5-июлга карата аба ырайы

© AFP / CHANDAN KHANNAЖамгыр учурунда кол чатыр кармаган адам. Архив
Жамгыр учурунда кол чатыр кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
6-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Шаршембиде көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл чөлкөмүндө +23...+28 жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ош калаасында +34...+36, Чолпон-Ата шаарында +21...+23 градус болот.
“Орто-Алыш” суу топтоочу жайын кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Быйыл суу чарба объектилерин оңдоого канча акча кетти? Расмий жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0