Акын Гүлжамила Шакирова дүйнөдөн кайтты

© Фото / МО ТурксойБелгилүү акын Гүлжамила Шакирова. Архив
Белгилүү акын Гүлжамила Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Жазылуу
Шакирова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Белгилүү акын Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Кабарды маркумдун жакындары тастыктады.
Алардын айтымында, 68 жаштагы акын астма оорусу менен жабыркап жүргөн.
Гүлжамила Шакирова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык "Кыргыз тили" коомунун "Эне тил" гезитинде кабарчы, 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясында радионун "Казына" чыгармачылык бирикмесинде "Нуска" аттуу автордук программасын, "Дил жаңырыгы" программаларын эфирге даярдап, алып барчу.
1987-жылы "Сапардагы каркыра" деген алгачкы ыр китепчеси жарык көргөн.
1991-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзу жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр союзуна мүчө болгон.
Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров 51 жашында көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0