00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:57
2 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бурананы кыйроодон сактаган археолог, куруучулар. 50 жыл мурунку таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik /Э. Вильчинский
Чүй облусундагы Бурана мунарасынын жанында казуу иштерин жүргүзгөн археологдордун сүрөтү 1970-жылдардын башында тартылган.
Ал жылдары тарыхый-архитектуралык комплекстин тегерегинде археологдор иштеп, архитекторлор кыйроо алдында турган мунараны калыбына келтирүүгө аракет кылган.
Ардагер археолог Любовь Ведутова ал мезгилди мындайча эскерет:
"Бул сүрөт эски болгондуктан андагы кесиптештеримди тааный алган жокмун. Бирок ошол жылдары белгилүү окумуштуу Дмитрий Винниктин жетектөөсү менен казуу иштери жүрүп, ага Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тарых институтунун кызматкерлери катышкан. Алар мунаранын айланасындагы жерди казып көп нерсе деле табышкан эмес, көбүнчө маркумдар көмүлгөн эски күмбөздөрдү, адам сөөктөрүн, курулуш материалдарын, темир-тезектерди кездештирген. Анткени Кыргызстандын аймагындагы эски шаар, шаарчалар ар бир 25 чакырымда негизделип, жүк ташыган кербендер үчүн ылайыкталган. Андай калктуу конуштар негизинен булактардын жанына салынган. Булак чыккан жакта жер алдындагы суулар көп болгондуктан бийик имараттардын пайдубалы өзгөчө ыкма менен курулгандыгы аныкталган. Кийин археологдор ишин аяктаган соң архитекторлор келип реставрациялоону баштаган. Ал кезде Бурана кулайын деп эле араң турган, жергиликтүү тургундар кышын чыгарып ташып кетишкен болчу. Эгер ата мекендик окумуштуулар, куруучулар ошол маалда тиешелүү чара көрбөгөндө мунара кулап калмак, кулаган нерсени эч ким кайра тургузмак эмес. Менимче, Бурана мунарасы Борбор Азияда эң биринчилерден болуп реставрацияланган тарыхый-архитектуралык имараттардын бири", — деди Ведутова.
Бурана мунарасы XI кылымдын башында караханиддердин маалында курулуп, ага ошол замандагы мыкты куруучулар, сүрөтчүлөр чакырылган. Илимпоздор аны XIX-XX кылымдары изилдеп казуу иштерин жүргүзгөн. Эске сала кетсек, Бурана мунарасы 2014-жылы ЮНЕСКОнун материалдык мурастар тизмесине кирип, өзгөчө коргоодо.
Тема боюнча:
"Саманчынын жолу" балетин сахнага алып чыккан театр ишмерлери. Таберик сүрөт
Кыргызстандан 400 киши барып, Кремлде өнөрүн тартуулаган. Декададагы таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0