00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Утро хорошего дня
"Сдай кровь – спаси жизнь" - почему благотворительность важна для каждого из нас?
06:03
41 мин
Күн башат
Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун форуму Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында өтүүдө
07:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Подростковые проблемы через призму искусства - как говорить о сложном?
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Калк жашоосун чагылдырган салттуу музыка – Эл ичинен талант издеген сынак
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Женщины в бизнесе Кыргызстана: равные права или двойные барьеры?
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
13:04
25 мин
Күн башат
Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Бөрү зынданды" тартуу учурундагы эс алуу. Болот Шамшиевдин таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik / Александр Федоров
Колуна уктап калган уулу Чыңгызды алып отурган атактуу режиссёр Болот Шамшиев, анын оң жагында белгилүү актриса Айтурган Темирова жана бери жакта аларды карап турган таланттуу кинооператор Манас Мусаевдин сүрөтү 1983-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын четиндеги Таш-Мойнок айылында тартылган.
Ал жылы СССРдин эл артисти Болот Шамшиев казакстандык Эркен Абишев экөө чыныгы окуялардын негизинде сценарий жазып, "Бөрү зындан" тасмасын тартууга киришкен.
Ошол кезеңди режиссёрдун уулу Чыңгыз Шамшиев мындайча эскерет:
"Ата-энебиз бизди тасма тартуу иштерине, аймактарга командировкага ала жүрчү. Мен "Бөрү зындандагы" башкы каармандын баласынын ролун аткарганда төрт жашта болчумун. Талгат Нигматулин Саматтын, анын келинчеги Ажардын ролун апам Айтурган Темирова аткарган. Мен экөөнүн уулунун образын жараткам. Тасмада бир короого кирип чыккан эпизод бар, ошону 40 жолу ары-бери басып аткарып даярданганым такыр эсимден кетпейт. Кичинекей болгондуктан аябай чарчап бутум баспай калган, аны талапты катуу койгон атама айткандан коркчумун. Атам менин аткаруумду жактырып, ыраазы болгонго чейин айрым эпизоддорду кайра-кайра кайталачубуз. Ал киши ар бир кыймыл, майда-баратка чейин катуу көңүл бурчу. Кийин Москвага үн жаздырганы барганда да атам текст окуганымды жактырбай үч саат бою даярдап, аягында чыдабай ыйлап жибергем. Үн режиссёр "Болот, болду, баланы кыйнабай кичине эс алдырчы" дегени эсимде", — деди Шамшиев.
Эки сериялуу криминалдык драмага Кенебай Кожабеков, Айтурган Темирова, Талгат Нигматулин, Сүймөнкул Чокморов, Жоробек Аралбаев, Николай Крюков, Александр Милютин, Мурат Мамбетов, Орозбек Кутманалиев, Виктор Мирошниченко, Тохтахун Бахтыбаев, Анатолий Плюто, Венера Нигматулина, Бекин Сейдакматов, Сабира Күмүшалиева, Муса Дудаев, Жалил Абдыкадыров, Гүлнара Чокубаева, Искендер Рыскулов, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев тартылган.
Эске сала кетсек, апийим сатып иштеген топтун кылмыштарын, СССРде жайылып бара жаткан баңгилик, деградация болуп бара жаткан коомду чагылдырган кинокартинаны көрүүчүлөр жакшы кабыл алган. Кинофильмди 21 миллиондон ашык адам көрүп, ал эмгек мамлекеттик казынага 100 миллион доллар алып келген.
Тема боюнча:
Али Хамраев менен иштешип "дезертир" болгон Бейшеналиев. Таберик сүрөт
Бурананы кыйроодон сактаган археолог, куруучулар. 50 жыл мурунку таберик сүрөт
"Саманчынын жолу" балетин сахнага алып чыккан театр ишмерлери. Таберик сүрөт
Кыргызстандан 400 киши барып, Кремлде өнөрүн тартуулаган. Декададагы таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0