00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Советтик пилоттор 63 сааттан ашык тынбай учуп, АКШга конгон. Тарыхый видео

Жазылуу
Мындан 86 жыл мурда 1937-жылы жайында советтик учкучтар СССРдин аймагынан чыгып, Түндүк уюл аркылуу АКШга жолдо эч жерге токтобой, конбой 63 саат 16 минутада жеткен. Бул түшүнгөн, билген кишиге тоодой кайратмандыкты, эрдикти жана конструктордук чеберчиликти даңазалаган.
Британиялык Flight International авиакосмостук журналы 1937-жылдын 26-июнунда төмөнкүдөй саптар жазылган макала жарыялаган.
"Бир катар чөйрөлөрдө Россиянын самолётторун конструкциялоо жана куруу аракеттерин басмырлоо модага айлана баштады. Москвадан Орегонго учуп келиш бул өлкөдө учакты кыйын шарттарда айдай ала турган пилоттор менен штурмандардын бар экенин, узак убакытка чейин иштей турган кыймылдаткычтарды чыгарууга жөндөмүү экендигин көрсөттү", — деп айтылган анда.
1937-жылдагы бул эрдик жалпы СССРдин авиациясынын мыкты көрсөткүчү болду. Экипажды Валерий Чкалов жетектесе, экинчи учкуч — Георгий Байдуков, штурман — Александр Беляков эле. Намысты авиаконструктор Андрей Туполевдун АНТ-25 атайын учагы коргогон.
Алар 1937-жылдын 18-июнунда Щелково азыркы Чкалов аэродромунан абага көтөрүлүшкөн. Жолдун азабы бир топ эле болгон, аба кеменин сыртына муз тоңуп, кычкылтек жетишсиздигинен кыйналышкан. Эртеси, 19-июнда, учак Түндүк уюлга жеткен, ал эми эртеси АКШдагы Ванкувердин аймагына конгон. Советтик учкучтар асманда 63 саат 16 минута жүрүп, 9 130 чакырымды учуп өтүшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0