Быйыл суу чарба объектилерин оңдоого канча акча кетти? Расмий жооп

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР“Орто-Алыш” суу топтоочу жайын кызматкери
“Орто-Алыш” суу топтоочу жайын кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
Күн ысый баштагандан бери суу көйгөйү күч алды.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Быйыл өлкө боюнча суу чарба объектилеринде оңдоп-түзөө жумуштарын жасоого канча каражат сарпталганын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бул максатта 2023-жылга баштапкы сметада 962,1 миллион сом каралып, 30-июнга чейин анын 462,1 миллиону бөлүндү.
Бул каражатка кандай иштер жасалды:
524,7 чакырымдык чарба аралык каналдарды оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо;
529 гидротехникалык курулмаларды, 193 суу өлчөөчү постторду, 5 суткалык жөнгө салуучу бассейндерди тазалоо;
88 насостук станцияны, 151 насостук агрегатты оӊдоо;
11 насостук агрегатты жаӊылоо;
74,2 чакырым коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо.
Эске салсак, быйыл күн ысый баштагандан тарта суу көйгөйү күч алды. Учурда Бишкектин тегерегиндеги айрым жерлерге суу маал-маалы менен гана берилүүдө.
Талаадагы дыйкан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Өлкөдө сугат суу көйгөйү курч, күздө түшүм эмне болот? Талдоо
Жаңылыктар түрмөгү
0