Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усеналиев: Штефан Тарковичтин иши Азия кубогунан кийин билинет

© Sputnik / Асылбек БактыбековКТРК Спорт телеканалынын комментатору, эксперт Бексултан Усеналиев
КТРК Спорт телеканалынын комментатору, эксперт Бексултан Усеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Жазылуу
КТРК Спорт телеканалынын комментатору, эксперт Бексултан Усеналиев футбол күйөрмандарынын маданияты эми гана калыптана баштаганын айтты.
Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучулугуна словакиялык Штефан Тарковичтин дайындалганы футболчуларга дем берет. Анткени анын тажрыйбасы курама команданын оюнун жаңы деңгээлге көтөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Усеналиев: Штефан Тарковичтин иши Азия кубогунан кийин билинет
Анын айтымында, машыктыруучу Штефан Тарковичтин иши Азия кубогунан кийин билинет.
"Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучулугуна словакиялык Штефан Тарковичтин дайындалганы футболчуларга дем берет. Анткени анын тажрыйбасы кураманын оюнун жаңы деңгээлге көтөрүшү мүмкүн. Буга чейинки Александр Крестининдин ишине да оң баа берилгени туура болот. Кийинки жылдын башында футбол боюнча Азия кубогу өтөт. Тарковичтин иши ошол чемпионатта билинет. Мындан тышкары, футбол күйөрмандарынын маданияты эми гана калыптана баштады. Бирок күйөрмандар стадионго театрга баргандай келишет", — деди Усеналиев.
Ошондой эле адис Азия кубогунда курама команда кайрадан буга чейинки эң жакшы жыйынтыгын кайталай ала тургандыгын божомолдогонун кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, 16-июнда, Бишкекте CAFA Nations Cup-2023 Борбордук Азия турниринин тайпалык баскычынын алкагында Кыргызстан — Иран беттеши өттү. Иран командасы "ак шумкарларды" 5:1 эсебинде жеңип, турнирдин финалына чыкты. Эми Кыргызстандын курама командасы коло үчүн күрөшөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0