Кыргызстандан 400 киши барып, Кремлде өнөрүн тартуулаган. Декададагы таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Солдон оңду көздөй турган Опера жана балет театрынын солисти Анвар Куттубаева, атактуу опера ырчысы Сайра Кийизбаева жана дирижёр Шейше Орозовдун сүрөтү 1939-жылы Москва шаарында тартылган.
Чыгармачыл инсандар СССРдин борборуна Кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасынын алкагында "Ажал ордунда", "Алтын кыз" музыкалык драмасын коюп кесиптештери менен барган эле.
Ал кезди СССРдин эл артисти, белгилүү дирижёр Асанкан Жумакматов өзүнүн автобиографиялык чыгармасында минтип эскерген:
"Декаданын ар бир катышуучусуна 2000 рублден берген, ал маалда андай акча биз үчүн аябай чоң тыйын болчу. Бизди Кремлге мейманга чакырып, ал жактан да концерт койгонбуз. Декададан кийин биз Крымга, Кавказга гастролдоп искусство жаатында чоң тажрыйба алмашканбыз. Сүрөттөгү Анвар Куттубаеванын кыргыз театрынын өнүгүүсүнө кошкон салымы, эмгеги өз убагында бааланбай калды. Жулкунбаган, оор басырыктуу актриса өзүнө эч нерсе сурачу эмес. Сыйлык, наам алуу үчүн сахнада гана эмес, башка жактарда өзүн көрсөтүү керек экенин билчү деле эмес. Өтө сыпайы эле, бул дүйнөдөн эрте кете берди. Сайра Кийизбаева болсо далай ийгиликтерди багындырып, сахнада көптөгөн образдарды жаратты. Таланттуу опера ырчысы менен театрда бирге иштешип, мен дирижёр, ал солист болуп ортобузда өйдө-ылдый учурлар болуп турган. Бирок ага карабай мен аны кыргыз театрынын, искусствосунун өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошкон залкар актриса деп эсептечүмүн. Ал театрда Каныкей, Айчүрөк, Татьяна, Баттерфляй өңдүү бир топ образдарды ойноду. Сахнадан кеткенден кийин мугалимдикти аркалап бир топ шакирттерди тарбиялады", — деп жазган Жумакматов.
Ал эми Шейше Орозов кыргыздардын арасынан чыккан алгачкы дирижёрлордун бири эле. Маэстро биринчи музыкалык драмалардын жазылышына жигердүү катышкан.
Эске сала кетсек, ал декадага кыргызстандык сүрөтчү, манасчы, төкмө акын, аткаруучулар, студенттер, мектеп окуучулары болуп 400дөй маданият өкүлү катышкан. Ири иш-чара Абдылас Малдыбаев, Владимир Власов жана Владимир Ференин "Айчүрөк" операсы менен ачылып, "Ажал ордунда", "Алтын кыз" музыкалык драмасы көрүүчүлөргө сунушталган. Соңунда композитор Абдылас Малдыбаев СССРдин эл артисти наамын алып, 70тен ашык маданият кызматкерине жогорку мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган.
По теме:
Кыргыз кино жана театрынын корифейлери. Үч залкардын таберик сүрөтү
СССРде тартылган эң акыркы кыргыз тасмасы. "Тобокелдеги" таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0