык сактоочу жайына көчүрүлүп жатат, бул иш 2023-жылдын күз айларында бүткөрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Адистердин маалыматы боюнча, Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайлардын ылдый жагындагы жер көчүшү мүмкүн. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкөмерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жай бузулуп, суу капташы ыктымал.
"Ушул жылдын 13-июлунда Садыр Жапаров Миң-Куштун эли менен жолугуп, радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу, керектен чыгаруу жана жоюу, ташуу учурундагы коопсуздук боюнча тынчсызданууларын уккан. Мамлекет башчысы бул объектидеги радиациялык фондун деңгээли нормадан ашып кетсе, рекультивация токтотуларын белгилеген. Жапаров уран калдыктарын эвакуациялоо иштери рекультивациялоонун колдонуудагы эрежелеринин жана эл аралык талаптарынын чегинде гана жүргүзүлөрүн баса белгиледи. Ошону менен бирге объектилерде бардык санитардык нормалар жана техникалык коопсуздук эрежелери сөзсүз сакталарын убадалаган. Миң-Куштун тургундарынын басымдуу бөлүгү рекультивация иштеринин башталышына макулдугун билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Ушуга байланыштуу бүгүн, 1-августта, калдыктарды "Туюк-Суудан" "Дальнее" калдык сактоочу жайына которуу боюнча иштер башталды. Жергиликтүү тургундардын катышуусунда тийиштүү адистер фуранын радиоактивдүүлүгүн өлчөшүп, ал жол берилген радиациялык фондон ашпагандыгын көрсөттү.
Радиациялык коопсуздугун камсыздоо үчүн калдыктарды сактоочу жайларды эвакуациялоо жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын жана пикирлерин эске алуу менен жүргүзүлгөнү белгиленди.
Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан көчмө жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Бишкек мэри: таштанды иштеткен заводду куруу сентябрдын соңунда башталат
Жаңылыктар түрмөгү
0