Бишкекте заманбап Перинаталдык борбор курулду. Эми Ош менен Таласка да салынат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевБишкекте заманбап Перинаталдык борбор курулду
Бишкекте заманбап Перинаталдык борбор курулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
Жазылуу
Бардык шарт менен камсыздалган ооруканада 100дөн ашуун бейтапка орун ылайыкталган.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул мекеме жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылары белгиленди.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
1/2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул мекеме жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылары белгиленди

Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул мекеме жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылары белгиленди - Sputnik Кыргызстан
2/2

Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул мекеме жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылары белгиленди

1/2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты

2/2

Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул мекеме жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылары белгиленди

Перинаталдык борбордо кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт. Анда 100дөн ашуун бейтапка орун каралган.
Оорукананын курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин ишке берилери айтылды.
Өкмөт башчы медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мындай Перинаталдык борборлор Ош жана Талас облустарында дагы куруларын билдирген. Жапаровдун айтымында, заманбап перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, андагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири.
Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мирлан Молдобасаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Радио
Быйыл Бишкекте 23 социалдык объект ишке берилет
Жаңылыктар түрмөгү
0